Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Элдик кол өнөрчүлүктү даңазалаган инсан


Көркөм өнөр таануучу Амантур Акматалиев (оңдо)камчы шөкөттөрүнүн өрүмчүсү Казакбай Мейманалиев менен аңгемелешүүдө. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Көркөм өнөр таануучу Амантур Акматалиев (оңдо)камчы шөкөттөрүнүн өрүмчүсү Казакбай Мейманалиев менен аңгемелешүүдө. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көркөм өнөр таануучу Амантур Акматалиев “Азаттыктын” алгачкы сырт кабарчыларынын бири болгон.

Кыргыз журтчулугунун таанымал инсаны, көркөм өнөр таануучу Амантур Акматалиев өзү да көркөм кол өнөрчүлүктү иликтеген, бул тармак боюнча ондон ашык эмгектин автору болгон. 1991-жылдын май айынан тарта бир нече жыл бою “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги тыш кабарчысы катары иштеп, кыргыз көркөм өнөрү жана каада-салттары тууралуу баяндарды обого чыгарган.

Замандашы, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тилектеш Ишемкуловдун эскерүүсүндө, Амантур ага кыргыз элинин көөнөрбөс кол өнөрчүлүгүн даңазалап, этнографияга астейдил мамиле жасаган журналист болчу.

Амантур Акматалиев Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин баш редактору жана башка кызматтарда иштеген.
1972-жылы Кыргыз ССРинин жергиликтүү өнөр жайынын борбордук көркөм эксперменттик изилдөө жайын уюштуруп, анын башкы инженери, “Кыял” көркөм кол өнөрчүлүк, чеберлер бирикмесинде өнөр таануучу болуп эмгектенген. 1990-жылдары “Кыргыздын таланттуу кол өнөрчүлөрү”, “Элдик оймочулук”, “Жасалга өнөр чеберлери” , “Усталар жана уздар”, “Баба салты - эне адеби” деген сыяктуу көптөгөн нускалуу китептерди жазып, кыргыз журтчулугунун кол өнөрчүлөрүнө аттын кашкасындай таанымал болгон.

Акматалиевдин өмүрү, чыгармачылык жолу катаал, тагдырдын сыноосунда өмүр кечирген белгилүү инсандардын бири болгон дешет замандаштары.

Ата-баланын турмуш тагдыры кыйчалыш келип, нускалуу сөздөрүн укпай калганына тун уулу академик Абдылдажан Акматалиев арман кылат. Ал “Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесине атасынын аты берилсе, китептерин окуу куралдары катары мамлекет чыгарса деген тилектерин “Азаттыкка” билдирди. Ал кытайлык кыргыздар дагы Амантур Акматалиевдин китептерин араб алфавити менен чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын кошумчалады.

”Кыял” көркөм кол өнөрчүлөр бирикмесинин башкы директору Султан Макашовдун айтымында, Амантур Акматалиев элдик уз-усталар, рухий дүйнө тууралуу китептерди мурас катары артында калтырды. Алар менен окуучуларды окутуп келе жатышат.

- Кыргызстанды бүт кыдырып, айыл-кыштакты аралап, кол өнөрчүлүк, руханий дүйнө, салттуу улуттук буюмдарды изилдеген Амантур Акматалиевдей башка азыр эч ким чыга элек. Анын мээнети тоодой эле. Ал жазып калтырган китептер бизде окуу куралы катары колдонулуп келатат. Өзүнчө эле тирүү энциклопедия болчу.

“Жакшы адамдын байлыгы болбойт, тагдыры болот” деген эл оозунда кеп бар эмеспи. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” дегендей, айрым уз-усталар учурда дагы Амантур Акматалиевди атасындай, агасындай эскерет.

Алардын бири кеминдик уста, мүнүшкөр Ислам Исраилов:

- Амантур Акматалиевди кыргыз кол өнөрчүлөр арасында тааныбаганы жоктур. Салмактуу сүйлөгөн, маданияты терең, ар бир адамдын эсинде сакталып калар, санжыраны укмуш айткан, тилинде “мөөрү” бар акылман инсан эле.

Кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгүн ийне-жибине чейин билген чоң адис Амантур Акматалиевди өз мезгилинде илгертен кыргыз чеберлери кармаган буюмдар орду түбү менен жоголуп, кээлери таптакыр унутулуп кеткени өкүндүрүп келген. Өз ыктыяры менен улуттук маданий дөөлөт мурастарын жыйноо түйшүгү анын өмүрүнүн акырына чейин коштолгон.

- Амантур Акматалиев бир адамдын эмес, бүтүндөй институттун аткара турган ишин аткарды, - деп эскерет жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев.

Келечек муундарга мурас, таберик, керээз, нуска катары далай эмгектерди калтырып кеткен Амантур Акматалиев “Азаттык” радиосу аркылуу дагы көркөм дүйнө, кол өнөрчүлүк тууралуу ондогон баяндарды угармандарга тартуулап келген. Өлбөсө балким дагы далай эмгектер жасалат беле.

Кыргыз эл акыны, ыраматылык Байдылда Сарногоев курбусу Амантур Акматалиевдин кайтыш болгону угуп минтип муңканган экен:

- Козголбос жерден козголдуң досум,
Жок болбос жерден жок болдуң, досум!
Кантейин, Кудай кылганы досум,
Мээме тийген ток болдуң, досум!..

Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев Нарын районунун (мурдагы Тянь-Шань ) Жерге-Тал өрөөнүндөгү Бөрүлүү кыштоосунда 1934-жылы 12-декабрда туулган. Чоң атасы Арпачы Ажибек уулу молдо киши болгон. 1951-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын аяктаган. 1954-жылы Нарын мугалимдер институтун бүтүргөн.
1966-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин кызыл диплом менен аяктаган.

1954-72-жылдары Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин баш редактору жана башка кызматтарда иштеген.
1972-жылдан негизинен Бишкекте иштеген.

1991-жылдын май айынан бир нече жыл бою “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги тыш кабарчысы катары иштеп, кыргыз көркөм өнөрү жана каада-салттары тууралуу баяндарды обого чыгарган.

1993-жылдан тартып “Манас-1000” Мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча адис болуп иштеди. Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда кыйла жыл кызматкер болду.

Кыргыз элинин XXI кылымдын башындагы дүйнөлөшүү жүрүмү маалындагы түйшүктөрүнө сересеп салып: " “Чыныгы кыргыздын өсүшүн тилейбиз. Анткени азыркы кырдаал опурталдуу, Кыргыз улуту жоюулууга тийиш эмес. ХХI кылым билимдүүлөрдүн, илимдүүлөрдүн кылымы дейбиз. Кыргыз эли "төө бастыда" калбаса болгону!” - деп жазганы бар. (“Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат”. 2002-жыл).

Амантур ага 2002-жылдын 30-августунда Кочкор районунун Теңдик айылына жакын жерде автокырсыктан улам мезгилсиз дүйнө салган. Артынңда уулдары: академик Абдылдажан Акматалиев жана кесиби боюнча тарыхчы Уулбек Акматалиев, кыздары: Уулкан Акматалиева жана Сүйүмкан Амантур кызы калды.

Ал кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн жана анын устаттарын (уздар, усталар, чеберлер) кылдат иликтеп, алардын тажрыйбаларын жана өрнөктүү ишмердигин этнографиялык илимге сыпаттап калтырган демилгелүү окумуштуу жана журналист болчу. Адепке, ыймандуулукка чакырган инсан болгон. “Азаттык” радиосунун босогосун алгач аттап, кызматташа баштаганымда Амантур агай мага да “спорт тармагын таштабай, элдик оюндарды да иликтей жүр” деп агалык кеп-кеңешин берип калаар эле...
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG