АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Вашингтондо ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. 70 жаштагы Трамп АКШнын 45-президенти болуп калды.
“Биз, Американын жарандары өлкөнү кайра куруу куруу ишине кириштик. Баарыбыз бирге дүйнөнүн жана АКШнын багытын аныктайбыз. Биз бийликти Вашингтондон алып, силерге өткөрүп берип жатабыз”, - деди Трамп.
Буга чейин өкмөттүк кызматта иштебеген Трамп 8-ноябрдагы шайлоодо демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду жеңип чыккан.
Ант берүү аземинин алдында Вашингтондо кара кийимчен активисттер нааразылык акциясына чыгышты.