Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 900 миңге жакын машина бар.

Адистер өлкөдөгү машиналардын басымдуу бөлүгү эски экенин айтып, Кыргызстан эски иномаркалардын таштанды жайына айланганын белгилешүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдыжапаров, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, “Табият-Лайф" коомдук бирикмесинин жетекчиси, эколог Кайрат Молдошев катышты.

“Азаттык”: Адистер өлкөдөгү машиналардын басымдуу бөлүгү эски деп айтышат. Мисалы, Европаны алганда эң көп эски машине Литвада экен. Машиналардын 92% эскиси түзөт дейт. Бизде кандай?

Турусбек Абдыжапаров: Азыр 2002-жылдан кийин чыккан машиналардын бажы төлөмдөрү кымбат. Булар эски машина деп эсептелип, Кыргызстанга көп кирбейт. Тилекке каршы Балтика боюндагы мамлекеттерден, Германиядан келген 2002-жылы чыккан машиналардын кээ бирлеринин абалы да начар болуп жатат.

2012-жылы техникалык кароо жокко чыгарылып, айдоочулар өз каалоосу менен гана өтөт. Ага чейин биз Статбашкармалык менен бирге иш алып барып, анын жыйынтыгы менен канча унаанын техникалык абалы начар, канчасы эскирип жарабай калганын эсептеп, беш жылдан ашуун техникалык кароодон өтпөгөн машинелерди каттоодон чыгарып, тазалап турчу элек. Мисалы, Чүй облусунда эле 15-20 миңдей автоунааны каттоодон чыгарганбыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эски машиналардын жол кырсыгына кабылуу тобокелдиги, андан сырткары экологияга тийгизген таасири да жогору экени белгиленип жүрбөйбү. Ушул маселеден улам Совет убагындагы машиналарды шаарга киргизбеш керек деген демилге көтөрдүңүз эле. Бул ишке ашышы мүмкүнбү?

Сайдулла Нышанов: Бүгүнкү күндө мунун ишке ашуусу оор. Демократия кээде чегинен чыгып кеткендей болуп, баары эле өзүнүн кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп жатат. Бир-эки жылда бул чектөөнү киргизбесек да жакынкы беш жылда кабыл алыш керек, болбосо шаардын абалы оор. Эгер сиздин алдыңызда КАМАЗ же МАЗ машинасы өтүп кетсе, көзүңүз беш мүнөткө чейин ачышып турат.

“Азаттык”: Украина ушул айдан баштап эски машиналарды өткөрүп берген жарандарга компенсация төлөй турганын жарыялаган эле. Кыргызстан бул тажрыйбаны колдоно алабы?

Сайдулла Нышанов: Бүгүнкү күндө бул мүмкүн эмес. Биз кедей өлкөбүз. Бул каражатты талап кылат. Ал эми жаңы машиналарды жаңы компаниялар менен келишим түзүп, беш-жети жылга насыяга алып келсек ошондо элге жардам берген болот элек. Буга компаниялар макул болобу, же жокпу - билбейм.

Кайрат Молдошев: СССР убагында шаарда "Икарустар", сары автобустар жүрчү. Алматыда андай автобустар шаарда эмес, сыртта жүрчү. Булар солярка менен иштегендиктен түтүндү көбүрөөк чыгарат. Ал кездеги экологиялык талаптар мынчалык катуу эмес болчу.

Экинчиден, бул маселени толук изилдеп билмейинче мамлекет кандай чечим кабыл алыш керек деген суроого жооп берүү кыйын. Ошондуктан мониторинг системасын күчөтүү керек. Машина көп топтолгон жерлерди, абанын кайсы бир элементтерин, топурак, суунун булганышын иликтеш керек. Ошого жараша иш-чараларды жүргүзүш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG