Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Чоротегин: Азамат Алтай эркиндик үчүн күрөшкөн


Тынчтыкбек Чоротегин Азамат Алтай менен. Прага, 5-июнь, 2003-жыл
Тынчтыкбек Чоротегин Азамат Алтай менен. Прага, 5-июнь, 2003-жыл

“Азаттык” үналгысынын башатында турган маркум Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) тирүү болгондо бүгүн, 15-сентябрда 95 жашка чыкмак.

Кыргыздын чыгаан журналистин, коомдук ишмердин баскан жолун эскерип тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин маек курду.

"Азаттык": Менимче, элине опол тоодой эмгек жасаган, калк сыйлаган улуу адамдар менен биринчи ирет жолуккан учур көбүрөөк эсте калса керек. Анын сыңарындай, сиз да Азамат Алтай менен бир эмес, бир нече жолу көрүшүп калдыңыз. Ошондогу жолугушуулар эмнеси менен эсте калды?

Тынчтыкбек Чоротегин: Албетте ошол көз ирмемдерди кантип унутасың. Эгер бул кишинин ысымын угуп же окуп калганда аны менен болгон жолугушкан учурларды эстеп калам.

Мен аз гана жолуксам да, өтө маанилүү, орчундуу учурларда жолуктум деп ойлойм. Биринчи жолу Азамат Алтайды 1995-жылы "Манас" дастанынын мааракесине келгенде көрдүм. Ошондо эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай өңдүү кыргыздын белгилүү залкар инсандары менен жолугуп кеткен.

Экинчи жолу 1997-жылы мен Калифорнияга илимий жыйынга барып калып жолугуп, баратканда да, келатканда да үйүндө конок болуп кайткам. Кийин 2003-жылы биз “Азаттык” үналгысынын 50 жылдыгын белгилеп жатканда Борбор Азиядагы кызматтардын ичинен сый конок катары Азамат Алтай аксакал өзү Прага шаарына келген эле. Абдан жакшы белгилегенбиз.

Ошондо биз менен чогуу болуп, жадырап-жайнап сүйлөшүп, батасын берип кеткен. Эсимде, кыргыз журналистикасы өнүгүп жатканын, анын ичинде “Азаттык” да мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айтып белгилеген.

"Азаттык": Жакындан баарлашып калган соң бул кишинин артыкчылык сапаттарын да байкасаңыз керек?

Тынчтыкбек Чоротегин: Ооба, бул кишинин өзүнө тарта алган, болгонун болгондой айтып, ачык таамай сүйлөгөн сапатын белгилегим келет. Кырс сүйлөп коймо жайы да бар болгону менен, ошол эле учурда жумшак юмор да жашачу.

Жолугуп отурганда баштан өткөн кызыктуу, күлкүлүү учурларды көп айтып берип калды. Азыр да бир баяны эске түштү. Билсек керек, Азамат Алтайдын чыныгы аты Кудайберген Кожомбердиев болгон. Бир жолу Нью-Йоркто жашап, автоунаа айдап жүргөн кезинде жол кайгуул кызматы токтотуп калган экен. Эми ал кезде компьютер деген жок. Ал эми эреже бузган айдоочу айып пул төлөш үчүн кагаз толтуруш керек. Тиги полиция болсо Кудайберген Кожомбердиев деген ысымды жаза албай бир топ кыйналыптыр. Анан акыры тажап, кетирип жиберген экен. Ушул окуяны айтып күлдүргөнү эсимде.

Кийин 1960-жылы ал Американын атуулдугун алып жатканда кыска, жазганда да оңой деп Азамат Алтай деген атты өзүнө-өзү ыйгарган. Бул ысымдын мааниси да бар. Байыркы кыргыздар байырлаган Эне-Сайдагы Алтай аймагын түшүндүрсө, Азамат деп эл-журтунун азамат уулу болоюн деп койгон экен. Айтор, ал адам менен отуруп, сүйлөшкөн өзүнчө ырахат эле...

"Азаттык": Көп жылдар бою океандын ары жагында жашаган аксакалдын Кыргызстанды куса болуп сагынганы туурасында замандаштары көп эскергени бар.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ал кыргыздын 20-кылымдагы чыгаан инсандарын мыкты билчү. Алардын Батышка барган өкүлдөрү менен дайыма жолугууга, сүйлөшүүгө аракет кылчу экен. Ошол кезде КГБнын тапшырмасы менен жолуктурбай да койгон учурлар болгон. Бирок Болот Миңжылкыев, Чыңгыз Айтматов, Казат Акматов сыяктуу адамдар ал киши менен абдан жакшы учурушкан. Муну ал өмүр бою ыраазычылык менен айтып жүрдү.

Кийинчерээк, Кыргызстандан баргандар өзүнчө эле Кыргызстандын бейрасмий өкүлчүлүгүнө айланган Азамат Алтай менен көрүшмөйүн кетишчү эмес. Мен да бир жолу коштошуп жатканда көзүнөн жаш кылгыргандай сезилген. Ошондо жүрөгүм түпөйүл болуп аксакалга өмүр тилеп кеткем. Дегеле ал киши үчүн Ала-Тоого киши узаткан оор эле.

"Азаттык": Ошентсе да Азамат Алтайдын жасаган эмгегинин мааниси канчалык деп ойлойсуз?

Тынчтыкбек Чоротегин: Жалаң гана эгемендик үчүн гана эмес, азаттык коомунун жаралышы үчүн күрөшүп келген мыкты инсан катары Азамат Алтайды билебиз. Интеллектуалдык деңгээли жогору, көрөңгөсү бар Азамат Алтай болгон.

Бизге эгемендик идеясын тээ Мүнхенде отуруп жарыялап, бизди ошого чакырып келген. Бүгүнкү азаттыктын, эгемендиктин жарчысы катары анын эмгеги зор.

Азамат Алтайдын мисалында урпактарга бозгунда жүрөсүңбү, Ала-Тоодо жүрөсүңбү, айтор, кайда жүрсөң да атуулдук парзыңды ар-намыстуу жүзөгө ашыр деп айтканга өрнөк болчу киши катары ал жөнүндө көп айтышыбыз керек.

"Азаттык": "Азаттыктын" кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги татыктуу баасын алды деп ойлойсузбу?

Тынчтыкбек Чоротегин: Менимче, бизде нагыз парламенттик демократиялык республика түзүлгөндө, сөз эркиндиги толук калыптанса, ошондо Азамат Алтайдын осуяты аткарылды деп эсептээр элек. Бул биздин алдыдагы коомдогу аткарылыш мүмкүн болгон тилегибиз. Бул жөн эле ойдо жок сөз эмес. Анын эмгегин, өзүн урматтоо, анын жүргүзгөн ишин улантуу менен да байланыштуу жана ал эмнени кааласа аны бүгүнкү күндө кыргыз коомунда толук иш жүзүнө ашырууга байланыштуу.

"Азаттык": Рахмат.

Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп, Германияда жашап калган Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан.

Азамат Алтай кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.

Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында рак оорусунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG