Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53
Китепканалар өгөй баладай


Жалал-Абаддагы мектеп китепканасы 2012-жыл

Жалал-Абаддагы мектеп китепканасы 2012-жыл

XX кылымдын 60-жылдарында Батыш Европада маданияттын өнүгүүсүнө, маданий мекемелердин (китепкана, музей) санынын көбөйгөндүгүнө карабастан адамдарда ар кандай себептерден улам көңүл коштук, кенебестик пайда болуп, китепкана, музейлерге баргысы келбей, жыйынтыгында интеллектуалдык көрөңгө, окуу маданияты кандайдыр бир деңгээлде төмөндөп бараткандыгы жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан билдирилген эле.

Ушул эле көрүнүш 40-50 жылдан кийин КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда болуп жатат. Мындан улам китепти окубоо көрүнүшү мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына жараша боло турган тенденциябы деген дагы ой келет.

1987-жылы Стокгольмдо өткөн Нобелдик лекцияда И.Бродский «...Дүйнө жүзүндөгү кылмыштардын эң коркунучтуусу китепти окубоо, китепти барк албоо... Бул күнөөсү үчүн адам өмүр бою азап тартат, жазаланат. Эгерде бул кылмыш кайсы бир улуттун алкагында болсо, анда бул улут өзүнүн бүтүндөй тарыхы менен жооп берет», - деген ойлорун айткан экен. Ошондуктан көркөм адабиятты окууну муктаждыкка айлантуу механизмдерин билим берүү, маданият тармагындагы мекемелер ишке ашырса, башкача айтканда окуучуларга, студенттерге катуураак талап коюлса, балким натыйжа болоор беле.

Бул жерде айта кетүүчү жагдай, эгерде окуучулар, студенттер билимге ынтызар болуп, китепти көп окуй баштаса, борборубуздагы китепканалар окурмандардын суроо-талаптарын толук канааттандыра алабы? Айрыкча шаардык китепканалардын фонду? Шаардык китепканалардын фондунда кыргыз тилиндеги китептер 8-9% гана түзөт. Китепканалардын фондунун басымдуу бөлүгүн 1960-80-жылдары чыккан китептер ээлейт.

Борборубузда акыркы жолу китепкана үчүн атайын имарат (типовое здание) 1982-жылы курулган экен, азыркы № 1 шаардык Айтматов чыгармаларынын китепканасы. Демек отуз жылдан бери китепкана үчүн атайын имарат курулган эмес. 90-жылдары түрдүү себептер менен имараттарын тарттырып жиберген айрым китепканалар ылайыгы жок, суук, нымдуу жайларда, жер төлөлөрдө, өзүлөрүнүн жетиштүү каражаты болбогондон кийин эптеп окурмандарын тейлеп келишет. Сөздүн чынына келгенде мамлекетибиз китепканаларга кыргызда айтылгандай өгөй баласындай эле мамиле кылат.

Окурман санын кантип көбөйтөбүз?

Бишкектеги борборлоштурган китепканада

Бишкектеги борборлоштурган китепканада

Учурда китепканаларга окурмандар келеби деген суроого адис катары төмөндөгүдөй оюмду айтат элем.

Китептин мазмунуна эмес, көрүнүшүнө, сүрөттөрүнө көңүл бөлгөн окурмандарыбыз бар, алар: «Китептериңер эски экен, сүрөттөрү начар, жалтырак эмес экен» (глянцевый) деп сын айтышат.

Башына «китеп окуш керек», - деген ой кылт этип келсе, жүгүрүп барып китеп ала коюп, бир аз окуп, ошо бойдон китепканага өткөзгөндү унутуп койгон окурмандарыбыз дагы аз эмес.

Айрыкча классикалык чыгармаларды кайталап окугандан жадабаган окурмандар дагы бар. Анткени классикалык чыгарма ак ниеттүүлүккө, абийирдүүлүккө, тууралыкка (порядочность) үйрөтөт эмеспи. «Классика» деген сөз латын тилинен которгондо «тартип, ирет» дегенди билдирет.

Демек китепканага эч ким кирбейт деген ойдон алыс болуп, азыраак келип калды десек, чындыкка жакын болот. Окурмандарды көбүрөөк тартыш үчүн китепканаларга:

1. Орто мектептердин, ЖОЖдордун окуу программасына ылайык акыркы жылдары чыккан китептер;

2. Окурмандар үчүн ыңгайлуу, жылуу, жарык жай;

3. Окурмандарды суроо-талабына ылайык деңгээлде тейлей ала турган , өз ишин билген кесипкөй адистер керек.

Тилекке каршы көп китепканаларда жогорудагы шарттар жок...

Балким адамдар китепти көп окубагандыктан ички дүйнөсүндө боштук пайда болуп, экстремизм, терроризмдин идеологдору ушундай учурдан пайдаланып, кыргыздарды башка динге киргизип, жапжаш жигиттерибизге сакал өстүртүп, кыздарыбыздын беттерин паранжа менен жапканга үйрөтүп жатышабы?

Кичине китептер учур талабы


Бишкек, 2013

Бишкек, 2013

Коомубуз өнүгүп, адамдардын аң-сезими өзгөрүп, көбүрөөк китеп окуп, китеп окуу маданияты көтөрүлүп кеткен күндө дагы китепканаларга мамлекет тарабынан колдоо болбосо өнүгүп кетиши кыйын... Эми жакшылыктан үмүт кылып, оңолуп кетээрбиз деген тилек менен китепканачы катары окурмандар үчүн төмөнкү маалыматты (интернеттен алынып, орус тилинен которулду) сунуштайм.

Кээ бир китеп сүйүүчүлөрдүн жактырып окуган чыгармалары, акын-жазуучулары болот жана бул чыгармаларды дайыма өзү менен алып жүрүүнү каалагандар да болот.

Форматы боюнча эң кичинекей китептер көзгө жакшынакай, кызыктуу көрүнүп, алып жүрүүгө абдан ыңгайлуу. Китеп басып чыгаруудагы эл аралык стандарттарга ылайык узуну, туурасы 76 мм. ден ашпаган китептер кичине форматтагы китептерге кирет.

Ар бир нерсенин тарыхы болгондой эле кичине китептердин да тарыхы бар.
Алгачкы кичине китептер орто кылымда кол жазма түрүндө монахтар тарабынан пергаментке жазылып пайда болгон. Диний мазмундагы бул китептер байлардын гана колунда болгон.

770-жылы Япония императору өлкөдө буддизмди кеңири жайылтуу максатында иероглифтер менен дуба жазылган туурасы 57 мм. болгон «Dharani» аттуу оролгон түтүкчөлөрдү чыгарган.

1434-жылы азыркы Ереванда (Матенадаран) өлчөмү 30-40 мм. болгон кол жазма түрүндөгү кичине китептер чыгарылган. Орус китеп жазуучулары дагы башкалардан кем калбастан 17-кылымда өлчөмү 48х74 мм. болгон «Святцы» (окуялардын жана майрамдардын календардык тартипте түзүлгөн тизмеси) китебин басып чыгарышкан.

Иоганн Гутенберг китеп басып чыгаруучу станокту ойлоп тапкандан кийин кичине китептер кеңири чыгарыла баштайт. Кичинекей китептердин эки артыкчылыгы бар: көлөмү ыңгайлуу жана баасы арзан. И.Гутенбергдин жардамчысы, шакирти Питер Шеффер 1468-жылы биринчи чөнтөк китебин басып чыгарган. Бул китептин айрым бир үзүндүлөрү (фрагмент) Париждеги улуттук китепканада сакталып турат.

15-кылымдын аягында грек окумуштуусу Аль Мануций өзүнүн Венециядагы басмасында классиктердин чыгармаларын алгачкылардан болуп чыгарган.
Ханыша Анна Болейн мукабасына Генрих VIII портрети алтын менен чегерилген кичине китепти кармап өлүмгө келген. 1570-жылы ханыша Елизавета I чокунуудагы окулуучу дубаны француз, грек, итальян, латын тилдерине которуп кичине китептерди чыгарган.

Наполеон Бонапарт кичине китептерди абдан жакшы көргөн. Согуштук чабуулдарда өзү менен атайын териден жасалган кутуга (футляр) салынган 49 китептен турган «Саякатчынын Портативдүү (көтөрүп алып жүрүүгө ыңгайлуу) Китепканасын» алып жүргөн. 49 китеп салынган куту сыртынан өтө эле чакан көрүнгөн.

АКШнын президенти Авраам Линкольн адвокат кезинде окулуучу дуба жазылган кичине китепти алып жүргөн. Франциянын Президенти Франклин Рузвельт Гайд-парктагы китепканасында көп сандагы кичине китептерди жыйган.

17-18-кылымдарда Англияда, Францияда жалаң эле диний китептер эмес, ыр жыйнактары, Шекспирдин чыгармалары жана сөздүктөр кичине форматта чыгарылып абдан популярдуу болгон. Бул китептердин мукабалары кымбат баалуу тери, седеп, сөөк, алтын, күмүш менен кооздолгон. 18-кылымдын экинчи жарымында эң эле кичине 3-5 см. ден ашпаган китептерди алып жүрүү модага айланып кеткен. Франциянын ханышасы Мария Антуанетта өзүнө жаккан чыгармаларды атайын заказ менен басып чыгартып, мээлейинин ичине салып жүрүүнү жактырган.

Кичине китептерди басып чыгарууда демейдеги ыкмалар жана технологиянын акыркы жетишкендиктери колдонулат, кээ бир процесстери кол менен жасалат (форматка ылайыктап кесүү, тигүү, ныктап басуу, мукаба менен бириктирүү). Кичине китептерди басып чыгаруу үчүн биринчи иретте чыгарманын көлөмү, андан кийин мазмунун, мурун кичине форматта басылып чыкпагандыгы эске алынат. Себеби китеп кооздук үчүн тура бербестен окулушу керек.

Бүгүнкү күндө кичине китептер дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жана илимди, тарыхты, адабиятты камтыган бардык тармакта, мукабалары кагаздын, теринин, ар кандай түрлөрүнөн жасалып, кымбат баалуулуктар менен шөкөттөлүп чыгарылат. Бул китептерди колуна кармаган адам кооздугу, сүрөттөрү жогорку сапатта жана жоопкерчилик, абийирдүүлүк менен жасалгандыгын сезет.

Кыргызстанда дагы кичине китептер чыгып келет. М.: Курманжан датка, Чыңгыз Айтматов, улутубуздун улуу инсандарына арналган китеп комплектиси (К.Тыныстанов, И.Раззаков ж.б.).

Ошондуктан көзгө жакшынакай көрүнгөн, сапаттуу, кыска, бирок мазмундуу китептерди акын Алыкул Осмонов айткандай «Өмүрдүн жан шериги жакшы китеп» кылып окуп, жакындарыңыздарга белекке бериңиздер, сунуш кылыңыздар.

Марина Уметова, китепканачы, Бишкек шаары.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG