Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

25 жылын “Азаттыкка” арнаган Мамашарип Казы


Мамашарип Казы 2006-жылдан бери Бишкекте турат.

Мамашарип Казы 2006-жылдан бери Бишкекте турат.

Басмачынын тукуму аталган Мамашарип Казы “Азаттык” радиосунда 1969-жылдан 1995-жылга чейин кабарчы, бир жылдай жетекчи да болуп иштеген.

Басмачынын тукуму аталган Мамашарип Казы Пакистанда туулуп, Түркиядан билим алган. Ал 2006-жылдан бери Бишкекте жашап жатат.

"Азаттык": Өзүңүз, басмачы аталган атаңыз, апаңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

Мамашарип Казы: Атамдын киндик каны Өзгөндүн Көлдүк айылында тамган. Ошол жерде атам 1916-жылы төрөлптүр. Апам Жаңы-Талаптагы Барпы Паңсаттын кызы. Ал 1920-жылы төрөлгөн.

Атам 11 жашында Кашкар аркылуу Пакистанга кеткен, таятам 20 баланы алып кеткен экен. Ошол 20 баланын ичинде өзүнүн кызы - апам да бар болгон. Ошол жактан атам менен апам үйлөнүп, мен 1946-жылы Пакистандын Карачи шаарында төрөлгөм.

1955-жылы Пакистанда Орто Азиядан барган казактар, кыргыздар, өзбектер Түркияга же Сауд Аравияга көчө баштады. Биз ошондо Түркияга кеткенбиз.

Мамашарип Казы (аманат сүрөт, качан тартылганы белгисиз)

Мамашарип Казы (аманат сүрөт, качан тартылганы белгисиз)

1955-жылдын 13-октябры болчу. Адана шаарына барганбыз. Мектепте окуунун башталганына 10 күн болуп калыптыр. Бирок ага карабай мени мектепке кабыл алышкан. Биринчи орто мектепти ошол жердеги лицейде окудум.

1967-68-жылдары лицейди бүтүргөндөн кийин ал жерде университет жок эле, каякка бараарымды билбей жүргөндө бир кыпчак жигит “Таржыман” гезитинде “Азаттыкка” кыргыз жигит издеп жатышат, лицейди бүтүргөн болуш керек деген жарнама чыкканын айтты. Мен атама айтып кеңешип, Германияга, “Азаттыкка” кетейин деп сурандым.

Басмачы деп куугунтукталган Жаныбек Казынын бир тууган агасы Тыныбектин уулу менин атам. Тыныбектин небереси мен. Ошону түшүндүрүп жазгандан кийин Мюнхенден чакыруу кат келип, 1969-жылы “Азаттыкка” кеткем.



"Азаттык": Сиз барганда “Азаттыкта” кимдер иштечү эле? Сиз кимдер менен тагдырлаш, кесиптеш болуп калдыңыз?

Мамашарип Казы: Мен барганда кыргыз редакциясында Төлөмүш Жакып уулу бар эле. Өзбек редакциясында Вели Зуни, Усеин Икрам бар эле. Казактардан Дөөлөт Тагы, Абдулла Нусуп уулу бар эле. Түркмөндөрдөн Мурат Ташмуратты көрдүм.

Кыргыздардан Төлөмүш ага жалгыз эле. Жалгызсырап жүргөн үчүн чындап бир тууган инисиндей кабыл алып, каякка барса да мени ала жүрүп, мага радиожурналистиканын сырларын үйрөтүп, түшүндүрүп, кыргыз тилин жакшылап үйрөнүүмө жардам берди.

Абдан жакшы, алтын киши эле. Кыргызстан үчүн Төлөмүш Жакып уулундай күйгөн адамды мен эч жерден көргөн эмесмин. 1969-жылдын 13-апрелинде, мен баргандан бир жумадан кийин, Швецариянын бир шаарында кыргыздын атактуу кинорежиссеру Төлөмүш Океев менен учураштык. Төлөмүш Жакып уулу бул басмачы Жаныбек Казынын урук-тукумунан болот деп түшүндүрдү, ал сүйүнүп мен үч жолу айланып кучактады. Ал киши Төлөмүш Жакып уулуна кыргыз ыр-күүлөрү жазылган тасма берди. Ошолорду ар дайым угуп, ыйлайт эле. Кыргыз күүлөрү экен.

"Азаттык": Кабарларды, маалыматтарды каяктан алчу элеңер?

Мамашарип Казы: "Азаттыкка" окшогон медиа компаниялардын баарынын бир кабар агенттиги, борбору болот да. Ал жерде жалаң котормочулар иштейт. Мен барганда “Азаттыктын” расмий тили орусча болчу.

"Азаттык": Батышка барган кыргыз жазуучу-акындарынан же маданий, мамлекеттик ишмерлерден кимдерге жолуктуңуз ошол жылдары?

Мамашарип Казы:Төлөмүш Океевден башка кийинчерээк, 1978-жылы раматылык Чалагыз Исаев, Болот Миңжылкыев, Эстебес Турсуналиев менен учураштым.

"Азаттык": Алар ошол учурда сиздер менен сүйлөшкөндөн, аңгемелешкенден кооптонуп, качып турчу беле?

Мамашарип Казы: Атайын кызмат тапшырма бергендер коркпойт эле. Бирок алардын айланасында жүргөндөр бир аз чочуп турчу.

"Азаттык": Сизди да басмачынын тукуму, “Азаттыкта” иштеген тыңчы деп куугунтуктаган учурлар болдубу?

Мамашарип Казы: Мен Кыргызстанга келген жокмун да. Менин таякем Абдыламит Өзгөн 1984-жылы келди, андан мурун да таякем Тайыр Өзгөн келип кетти. Ошолор келгенде алардан "бул кишилерди тааныйсыңарбы" деп сурашыптыр. Ошондо алар мага "КГБнын тизмесинде сенин да атың жүрөт" дешти. Алар "биз билбейбиз, Германияга окуйм деп кеткен, ошол боюнча дайыны жок" деп жооп беришиптир.

"Азаттык": Сиз “Азаттыкта” жетекчи да болуп иштеп калдыңыз. Ошондо кадрларды кандай тандачу элеңиздер?

Мамашарип Казы: Мурдараак кадр тандоо мүмкүнчүлүгү чектелүү эле. Себеби кыргыз тилдүү кадрлар жокко эсе болчу. Советтер Союзу урагандан кийин гана Кыргызстандан жакшы кадрларды тандап алганга мүмкүнчүлүк болду...

"Азаттык": Андан кийинки тагдырыңыз кандай болду?

Мамашарип Казы: “Азаттыктан” кеткенден кийин жумушсуз жүрдүм. Кийин пенсияга чыктым. 2006-жылдын 31-майынан бери Бишкектемин. Туулган жерине сагынычы тарасын деп апамды Кыргызстанга алып келип, жанында жүрөм. 90ду ашып, жүзгө таяп калды. Өзүмдүн бир кыз, бир уулум бар. Экөө тең Германияда. Уулум Санжар программист, кызым Асыркан менеджер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG