Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Аэропортто кармалгандардын төртөө беш суткага камалды


Текебаевди тосуп алууга барып, аэропортто кармалган 10 адамдын төртөө 5 суткага камалды. Төртөө эки суткага, бир киши бир суткага камалды. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттык” үналгысына билдиргендей, бир адам эскертүү алып бошотулду.

Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарган. Алар "милицияга баш ийбегени үчүн" административдик жоопкерчиликке тартылган.

Бүгүн таңда "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү партия лидери Өмүрбек Текебаевди тосуп алуу үчүн "Манас" аба бекетине барганда Сокулук районунун милициясы кармап, алып кеткен.

Жалпысынан 14 адам райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Арасында журналисттер да болгон. Алар кийин бошотулган.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда. (SE)

XS
SM
MD
LG