Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

"Азаттыкты" уурданып уккан жоокер


Байкоосуздан кирип келгендер же сырттан аңдып (тыңшап) тургандар кайсы радиону угуп жатканыбызды билбесин же өзгөчө бөлүмдүн кызматкерлеринин тузагына илинип калбайлы деп ушундай кулак кап (наушник) менен тымызын укчубуз.
Байкоосуздан кирип келгендер же сырттан аңдып (тыңшап) тургандар кайсы радиону угуп жатканыбызды билбесин же өзгөчө бөлүмдүн кызматкерлеринин тузагына илинип калбайлы деп ушундай кулак кап (наушник) менен тымызын укчубуз.
"Азаттык" радиосунун 60 жылдык мааракесине карата мен да радионун кыргызча чыгарылышын мындан 22 жыл илгери, Германиянын аймагында жайгашкан Советтик армиянын катарында жүргөн кезимде уккандыгым тууралуу кыскача аңгеме кылып жазып жиберүүнү сынак жарыялана баштаганда эле ойлонуп жүргөм. Акыры чыгынып жазып жиберүүнү чечтим, ичиме сактап жүрө албай койдум.

1990-жылдын жай айларында мен борборубуздагы Политехникалык институттун биринчи курсун аяктап, Ленин заводуна бир айлык практикага жиберилген болчумун.

Түштүктө Ош окуялары тутанып кеткендиктен Фрунзе шаарында студенттердин жана жаштардын толкундоолоруна байланыштуу коменданттык саат киргизилген. Ошол убакта студенттер менен жаштарды коркутуу жана тарбиялоо максатында жогору жактан келген буйрукка байланыштуу (мугалимдерибиздин айтымында) анча-мынча тартип бузуулар үчүн эле окуудан чыгарып салуу практикасы ар бир окуу жайда кызуу жүрүп жаткан.

Окуу жайлардын жетекчилери биринен сала бири жума сайын жогору жакка жагынуу максатында (менин оюмча) жума сайын ошондой ээнбаш студенттерди окуудан четтетүү буйруктарын чыгарып турушкан.

Ошондой «показуха» буйругуна биздин группабыз да илинип калып, мен жана дагы бир-экөө окуудан айдалып кеткенбиз. Биздин күнөөбүз - жатаканада саат 11ден кийин терезени ачып коюп, гитара чертип ырдап атканыбызды көчөдө өтүп бараткан аскер кароолу байкап калып, жетекчиликке жеткирип койгон экен. Ал күнү бир группалашыбыздын туулган күнү өтүп жаткан, ошентип эртеси эле күнү окуудан айдалдык.

Ошол эле жылы күзүндө аскерге кызмат өтөөгө чакырылып, Харьков шаарындагы радио-техникалык борборго, жарым жылдык окууга түштүм. Ал жерге мындайча айтканда көчөдөн эле ар кимди ала бербейт экен. Техникалык окуу жайда окугандарды жана бүткөндөрдү, ДОСААФта байланыш курстарын бүткөндөрдү, телеграф жана байланышта иштеп жүргөндөрдү, кыскасын айтканда татаал жана ошол кездеги эң заманбап станцияларды жана аппаратураларды өздөштүрүп кетүүгө жөндөмдүү балдарды гана алчу экен. Окуу процесси жүрүп жаткан убакта эле өздөштүрө албаган балдарды ай сайын башка аскер бөлүктөрүнө которуп жиберчү.

Мектептен учкай өткөн физиканын радио жана байланыш бөлүмдөрүн ал жерден кайра бир сыйра окудук. Радиотолкундун түрлөрү, таралышы, жыштыктар жана каналдар ж.б. радио-байланышка тиешеси бар закондорду жана постулаттарды кайрадан үйрөнүп чыктык. Ал жерден мен «передаточная система», «приемная система», «фидер» жана «эфир» эмне экенин билип, радиочалгындоо бөлүмүнүн кенже оператору деген кесипке ээ болуп чыктым. Окуу курстарын «эң жакшы» деген баага бүткөн соң мени Германиядагы советтик аскер группасына жөнөткөн. Биздин окуу борборун жакшы аяктаган балдар Соцлагердеги Советтик армиянын бөлүктөрүнө жана Кубадагы, Монголиядагы аскер базаларына кетишчү, ошондой эле Советтер Союзунун ичиндеги радио-техникалык бөлүктөргө жиберилчү.

Ошентип Германиядагы кызматымды Тюрингия жергесиндеги Гера шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде өтөй баштадым. Кесибиме байланыштуу атайын байланыш жана телекоммуникацияны тейлеген взводдо оператор элем. Ал убакта ар бир гарнизондо жана аскер бөлүктө «телеборборлор» болчу, алар аркылуу гана биздин жоокерлер, офицерлер, алардын үй-бүлөсү Союздан берилген гана теле-радио берүүлөрдү угуп, көрө алышчу.

Батыштын башка телеканалдарын көрүүгө же радиолорун угууга катуу тыюу салынган, андай аракеттер кылмышка тете бааланчу. Батыштын ар бир телеканалы же радиостанциялары антисоветтик саясат жана үгүт жүргүзөт деген "жарыша куралдануунун" убагында кабыл алынган буйруктар жана директивалар Советтер Союзу демократиялык нукка түшкөнүнө жана Батыш менен тил табыша баштагына карабай күчүн жогото элек болчу. Ошондуктан ар бир аскер бөлүктөрүнүн айланасында башка радио жана теле берүү сигналдарын өчүрүп (басып) туруучу атайын түзүлүштөр орнотулган.

Ошондой «душмандык» радио жана теле сигналдар менен күрөшө түрган атайын «радиоэлектрондук күрөш» бөлүктөрү (войска РЭБ (радиоэлектронной борьбы)) жана ошол аскер бөлүктөрү сиздердин радиоңордун берүүлөрүн да «душмандык» (вражеский) радиостанцияларынын катарында санап, ар дайым биздин гарнизондун карамагына тарай турган радио толкундарды басып (өчүрүп) келген.

Радио-техникалык чалгындоо станциясынын ага оператору болуп жүрүп өзүм да ошол кезде ошол антисоветтик пропагандага иштеп, советтик аскерлерге моралдык терс таасирин тийгизбесин деген буйрукту аткарып, ар дайым башка радио сигналдардын баарына каршы сигналдарды ар бир дежурство сайын жөнөтүп турчумун. Башкача айтканда өз колум менен сиздердин да сигналыңарды өчүрүп жүрчү экенмин.

Азыркы күндө мындай антенналарды үйлөрдөн, ал тургай алыскы тоодо мал багып жүргөн малчынын короосунан да көрсө болот. Ал кезде бул нерсе аскердик жашыруун сыр катары саналып, өзгөчө кайтарууда болгон (арткы планда аны кайтарып турган күзөтчү көрүнөт.) Ушул антенналар аркылуу биз бош убактарда каалаган радио жыштыктагы керектүү радио станцияларыбызды таап алып, жашыруун угаар элек.
Азыркы күндө мындай антенналарды үйлөрдөн, ал тургай алыскы тоодо мал багып жүргөн малчынын короосунан да көрсө болот. Ал кезде бул нерсе аскердик жашыруун сыр катары саналып, өзгөчө кайтарууда болгон (арткы планда аны кайтарып турган күзөтчү көрүнөт.) Ушул антенналар аркылуу биз бош убактарда каалаган радио жыштыктагы керектүү радио станцияларыбызды таап алып, жашыруун угаар элек.

Бара-бара бизден жогорку чакыруудагы (призыв) солдаттар үйлөрүнө (ДМБ) кеткенден кийин биздин колго болгон маанилүү посттор, пульттар жана башка кызмат ордулары ээн-эркин тийгенден кийин каалаган убакта (офицерлер жок кезде) өзүбүз билгендей кылып, каалаган толкундан каалаган радиостанцияны кармап угаар элек.

Биздин контингент бүткүл Союздун ар кайсы жеринен чогулган балдардан болгондон кийин, ар кимдин табити ар кандай. Баарыбыз жаш болгондуктан, ар ким өзү каалагандай музыка же болбосо түшүнө алган радиостанцияларды угуп олтураар элек. Кээ бирлери рок, кээ бирлери жаз, хеви-металл, деги койчу, "орус оюндагысын кылат" дегендей ар ким эле өзүнө жаккан каналдарды таап алып, жашыруун угуп олтурчу.

Ошол кезде "Америка добушунан" уктум деген сөз аябай модага айланып кеткен. Союзда билбейм, бирок бизде бир жаңы кабар, же бир ушак укса эле "Америка добушунан" уктум деп мактана сүйлөгөндөр өздөрүн элита, башкалардан бир кадам алдыда жүргөндөй өйдө сезишчү.

Чынын айтсам, жоон элдин катарынан калбаш үчүн ошол кезде офицерлер кээде дежурстводо олтурган бизге келип, "Америка добушунун" толкунун таап берип, бир угузуп коюшубузду суранышчу.

Бирок ошол кезде деле «Өзгөчө бөлүм» (Особый отдел) деген аскердик бир көзөмөлдөөчү орган (КГБ) болоор эле. Ошол кызматкерлер чет элдик радио жана теле берүүлөрдү жашыруун угуп, көрүп жүргөн аскер кызматкерлерин жашыруун көзөмөлгө алып турган. Ошондуктан эч ким ачыктан ачык ошол теле-радио берүүлөрдү уккам же көргөм деп айта алчу эмес.

Күндөрдүн биринде мен нөөмөт учурунда, элдин баары тынчып, текшерүү бүткөндөн кийин адатымча радиону иштетсем, гитаранын кулак-мээни жеп, боздогон үнү чыкты. Көрсө менден мурун олтурган бала дайыма хеви-металл өңдүү музыкаларды укчу эле, ошонун толкунунда калган экен.

Өзүмө жаккан бир каналга которуп коёюн деп кабыл алгычтын «автопоиск» кнопкасын басып коюп күтүп отурдум. Ал система (автопоиск) кармаган толкунду 5 секундда угузат, жагып калган радио берүүнү ошол убакыт ичинде токтотуп калсаң болот. Үлгүрбөсөң издөөнү андан ары улантат.

Ошол издөө убагында бир нерсе менен алектене түшкөн экенмин, кулагыма кыргызча сүйлөгөн үн угулуп кетсе болобу! Уккан кулагыма ишенбей кайра артты карай издөө жиберсем, чындап эле кыргызча сүйлөп жатыптыр. Ал күнү берүүнүн акыркы мүнөттөрүн угуп калгандыктан көп деле маани берген жокмун. Спутник антеннасы аркылуу кармаган толкун болгондон кийин Кыргызстандын радио каналдарын кармаган турбайымбы деп сүйүнүп калдым, бирок не бар, не жок деп болжолдуу убактысын жана жыштык диапазонун эстеп калгам.

Кийинки дежурство убагында эртерээк эле даярданып, ошол каналга радиоприемникти тууралап койгом. Мен болжогон убакыттан бир сааттай өткөндө күткөнүмдүн акыбети кайтып, радиом кыргызча сүйлөй баштаса болобу! "Эфирде «Азаттык» радиосу, сиздерге 30 мүнөт бою «Азаттык» радиосунун кыргызча берүүсүн сунуштайбыз" деген сыяктуу мазмундагы тема менен кыргызча берүү башталып калды.

Мен анда деле ошол берүүлөр чет элдеги радиостанциялардан берилип жатканын билген эмесмин, бирок аягына чейин угуп олтурчумун. Бир күнү түшкө чейинки нөөмөттө турган орус бала "Радио Свобода" деген толкундан кабарларды угуп олтуруптур. Андан кийинки кезекте мен элем, келерим менен өзүмдүн радиомо койсом, мурунураак уккан орусча жаңылыктарды кыргызча берип атыптыр. Кийин казак балага ошол эле радионун казакча берүүлөрүн, азербайжан балага азери тилинде берүүлөрдү таап бердик. Ошентип ар кимибиз өз тилибизде радиоберүүлөрдү тымызын угуп жүрдүк.

Ошол кездеги берүүлөрдүн кыскача форматын калыстык үчүн айта кетсем: Советтер Союзундагы жалаң эле чыр жана уруш болуп аткан жердеги кабарларды, митинг болуп аткан шаарлардагы абалдарды, токтоп калган завод-фабрикаларды, текчелери актай калган дүкөндөрдү, нанга жана күндөлүк керектөөчү буюмдарга турган кезектер тууралуу, кыскасын айтканда Союзда болуп жаткан эң жагымсыз (ошол кезде чет өлкөдөгү мекендештер үчүн) кабарларды берчү.

Анын ичинен эң эсте калгандары Тоолуу Карабактагы, Тбилисидеги, Ригадагы окуялар. Күн сайын эле баланча киши өлүп, баланчасы жаракат алды дейт, кыскасы, окшош көрүнүш. Чет элдерде болсо Югославиядагы тополоңдор, Чыгыш Европадагы антисоветтик толкундоолор, Балтика өлкөлөрүндөгү эгемендиктин жарыяланышына байланыштуу кырдаалдар жана советтик режимге каршы турган башка өлкөлөрдөгү антисоветтик реакциялар. Кыргызстанда болсо жаштардын шаардын жака белиндеги жерлерди басып алышы, орус улутундагылардын көчүп кете башташы, жаңы саясий кыймылдардын түзүлө башташы, эгемендиктин жарыяланышы жана башка ММКда айтылбаган жана жазылбаган кабарлардын айтылып турушу болчу.

Ошентип 1991-жылы августтагы ГКЧПны да катарда тостум. Ошол ГКЧПнын окуяларын чет элдик орус тилдүү радиостанциялар кандай чуу салганын да өз кулагыбыз менен угуп жүрдүк. Ал окуялардын кээ бирлерин мен сиздердин «Азаттыктан» да угуп олтурчумун. 1992-жылдын март айында Германиядагы миссиябыз аяктап, бул өлкөдөн чыгып кеттик. Аскер бөлүгүбүз Орусиянын Ыраакы Чыгышында отурукташты. Анда геосаясий абалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу биздин бөлүк радиотехникалык чалгындоонун багытын Кытай жана Жапония тарапка бурууга буйрук алган болчу. Ошол эле жылы мен үйгө кетип калдым, кийин уксам 1995-жылы ал тараптан коркунуч жоктугуна байланыштуу биздин бөлүктү таптакыр жоюп жибериптир.

Темир вагондорго жүктөлүп алып, 1992-жылы Германиядан чыгып кеттик.
Темир вагондорго жүктөлүп алып, 1992-жылы Германиядан чыгып кеттик.

Кийин үйгө келгенде досторума, ага-туугандарыма жана тааныштарыма "Германияда кыргызча радиостанция бар, кадимкидей кыргыз тилинде сүйлөйт, мен ошол радиону укчумун" десем мага эч ким ишенчү эмес. Советтик стереотип калыптанып калган улуу муундун өкүлдөрү менин айткандарымды өкмөткө каршы саясат катары кабыл алышчу.

Азыр болсо ар бир үйдө «Азаттыктын» үнү жаңырып турат жана мындан 22 жыл мурунку форматта эмес, ар тараптуу темаларды камтып берип турганына мен аябай ыраазымын.

Албетте буга чейин эки бийликтин убагында сиздердин радиоңорго ар кандай бут тосуулар болду, аны баарыбыз билебиз. Бирок мындан ары андай кыйынчылыктар болбойт го деп ишенебиз. Ошол 1991-жылы сиздердин радио менен Германияда таанышкандан бери күйөрманыңарга айлангам, берүүлөрдү калтырбай угам. Кээде өзүмдүн ой-пикирлеримди да жөнөтүп турам.

Темир Жусупбеков,
Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG