Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16
Кичине кезде талашып-тартышуу аябай жеңил эле, мисалы: "Менин атам күчтүү", десе, бирөө каршы чыгып: "Меники сеникинен күчтүү" дейт элек. Андан соң "күпкүчтүү", "өлө күпкүчтүү", "укмуш өлө күчтүү"... деген талаш-тартыш тажаганча уланчу. Же "калыс" адамдардан - көчөдө жөн эле өтүп бараткан адамбы, же үйдө казан башында тамак даярдаган ападанбы сураар элек.

Кийинчирээк тамгалар менен үйрөндүк ойду, пикирди калтырып таратууну. Математика аркылуу көп нерселер такталып чыга келди. Тарых, физика, химия... Андан соң тереңдетилген тарых же ар башка адистикти окуп - биз билбеген миллиондогон нерселер, же андан да көп кубулуштар бар экенин аңдап билдик.

Бирок бүгүн "чоңойбой" бала бойдон калган миңдеген адам бар экенин байкадык. Социалдык тармак же жаңылык алдында жазылган комменттер аркылуу. Негедир бул адамдар алиппени окуп бүтүп эле эсеп-кысабын карабай, тарыхын, илимий далилин окубай туруп эле дароо башка нерсеге "адистешкендей" элес катырат.

Ата-апа тууралуу эмес, бул ирет кызыл чеке болуп талашканы: кээде саясатчы, кээде дин, кээде кайсы бир пикир. "Менин диним сеникинен кыйын", "ишенбегениң - акылсыздыгың" - баягы биз бала кезде айткан жумшагыраак сөздөр эми ачуураак, ороюраак чыгат.

Сөз эркиндиги эч талашсыз керек нерсе, бирок анын алдында ой кенендиги деген нерсе да зарыл беле же...

Аян Осмонов

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG