Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында чуулгандуу “Азия Универсал банктан” чыгарылып кеткен акчанын 1,6 миллиард сому Социалдык коргоо, 900 миллион сому мурдагы Өнүктүрүү коруна караштуу экени алгач ирет айтылды.

Мурда убактылуу өкмөт “Азия Универсал банктан” жалпысынан 172 миллион доллар чыгарылып кеткендигин жарыяланганы менен ал каражаттын канчасы мамлекеттики экендигин так айткан эмес.

“Азаттык” үналгысы түшүндүрмө берүүнү өтүнүп, убактылуу өкмөттө каржы министринин милдетин аткарган Темир Сариевге кайрылды.

Темир Сариев:
Биз 8-апрелде банкты жаптыргандан кийин, ошол күнү кечинде Улуттук банктын адамдары кодду ачып киришти. Ошондо биз 172 миллион долларды которуп жиберишкени жөнүндө дароо эле айтып чыкканбыз. Бул каражаттар банктын эсебинен кеткен. Ал эми банктын миңдеген кардарлары бар да, которулуп кеткени кимдин акчасы экенин тактап билиш үчүн убакыт керек болчу. Бирок ошол эле учурда мамлекеттин бюджети, казынасы толугу менен "Азия Универсал банкында" тейленчү. Мындан башка Социалдык кордун акчасынын баары тең "Азия Универсал банкында" болчу.

Банкты булар "чөнтөк банк" кылып алышкан да, мамлекеттин акчасынын бардыгын өздөрү тейлеп калышкан. Ар бир юридикалык жактардын эсептерин текшерүүгө бир күндө мүмкүн эмес, ал жерде миңдеген кардарлар бар, алар күндө өз операцияларын жүргүзүшөт. Ошон үчүн биз жалпысынан 172 миллион доллар (бүгүнкү алмашуу курсу менен 8 миллиард сомдун тегерегинде - ред.) кеткен деп билдиргенбиз, ошонун ичинде Өнүктүрүү корунун да, Социалдык кордун да акчасы бар болчу. Миңдеген кишилердин эсеби болгондуктан баарын карап, иликтеп чыгыш керек да кайсы эсептен кеткенин. Банктын корреспонденттик эсебинен кеткен акчаларды Улуттук банк айткан, биз ошону гана айтканбыз.

“Азаттык”: Кеткени кетиптир, эми ал каражаттарды кайтаруунун кандай жолу бар? Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосо эле жетиштүүбү? Улуттук банктын төрайымы бардык материалдар Башкы прокуратурага берилгенин айтты.

Темир Сариев: Кылмыш ишин козгоп, Максим Бакиев менен Наделди (Михаил Надел - “Азия Универсал банктын” директорлор кеңешинин төрагасы жана ээси - ред.) алып келиш керек. Аларды, анан акчаларын кайра алып келип салдырыш керек. Бул боюнча тергөө органдары, Улуттук банк катуу иштөөсү керек.

“Азаттык”: Чыгарылып кеткен 172 миллиондун ичинде банк ээлеринин өздөрүнүн да каражаты болгонбу?

Темир Сариев: Балким кандайдыр бир бөлүгү алардын акчасы, кандайдыр бир бөлүмү кээ бир фирмалардын акчасы, Гуревичтин ( Евгений Гуревич – президент Бакиевдин тушунда Өнүктүрүү корунун кеңешчиси деп жарыяланган MGN компаниясынын башчысы) фирмасы бар болчу, ошолордун акчасы.

“Азаттык”: Бирок кийин сиздер “Азия Универсал банктан” Өнүктүрүү корунун акчасын толугу менен бюджетке алдыңыздарбы?

Темир Сариев: 8-апрелде (2010-жылы) банкты жапкандан кийин биз Социалдык кордун, казыналыктын эсептеринин баарын Эсептөө - сактык компаниясына (РСКга) котордук. “Азия Универсал” жабылып, анда эч кандай операция жүрбөй калды. Изилдеп келгенде кагаз түрүндө акчалар бар, ал эми эсепте акчалар жок болуп чыкпадыбы. Булар аферисттер болгон, афера кылган, баланста көрсөтүп койгон акча турат деп, бирок ошол акчаны булар баалуу кагазга салып, Орусиянын же дүйнөлүк биржаларда ойношкон, өздөрүнө ишканаларды, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алышкан. Булар аферисттер болгон.

“Азаттык”: Демек алдыда айтылган 172 миллион 7-апрелге чейин эле кетип, топтолгон акчабы же бир эле күндө чыгарылганбы?

Темир Сариев: Жок, бул 7-апрелде чыгарылган. 7-апрелде бул жерде эл өлүп атканда алар банктан акчаларын которушкан.

“Азаттык”: “Азия Универсал банк” банкрот деп табылгандан кийин Улуттук банк анын ордуна "Залкар" деген банкты уюштурду, ал ишин баштады окшойт. Келечекте бул банк мамлекеттик болуш керекпи, же сатылып, азыркы жоголгон акчалардын орду ошонун эсебинен жабылыш керекпи?

Темир Сариев: Азырынча мамлекеттик банк. Мунун философиясы, менимче, мындай болуш керек: кийин лицензия алып иштеп кеткенде муну мамлекет сатса болот. Ошондон түшкөн акча мамлекет тарткан чыгашаларды жапканга жетиши мүмкүн. 1,5 миллиард сом Социалдык кордун депозитте турган акчасы, андан башка Өнүктүрүү корунун акчасы, 500 миллион сом мамлекеттик мүлк корунун акчасы болчу. Ушулар 3 миллиард сомдун (азыркы алмашуу курсу боюнча 70 миллион доллардын айланасында - ред.) тегерегинде болуп атат. Эгер банктын активдерин сатып, ушул 3 миллиард сомду кайра алып келсе, мамлекеттин чыгашасы жабылган болот. Мындан башка дагы юридикалык жактардын, жеке адамдардын акчалары бар эле, ушулар да проблема болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG