Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Кырсык тооруган кыргыз учактары


"Скай Бишкек" авиакомпаниясынын Нарын – Бишкек №291 каттамын аткарган Абсамат Масалиев атындагы СААБ–340А учагы, 16-июль, 2013-ж.
"Скай Бишкек" авиакомпаниясынын Нарын – Бишкек №291 каттамын аткарган Абсамат Масалиев атындагы СААБ–340А учагы, 16-июль, 2013-ж.

Учактардын эл аралык реестрине ылайык, Кыргызстанда катталган учактардын орточо курагы 22 жыл. Өлкөдөгү учактардын жаңысы 15 жыл мурда, ал эми эскиси 26 жыл мурда чыгарылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдө катталган аба транспорту 22 жолу кырсыктаган. Алардын алтоо вертолёт, он алтысы самолёт болгон. Бул маалыматы Авиация коопсуздугу боюнча порталы бышыктады.

Учактардын эл аралык реестрине ылайык, Кыргызстанда катталган учактардын орточо курагы 22 жыл. Өлкөдөгү учактардын жаңысы 15 жыл мурда ("Эйр Манастын" түркиялык TC–APD номерлүү 1998-жылкы Боинг–737-42R "Айчүрөк" учагы), ал эми эскиси 26 жыл мурун чыгарылган ("Авиа Траффик Компанинин" ЕХ–37008 номерлүү 1987-жылкы Боинг–737-330 учагы).

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, республикада бардыгы болуп 79 учак жана тик учак катталган. Алардын 33үнүн гана учууга уруксаты бар: анын 16сы Батышта жасалган болсо 17си советтик үлгүдөгү самолёт-вертолёттор.

Кыргызстанда катталган аба кемелерге "ЕХ" каттоо номерлери ыйгарылат. Төмөндө кырсыктаган тик учак жана учактардын кыскача таржымалы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

МИ–8 тик учагы, Хост шаары, Ооганстан.
МИ–8 тик учагы, Хост шаары, Ооганстан.
Ооганстандын Калагуш аскер аба базасында ЕХ–40008 каттоосу бар МИ–8 тик учагы 2010-жылдын 3-майында туура эмес конуп, толугу менен кыйраган. Эч ким жабыркаган эмес.

Андан эки жыл мурда, 2008-жылдын 24-августунда "Азия Туризмге" таандык ЕХ–911 каттоосу бар МИ–8 вертолётуна ракета тийип, бортундагы бир адам набыт кеткен. Бул окуя Ооганстандагы Кунар шаарынын жанындагы "Вегас" аскер аба базасында болгон.

Түштүк Эңилчекте ушул эле үлгүдөгү ЕХ–902 номерлүү тик учак 2005-жылдын 6-августунда ашыкча жүктү алып, асманга көтөрүлүп жатканда кулап түшкөн. "Кыргызстан аба жолдоруна" таандык вертолёттогу 22 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес.

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын АН–24 учагы, Жалал-Абад аба майданы, 7-март 2010-ж.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын АН–24 учагы, Жалал-Абад аба майданы, 7-март 2010-ж.
​"Дамес" авиакомпаниясына тиешелүү ЕХ–905 номерлүү МИ–8 тик учагы 2004-жылдын 15-мартында 3000 метр бийиктикте Торугарт ашуусуна жакын жерде тоого урунган. Борттогу 24 адамдын экөө каза болгон.

Нарындан 90 чакырым алыс аралыкта 2000-жылдын 15-мартында ЕХ–22329 номерлүү МИ–8 вертолёту 3700 метр бийиктикте тоого урунуп, сегиз жүргүнчүнүн үчөө мерт кеткен.

Барскоонго жакын жерде 3750 метр бийиктикте МИ–8 тик учагы тоого урунган. Кыргызстанда ЕХ–25179 каттоосу бар ал вертолётто 1995-жылдын 4-октябрында борттогу 15 адамдын баары каза болгон.

