Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Прокуратура: жергиликтүү башкаруунун жемкорлугу көп


Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, былтыр жемкорлук жана мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу 10 миңге чукул текшерүү жүргүзүлүп, 14 миңден ашуун акт түзүлгөн.

Анын 5 миңден ашууну жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, 874ү ички иштер органдарына, 653ү жергиликтүү бийликтерге таандык. Ал эми мыйзам бузуулардын ичинен жер мыйзамдары көп бузулганы ачыкка чыкты, бул багытта 1967 акт түзүлгөн. Андан кийинки орунда эмгек мыйзамынын бузулушу турат.

Былтыркы текшерүүлөрдүн натыйжасында 6254 адам тартип, 838и административдик жоопкерчиликке тартылган. Мамлекетке 196 439 782 сом кайтарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG