Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды


Конкурстун жеңүүчүсү Жуманазар Койчубековдун “Алыстагы ата-энеден мээрим күткөн балдар” аттуу сүрөт баянынан.
Конкурстун жеңүүчүсү Жуманазар Койчубековдун “Алыстагы ата-энеден мээрим күткөн балдар” аттуу сүрөт баянынан.
“Азаттык” 60 жылдык мааракесин утурлай окурман-угармандарынын арасында “Биз жана дүйнө”, “Биздин замандын кишилери” баш темаларынын алкагында блог-ой санат, сүрөт жана видео баяндар үчүн жарыялаган сынагын жыйынтыктады. Үч ай аралыгында бул сынакка жалпысынан элүүгө жакын материал түштү.

Натыйжада төмөнкү материалдар конкурстук комиссиянын элегинен өтүп, жеңүүчү деп табылды.

Биринчи орун - Нурмамат Сапарбаевдин (Жалал-Абад шаары) “Арстанбап токоюн тооруган кыянатчылыктар” блог-эссеси жана сүрөттөр топтомуна. (Байгеси - Samsung Galaxy Tab 2 10.1 P5100 планшети)

Экинчи орун – Сайкал Аттокурованын (Каракол шаары) “Кичинекей Кыргызстаным” блог-эссесине. (Байгеси - букридер Sony PRS-T2)

Үчүнчү орун – Жуманазар Койчубековдун (КУУнун 3-курсунун студенти) “Алыстагы ата-энеден мээрим күткөн балдар” аттуу сүрөт баянына. (Байгеси - Canon PowerShot SX 230 HS фотоаппараты)

“Азаттыктын жолунда” аталышындагы атайын сыйлыгыбыз Темир Жусупбековдун (Бишкек шаары) "Азаттыкты" уурданып уккан жоокер” аттуу баянына берилди.

Мындан сырткары үч кызыктыруучу сыйлыкка төмөнкү окурмандарыбыздын материалдары татыды:

1. 87 жаштагы аксакал угарманыбыз Мукай Айтбаевдин (Балыкчы шаары) ырлар топтому.

2. Салтанат Адылбек кызынын (Бишкек шаары) “Биздин замандын кишилери” видео баяны.

3. Марина Уметованын (Бишкек шаары) “Жакшы китеп - өмүрдүн жан шериги” блог-эссеси.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 7-июнда белгиленчү “Азаттыктын” 60 жылдык мааракесинде тапшырылат. Салтанат Улуттук опера жана балет театрында кечки саат беште башталат. “Азаттыктын” жамааты сынактын жеңүүчүлөрүн чын дилден куттуктоо менен сынакка катышкан бардык окурмандарына алкыш айтат.

Баарыңыздарды 7-июндагы майрамдык салтанаттан күтөбүз!
XS
SM
MD
LG