Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Кезинде Совет бийлиги чет өлкөлөрдөгү диссиденттерди чыккынчы катары мекенине кайтаруунун түрдүү ыкмаларын колдонушкан. Андай ыкмалардын нечени “Азаттык” радиосунун биринчи кабарчысы Азамат Алтайга да багытталган.

Азамат Алтайды чыккынчы деп ашкерелөө максатындагы тапшырманы 80-жылдары геолог-окумуштуу Бекташ Ильясов да алган экен. Окумуштуу отуз жыл мурдагы Америка сапарында ошол атайын тапшырманы кантип аткара албай калгандыгы тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.


Бекташ Ильясов: Ушул “Азаттыктын” баштоочусу Азамат Алтай менен жолуктум эле. Анда Колумбия университетинин китепканасында иштечү экен. Китепканада Борбор Азия республикалары боюнча адис экен. Биздин “Пионер газетасынан” баштап, бүт маалыматтар ал кишинин колунда бар экен. Ал киши абдан билимдүү, ушунчалык жөнөкөй, сөзгө бай, чечен адам экен.

1980-жыл болчу. Мен Токтогул ГЭСинин курулушу боюнча Колумбия университетине баргам. Раматылыкка ошондо жолуктум эле. Эми айта берсе болот, ошондо КГБ биздин кызыкчылыгыбызда Азамат Алтайга жолугуп, мамиле кылыңыз деп, мени эки ай абдан даярдаган. "Ильясовду Америкага узак мөөнөткө даярдагыла" деген кагазы да келген, азыр да жанымда жүрөт.

“Азаттык”: Канчага кеттиңиз ошондо?

Азамат Алтай жубайы менен

Азамат Алтай жубайы менен

Бекташ Ильясов: Үч ай жүрдүм. "Токтогул суу сактагычынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана ошону коркунучсуз пайдалануу" деген тема менен барып иштегенбиз.

Азаттык”: Анан сизге КГБ кошумча тапшырма берди...

Бекташ Ильясов: Мирослав Ниязов, Николай Султанкулов деген кызматкерлер анда жаш эле, минтиңиз, тигинтиңиз деп, даярдашкан.

“Азаттык”: Кандай тапшырма беришти эми ошондо?

Бекташ Ильясов: Эң негизгиси – эл-жерди сагынууну козгоңуз дешкен. Ал үчүн мага камчы, калпак, комуз күүлөрүнөн жазылган тасмаларды беришкен. “Сиз эми баргандан кийин аны конокко чакырыңыз, сизге келет. Баргандардын баарына эле чыгып жүрөт. Чакырып, комуздун күүсүн магнитофонго коюп, сиз байкамаксан болуп эки жакка алаксып, тамак-ашыңызды камдагандай болуп жүрүңүз. Анан убакыт жетти го деген кезде "Азамат аба" деп сүйлөшүп көрбөйсүзбү” дешкен.

Мен мартта учуп барганда, анда Нью-Йоркто элчилик жок, өкүлчүлүк, СССРдин төрт-беш өкүлү бар болчу. Абдан даярдашыптыр. Бияктагылар "сизди Кузнецов деген жигит тосуп алат, калган тапшырманы ошо киши берет" дешкен. Ар бир бешинчи күнү Вашингтондон бизге "Аэрофлот" аркылуу азык-түлүк келет. Болгон чыгымдарды Нью-Йорктогу миссиясы төлөп берип атты. Ошентип мен ал кишини конокко чакыргам.

“Азаттык”: Анан тапшырманы так аткардыңызбы?

Бекташ Ильясов: Жок, аткара албадым. Эми чындыгында жарыктык элди сагынган. Топурак дегенде... Ал кишинин бир айтканы бар: “айланайын кыргыздарым, качан бириңерди бириңер тытып, аягынан басып, этегин тебелегениңерди койосуңар”.

Анан ошентип мен баштаганда эле “Бекташ үкөм, мага сенден да чоң адамдар келип аракет кылган. Мен эми аяктан сырттап калдым. Мен аякка барганда эле барар жеримди билем. Барганда Көлүмдүн жээгиндеги ошол Тоң айылынын топурагын жыттатпайт мага. Муну билем. Андан көрө убара болбо, алтын. Мен билип турам, сени абдан сүмбөлөп туруп койо берген. Ошондуктан бекер убактыңды кетирбей, эл жөнүндө, жетишкендигиңер жөнүндө, илим жөнүндө сүйлөшүп отуралы” деди. “Ошол элден ажырагандан баштап азаттык, калыстык, тактык деп күрөшүп келатам. Максатыма жеттим” деди эле. Өзү ээрчитип келген Эргеш деген жигитти тааныштырды. Рахманкул хандын небереси экен.

“Азаттык”: Ошол үч айда канча жолу жолугуштуңар?

Бекташ Ильясов: Биринчи мен чакырдым. Анан кайра ал киши чакырды. Нью-Йорктун четинде, токойдун арасында коргондолгон сонун особняк-үй экен. Сания эже - байбичеси татар экен. Анан жаш кыз жүрдү, жээним деди. Китепканасы ушунчалык бай экен. “Эми окумуштуу бала экенсиң, айланайын, кыргыздын ушунчалык жетишип, атайын чакырылып келгениңе мен абдан кубанам” деди. Бул - ар ким бере албаган калыс сөз эле.

“Азаттык”: Сиз ал киши жөнүндө кандай ой менен бардыңыз эле? Эл душманы деп бардыңыз да?

Бекташ Ильясов: Эл душманы деп баргам. Ушунчалык четтеп кетип, элден мурда Германияда жүрүп, анан Америка менен коюн-колтук алышып кеткенден кийин бул чынында элин-жерин саткан адам болуш керек дегем.

“Азаттык”: Келгенден кийин кандай отчет бердиңиз КГБга?

Бекташ Ильясов: КГБга берген отчетум азыр да бар жанымда. “Мен масилеттешип отурганда өзүмдү ал кишиге салыштырып, биринчи эле жолугушууда силер берген тапшырманы аткарууга кудуретимдин жоктугун сезгенден кийин андан ары улаган жокмун” деген катымды Нью-Йорктогу миссиянын өкүлү Кузнецовго тапшырдым.

“Азаттык”: А сизге келгенде кысым болгон жокпу?

Бекташ Ильясов: Болгон жок.

“Азаттык”: Сиз Америкага барганга чейин “Азаттыкты” укчу белеңиз, кыска толкундан?

Бекташ Ильясов: Угулчу эмес да. Экспедицияда жүрдүм, талаа-түздө. Көп билчү эмесмин.

“Азаттык”: “Азаттыкты” качан уга баштадыңыз?

Бекташ Ильясов: Сексенинчи жылы мени даярдаганда “Азаттык” эмне экенин, кандай болуп курулганын КГБнын жигиттери айтып берди да. Ошондон баштап укканга аракет кыла баштадым. Бирде үзүлүп, бирде түзөлөт. Түн ичинде угаар элек. Жанагы "спидолла" деген менен тоонун башына чыгып укчумун. Ошондон баштап “Азаттыкка” менин сүйүүм арта баштады чынында. Өңгөчө ыраматылык Азамат Алтайга жолугуп, колунан бир чыны чай ичкенден кийин мен абдан берилдим. “Азаттык” радиосунун курулушунда кимдер иштеп, кандай келгенин ал киши күндөп-түндөп айтып түгөтчү эмес.

“Азаттык”: Кийин келгенден кийин деле угуп жүрдүңүзбү же кайра ишке алаксып кеттиңизби?

Бекташ Ильясов: Такай угуп жүрдүм. Ушул убакка чейин угам. Азыр убактым көп, “Азаттыктын” эртең мененки сегиздеги, түшкү бирдеги, кечки алтыдагы берүүлөрүн калтырбай угам.

“Азаттык”: “Азаттыктын” миссиясын мен айтпасам деле Азамат Алтайдан аябай көп уккан турбайсызбы, бүгүн багытынан тайган жокпу? Кандай каалооңуз бар?

Бекташ Ильясов: Калыстыгыңардан жазбасаңар. Анан “Азаттыкта” кыргыз тилинин тактыгы, адабий тилде сүйлөө жагынан проблемалар бар.

“Азаттык”: Рахмат. Саламат болуңуз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG