Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Бизге тик учак керек...


Казакстандан өрт өчүрүү үчүн келген МИ-26 тик учагы. (Сүрөт ӨКМдин маалымат кызматыныкы)
Казакстандан өрт өчүрүү үчүн келген МИ-26 тик учагы. (Сүрөт ӨКМдин маалымат кызматыныкы)

Чычкан капчыгайында 13-августта башталып, бир жума бою дуулдаган тилсиз жоону 22-августта араң токтоттук. Кудайдын да боору оорудубу, жамгыр жаай баштады.

120 гектардан ашуун аянттагы чөп өрттөнүп, арча, бадалдар күлгө айланды. Ошол жерди байырлаган жан-жаныбар, курт-кумурска, канаттууларга убал эле болду... Канчасы тирүүлөй куйкаланды дейсиң.

Өрт эмнеден чыкканын азыр эч ким билбей турат. Балким бирөө тамеки чегип, өчүрбөй таштап кеткен чыгаар... Айрыкча ушул маалда капчыгайды малина тергендер каптайт дешет. Балким, бирөөлөр ичкенден кийин ташка чаап салган бөтөлкөнүн шишеси күнгө чагылгандыр... Айтор суроо көп...

Өкмөт башчы Темир Сариев айткандай, бир кишинин шалаакылыгынан 800 адам өрт өчүрүүгө тартылып, алардын да алы жетпей Казакстандан тик учак суроого аргасыз болдук.

Чычкандагы өрт басылгыча жүрөгүм канап турду. Ошол капчыгайдын сулуулугун көргөн, ошол жерде балалыгы өткөндөр жалыны жок түтөп жатышкандыр. Баарынан өрттү өчүрө турган бир тик учагыбыз жоктугуна ичим бышты. Арданып, ыйлагым келди...

Чычкандагыдай өрт Кыргызстанда биринчи жолу болуп аткан жок. 2014-жылы жайында Жумгал районундагы Каныш капчыгайында өрт чыгып, аны өчүрүүгө чыккан Чаек айылынын эки тургуну каза болгон. Анын бири - Алтынбек Дүйшөналиев, Жумгал райондук өрткө каршы бөлүмүндө иштеген. Экинчиси - Авазбек Нуралиев Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенчү. Туулган жерди каптаган тилсиз жоо менен алышып жатып, жапжаш бойдон акыретке кете беришти.

Акыркы жылдары талаа-түз өрттөнүп жатканы тууралуу кабарды көп окучу болдук. Окумуштуулар жер бетинде жылдан жылга абанын температурасы жогорулап жатканын айтышууда. Анын кесепети бизге да тийбейт деп айта албайбыз. Жаман айтпай, жакшы жок демекчи, ар кандай кырдаалга даярбызбы?

Азыр шайлоо шаңы өкүм сүрүп турган кез. Партиялар жер-жерлерди кыдырып, элге кабат-кабат убадаларды беришүүдө. Депутат болууну эңсеген капчыктуулар катары калың. Бирок ушул азаматтар мекенинин өрт өчүрүүчү бир тик учагы жоктугуна, аргасы түгөнүп коңшу өлкөдөн сураганына уялаар бекен?

Жеке мен жаран катары өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Эгер өкмөттүн кудрети жетпесе, ӨКМге бир учакты биз, Кыргызстандын жарандары алып бербейлиби? Көп түкүрсө көл болот дейт, ансыз деле ашка-тойго акчабызды чачып атабыз. Ал эми тоо, токой, мөңгү балдарыбызга калтырчу мурасыбыз эмеспи. Дегеле табият менен эриш-аркак болуп жашоого үйрөнбөйлүбү?

Азамат Эркинбек, блоггер

XS
SM
MD
LG