Жасалма "түгөйлөр"

Шектүү тик учактар боюнча бир нече кылмыш иши сотко өткөн. Транспорт прокурору Кубан Мамакеев баш болгон иликтөө жүрүшүндө эл аралык деңгээлде көз боёмочулук менен шугулданган топ ашкереленген. Алар чет өлкөлүк учак жана тик учактарды Кыргызстанда каттоодон өткөрүп номер берип, клону, башкача айтканда, жасалма түгөйлөрүн даярдаган. Жыйынтыгында, 11 адамга айып тагылган.

Бул кылмыш ачыкка чыкканда транспорт прокурору Мамакеев буларга токтолгон:

– Сергей Шурпа 2004-жылдан баштап Жарандык авиация департаментинин директорунун орун басары болот. 2004–2005-жылдары Шурпа кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, учуу мөөнөтүн мыйзамсыз узартып турган. Ошондой эле чет өлкөдөн келген учак, тик учактарды Кыргызстандыкы деп каттаткан. Азыркы убакта Кыргызстанда 15 тик учак болсо, ошонун 15 клону – жасалма түгөйү бар. Алар чет мамлекетте, Пакистанда, Ооганстанда учуп жүрөт. Балким алар менен маңзат ташылып жаткандыр. Балким жасалма түгөйлөр 15тен да көп болушу мүмкүн.

Бул кылмыш иши сотко өткөрүлгөн. Ал эми күнөө тагылган Жарандык авиация агенттигин мурдагы кызматкерлери коюлган айыптарды четке кагып келүүдө.

АН–2 учагы.
АН–2 учагы.
Майда учактар арасынан 1991-жылдан бери Кыргызстанда катталган АН–2, АН–24, ИЛ–18 жана ЯК–40 самолёттору ар кандай кырсыктарга кабылган. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйыл 24-майда айыл чарба жумуштары учурунда АН–2 учагы кулап түшкөн. "Валор" авиакомпаниясына тиешелүү ЕХ–02015 номерлүү бул учагындагы үч адамдын өмүрү кыйылган. Ушул эле авиакомпанияга таандык ЕХ–156 номерлүү АН–2 учагы Баткен облусунун Кадамжай районунда кулаган. Борттогу эки адам жабыркаган эмес.

"Голдун Рул" авиакомпаниясынын ушул эле үлгүдөгү ЕХ–68039 номерлүү учагы Бишкектен Өзбекстандын Бухара шаарына учуп баратканда күйүүчү май түтүктөрү бүтөлүп калып, ээн талаага конууга аргасыз болгон. Бул окуя 2009-жылдын 22-февралында болгон жана анда эч ким жабыркаган эмес. Чүй облусунун Аламүдүн районунан Баткен облусунун Лейлек районуна айыл чарба иштерине бараткан АН–2 учагы 2007-жылдын 26-августунда тажик чек арасынын жанындагы Достук айылында кырсыктаган. ЕХ–70292 номерлүү учактагы төрт жүргүнчү аман калган.

ЯК–40 учагы.
ЯК–40 учагы.
Эфиопияда 2007-жылдын июль айында кыргызстандык ЕХ–030 каттоосу бар АН–24 учагы 600 метр бийиктиктен кулап түшүп, борттогу эки адам каза болгон. "Финикс" авиакомпаниясына таандык ЕХ–005 номерлүү ИЛ–18 учагы 2004-жылдын 4-февралында Дубайдан Шри-Ланканын борбору Коломбонун аэропортуна конуп жатканда Инд мухитине дөңгөлөгү тийип, учуп-конуу тилкесине 10 чакырым жетпей конууга аргасыз болгон. Борттогу жети адам аман калган. Ушул эле үлгүдөгү жана ушул эле авиакомпанияга таандык ЕХ–904 номерлүү учак Анголанын "Негаге" аба майданына 2002-жылдын 15-сентябрында катуу ылдамдыкта конуп жатканда конуу тилкесинен чыгып кеткен.

Мексиканын Веракруз шаарындагы "Бадахос" аскер аба базасында кыргызстандык ЕХ–05 каттоосу бар РоторВей–162Ф учагы 2000-жылдын 11-декабрында кырсыкка учураган. Ал учак Мексиканын аскер аба күчтөрүнө таандык болгон.

Атын атагысы келбеген кыргызстандык авиация адиси өлкөдө катталган учактар Африкада жана Ооганстанда, жада калса, Латын Америка мамлекеттеринде учуп, кырсыкка учурап, кыргыз авиациясынын беделине шек келтиришүүдө.

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын ТУ–134 учагы, Ош эл аралык аба майданы 28-декабрь 2011-ж.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын ТУ–134 учагы, Ош эл аралык аба майданы 28-декабрь 2011-ж.
​Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык ЕХ–901 номерлүү ЯК–40 учагы 2007-жылдын 23-июнунда Нарын облусундагы Кара-Кужур өрөөнүндөгү каралбай калган айыл чарба аэродромуна конуп жатканда күйүп кеткен. Борттогу 13 адам аман калган.

Оштон Бишкекке 2001-жылдын 21-октябрында багыт алган "Кыргызстан аба жолдоруна" таандык ЕХ–87470 номерлүү ЯК–40 учагында 36 адам болгон. Асманга көтөрүлө албагандыктан, ал учакты иштетүүгө толугу менен тыюу салынган.

Ал эми ушул эле авиакомпаниянын ушул эле үлгүдөгү ЕХ–87529 номерлүү учагы 1998-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абадда учуп-конуу тилкесин сүзүп, самолёт жараксыз болуп калган.

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын ТУ–134 учагы 2011-жылдын 28-декабрында Ош эл аралык аба майданында конуу учурунда аңтарылып түшкөн. ЕХ–020 номерлүү учактагы 88 адам аман калган. "Алтын Эйрдин" Бишкектен Ошко бараткан ТУ–154 учагы 2006-жылдын 26-сентябрында АКШнын КС–135Р күйүүчү май ташуучу танкери менен кагылышкан. ЕХ–85718 номерлүү жарандык учактагы 61 жүргүнчү аман калган.

ТУ–154 учагы.
ТУ–154 учагы.
"Итек Эйрге" таандык Боинг–737-219 учагы 2008-жылдын 24-августунда Бишкектен Тегеранга баратканда кулап түшкөн. ЕХ–009 номерлүү учактагы 90 адамдын 65 каза болгон.

"Финикс" авиакомпаниясынын ЕХ–037 номерлүү Боинг–737-242 учагы Герат – Кабул каттамын аткарып жатканда Ооганстандагы Чапери Гар тоосуна 2005-жылдын 3-февралында урунган. Борттогу 104 адамдын бири дагы аман калган эмес.

Жүк ташуучу ЕХ–093 номерлүү "Теңир Эйрге" тиешелүү ИЛ–76 учагы Конго Республикасынын борбору Браззавиль калаасынан Пуэнт-Нуар шаарына 2007-жылдын 10-майында багыт алган. Аэпоротко конгондо самолёт белгисиз себептерден улам өрттөнүп кеткен.

Мына ушул Кыргызстанда катталганы менен чет жакта учкан учактардын кырсыкка көп кабылышы Европаны чара көрүүгө түртүп, "кара тизмеге" киргизүүгө мажбурлагандай.

Тарыхка кайрылсак

ИЛ–76 учагы.
ИЛ–76 учагы.
Совет доорунда Кыргызстанда эң каргашалуу авиакырсык 1969-жылдын 28-июнунда орун алган. Таластан СССР–91495 номерлүү "Аэрофлоттун" ИЛ–14 учагы Бишкекке учуп бараткан кезинде 3150 метр бийиктикте тоого урунган. Борттогу 35 жүргүнчү жана экипаждын мүчөсү мерт кеткен.

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Казарман аэропортунда СССР–87808 номерлүү "Аэрофлоттун" ЯК–40 учагы 1983-жылдын 29-июнундагы катуу шамалдан улам жараксыз болуп калган. Ушул эле үлгүдөгү "Аэрофлоттун" СССР–87391 номерлүү самолёту Жалал-Абадга конуп жатканда үч жолу секирип, 1989-жылдын 15-сентябрында толугу менен иштен чыккан.

Кыргызстанда учурда 18 авиакомпания катталган. Алардын алтоо гана такай каттамдарды аткарат. Төрт авиакомпания атайын жана айыл чарба, ал эми алты авиакомпания жүк ташуу менен алектенет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG