Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Жол дептерим...


“Азаттыкка” арноо

Жаңы коомдун күзгүсү,
Сүйлөгөнү тарбиясы,
Жаңы коомдун үлгүсү.
Алды жакта эгемен коом болот деп,
Адамдардын келечекке үмүтү,
Алтымыш жыл илгери эле,
“Азаттыкты” түптөгөн.
Ал кезекте эч ким деле,
Мындай коом күтпөгөн.
Акыл издеп, амал ойлоп,
Азаматтар иштеген.
Ана бүгүн ал коом келди издеген.
Аны Азамат көргөн жок,
Баштаган иши өлгөн жок.
Кымбаттан калган белек деп,
Кыргызыңдын көөнү ток.
Ар тараптан аны коргоп калышты,
“Азаттыкка” алтын канат тагышты.
Алтымышка мына бүгүн чыгышып,
Эл аралык жарыштарга чабышты.
Атагы Манас эмеспи, алдырбайт го намысты!

Талашып бийлик чырдашат

Бирин-бири чымчылап,
Бийликти көздөй умтулат,
Барымтасы барчылап,
Башынан тери тамчылап,

Бакырып тура калышат.
Парламентте аркырап.
Ийгилик болуп ишинде,
Иштешет качан жаркырап?

Орусчалап сүйлөшөт.
Айылдык элди жүдөтөт.
Мансапкорлук оорууну,
Маал келди качан түгөтөт?

Карыялык маанайды.
Кайсы жашта күзөтөт?
Жаштарды качан сыйлашат?
Жанын эмне кыйнашат?
Таазим кылбай жашына,
Талашып, бийлик чырдашат.

Мансапкорлор эмеспи?

Урукка бөлүп элдерди,
Ушуга кимдер дем берди?
Эки жүздөй партия,
Ушуну берди калкыма.
Тизмеге жетсең болгону,
Депутатсың олжолуу.
Берсек туура кеңешти,
Мансапкорлор эмеспи?
Элдерди коюп күзөткө,
Эрмек менен күн өтсө.
Урпакка деп кендерди,
Жолотпосо тендерди.
Шек келтирбей ыйманга,
Күч жетпейби тыйганга?

Кимдин кандай пикири?

Жерибизге толтура,
Жер байлыгын алалы.
Жер ээлери жолотпой,
Иштетилбей калабы?
Күн санап өсүп атпайбы,
Жумушсуздар талабы.
Андай болсо мыйзамдар,
Аларды кантип багалы?
Күнүгө пикет жасатпай,
Кумтөрдү деле жабалы?
Карыз болдук толтура,
Каяктан аны алалы?
«Кичине жардам берчи» - деп
Кимге алакан жаялы?
Кубалап ийсек тендерди
Каздырбасак кендерди.
Баарынан коркунучтуусу,
Багабыз кантип элдерди?

Акимдерди албасак,
Акча менен тандасак,
Жогору жактан келгенди.
“Жоголгун”- деп айдасак.
Бирикпейт го элибиз,
Бир мыйзамга барбасак.
Акчаны мыйзам туткандар.
Ала берсе сугунуп,
Ары кетсин мунуң деп,
Айкырып турса жулунуп.
Каалгасын бузуп талкалап,
Качырып кирсе чубуруп,
Буларга мыйзам болобу?
Бул боюнча коёбу?

Мукай Айтбаев (87 жашта) Балыкчы шаары, Султан Жумашев көчөсү, 60.

“Азаттыктан”: Автордун жазуу стили толугу менен сакталды.
XS
SM
MD
LG