Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

“Азаттыктын” 2004-2007-жылдардагы кабарчысы, "Азаттык плюс" теледолбоордун биринчи алып баруучусу, президенттин жана премьер-министрдин мурдагы маалымат катчысы Султан Каназаров менен маек.

“Азаттык”: “Азаттыкка” кабарчы болбой, тескерисинче интервью бере баштаганың канча болуп калды?

Султан Каназаров: 2007-жылы кеттим эле. Ошондон бери үчүнчү-төртүнчү жолу берип атам го дейм. Президенттин, өкмөттүн аппараттарында иштеп жүргөндө комментарийлерди берип аттым.

“Азаттык”: Башка маалымат каражаттарына салыштырмалуу “Азаттыкта” өзгөчөлүктү байкайсыңбы?

Султан Каназаров: Кээде-кээде, айрыкча микрофондун ары жагындагы жаш кабарчылардын суроолорунан улам, эми биз кеткенден кийин дагы бир жаш муун келди, мен болгондо президенттин же өкмөттүн пресс-катчысына минтип суроо бермекмин деп калчумун. Суроо бергим да келип кетчү.

“Азаттык”: Ошол иштеп жүргөн кезди сагынасыңбы?

Султан Каназаров: “Азаттык” албетте, мен үчүн чоң мектеп болду. 2004-жылы келип, Акаевдин убагын, антиакаевдик оппозициянын жүзүн көрдүк. Бакиевдин заманын, жөнөкөй колхоз жетекчисинен баштап ЦАРИИни түзгөнгө чейинки трансформациясын көрдүк.

Менимче, “Азаттык” партия болуп калганда эң көп саясий элитаны алып чыккан партиялардын катарына кошулмак. Кайсы партия биздин ушунча мүчөбүз министр же вице болду деп мактана алат? “Азаттык” мактана алат. Кечээ эң жөнөкөй кабарчы болуп жүргөңдөрдүн канчасы министр болду, президенттин кеңешчилери болушту.

Демек, “Азаттык” - чоң мектеп. Саясий гана мектеп эмес, саясатчылар менен байланышуу гана мүмкүнчүлүгү эмес, моралдык дагы мектеп. Себеби, ошол кездеги “Азаттыктын” эртең мененки пландоолору, теманы тандоо ыкмалары, приоритеттерди берүү дагы деле көптөгөн мекемелерге, басылмаларга, керек болсо мамлекеттик органдарга жете элек.

“Азаттык”: “Азаттык” маалымат каражаты катары күчү эмнеде?

Султан Каназаров: Мен “Азаттыкта” кабарчы да болдум, бийликтин таламын талашып да жүрдүм. Азыр болсо эркин жүрөм. “Азаттыктын” күчү бардыгына тең карагандыгында. Бардык учурда бирдей критерийлер менен баалап, бардык жараяндарга, бардык саясатчыларга, бардык адамдарга бирдей мамиле кылат. Эки башка стандарт жок. Ошондуктан он жолу акча төлөп бир жерден чыккандан көрө “Азаттыктын” ачуу суроосун уккан көп нерсеге татыйт.

“Азаттык”: Азыр эстеп атам: сен иштеген учур чынында эле күргүштөгөн чоң саясий окуяларга туш келиптирбиз. Кыргызстан бир он жылдай митингдер менен жашабадыбы. Ошол кезде журналист катары ыргактан чыгып кеткен учурларың болгон жокпу?

Султан Каназаров: Албетте, журналист деле робот эмес да. Бирөөлөргө симпатиясы бар. Кандайдыр бир идеяларды колдойт. “Азаттыктын” журналистке баланс болуш керек деген ар дайымкы талабы бар да. Мен өз мисалымда айтсам, албетте, 2005-жылы менин жарандык позициям бар болчу, антиакаевдик маанайдагы киши болчумун. 2006-жылкы ноябрь митингдерин чагылдырганда Конституция керек деп эсептечүмүн. Себеби бийлик, система өзгөрүп, Акаевдин конституциясы өзгөрбөй калды да. Мурдагы парламент калды. Журналист ушуну билдирбегенге аракет кылганы менен, ичте сезим калып атпайбы. Мисалы, 2005-жылы 24-марттын кечинде уялганым эсимден кетпейт.

“Азаттык”: Ооба, менин да эсимде. Ушул ыңкылапты баарыбыз максимум чагылдырганга аракет кылдык. Силер түз репортаж уюштуруп жүрүп, талап-тоноочулукту көрүп, кандай капа болуп, “ыңкылап ушул болсо, мындай ыңкылаптын кереги жо-ок!” деп жаштар чогулуп талкуулаганыңар эсимде.

Султан Каназаров: Мага “кыргыздар ушундай болуп калдыкпы, ушуга жетип калдыкпы?” деген ой келди. Эртең менен жакшынакай жүргөн кишилер “маскаларын” сыйырып эле чоң муздаткычтарды, дивандарды көтөрүп, уурдалган буюмдарды талашып, мушташкандарды көрүп, ушундай пас адамдарды көрүп, ушунчалык көңүлүм калды. Ошондо менде романтикалык...

“Азаттык”: Максималисттик көз караш да.

Султан Каназаров: Ошол максималисттик көз караш менен караганбыз да. Кийин ал романтика экенин түшүндүм. Бийлик алмашсын, өзгөрүүлөр болсун деген кишилер башка, катышпай туруп пайда көргүсү келгендер башка форматтагы кишилер экенин кийин-кийин түшүнө баштадым.

“Азаттык”: Жарандык позиция деп атпайсыңбы. Журналистиканын эл аралык стандарттарын абдан жакшы билесиң. Ошол жарандык позиция журналисттин стандарттарды сакташына тоскоол болбойбу?

Султан Каназаров: Бул ар дайым болуп келген дилемма. Ага макул болбой туруп, микрофон бергениң өзүңдүн жеке позицияңа каршы келет. Жөнөкөй адам катары сен анын жалган айтып атканын билесиң.

Бирок акыркы кездери “Азаттыкта” мен байкаган тенденция – жаңылыктагы объективдүүлүк өзүнчө, ал эми блогдорду ачканыңар, тамашаларыңар, мисалы, мен кечээ куудулдардын 8-март менен куттуктоолорун көрдүм, адамдын жеке позициясын билдирген форматтарды таптыңар. Жарандык журналистика деген дүйнөлүк тенденциядан “Азаттык” артта калган жок.

2008-2009-жылдары “Азаттык” эмоцияларды берген басылмалардан артта калып баратабы деген ой кеткен. Мен “Азаттык” сайтына маалымат алуу үчүн гана кирчүмүн. Бирок 2010-2011-жылдары бул этаптан ыргып кетти. Мисалы, 2004-жылы биз жаңы команда болуп келсек, 2010-жылдан кийин таптакыр жаңы команда келди. Алардын келгенине үч жыл болуп калыптыр. Булар “Азаттыкка” жаңы дем алып келди. Азыр мен уккум келет, ал жерде интершумдар бар, өзүнчө бир дух бар.

“Азаттык”: Маалымат каражаттары деле коомго жараша болот экен да. Ыңкылаптардан жадаган учурлар болду. Өзгөрүү, трансформация керек, өсүш керек деген талаптар пайда болду. Анын үстүнө башка маалымат каражаттары дагы алдыга жылып калды, баягыдай тоскоолдуктар, камоолор, “Азаттыкты” жапкандай жабуулар жок. Ага жараша “Азаттык” дагы жаңы багыттарды издеп тапканга аракет кылып жатат. Туура байкаптырсың. Менин сурайын дегеним -“Азаттык плюс” жөнүндө. Теледолбоорду биринчи Аида Касымалиева экөөңөр эфирге алып чыктыңар эле. Бүгүн миссиясын кандай аткарып жатат?

Султан Каназаров: “Азаттык плюс” маалыматты ачык таратууга тоскоолдук бар кезде, 2005-2006-жылдары абсолюттуу жаңы форматтагы берүү болчу. Кийин жергиликтүү телеканалдар бул өңдүү көп ток-шоу уюштура баштады. Аларга мүмкүнчүлүк берилди, рейтингдүү программа экенин түшүнүштү.

Мени таң калтырганы – “Азаттык плюс” форматын радикалдуу өзгөртпөсө дагы, көрөрмандарын жоготкон жок. Рейтинг, формат жөнүндө сүйлөшкөндө дагы – чыгармачылыкка чек жок. Команда ошол эле форматтагы башка ток-шоулардан бейформалдыгы, алып баруучулар өзүн аябай эркин сезгендиги, ошол эле мезгилде вульгардык чекке түшүп кетпегендиги менен өзгөчө. Өзүнүн көрөрмандарын жылдан жылга көбөйтүп баратат.

“Азаттык”: “Азаттык” чоң мектеп болду деп атасың. Башка маалымат каражаттарына кандайдыр бир таасири барбы?

Султан Каназаров: Сөзсүз. “Азаттык” радио болуп туруп тарапкерлерин жоготпогондугу чоң табышмак, жетишкендик. Бул команданын издөөдө жүргөндүгүнүн, жаңы форматтарды таба алгандыгынын белгиси. Бүгүнкү күндө интернет телеканалдардын дагы, онлайн басылмалардын дагы көпчүлүгүнүн аудиторияларын тартып алды.

Мен иштеген кезде сайтка киргендердин саны аябай аз болчу. Бүгүн “Азаттыкка” сайт өзгөчө жардам берип жатат. Балким “Азаттыкта” 10-20 жылдан кийин радиосу жабылып, онлайнга өтөт. Балким мына бул микрофонду, түз отуруп сүйлөшкөндү сагынабыз. Бул дүйнөлүк тенденция.

“Азаттык”: Сен деле билесиң, бизде “Азаттык” жоюлуп кетсе экен деген учкул сөз бар болчу. Эмне үчүн? Себеби, Кыргызстанда батыраак эле көз карандысыз маалымат каражаттары үстөмдүк кылса экен деген таризде айтчубуз да. Бүгүн окурман, угарман, көрөрман “Азаттыкка” канчалык муктаж?

Султан Каназаров: Муктаж. Себеби. Азыр жалпы республикалык масштабда беш телеканал бар. Бешөөнүн төртөө – КТРК, ЭлТР, Пирамида жана 5-канал мамлекеттен акча алат. Алардын позициясы белгилүү. Бирөө - (НТС) баарыбыз билген бир жеке ишкердин, мурдагы премьер-министрдин жеке телеканалы. Анын позициясы дагы түшүнүктүү. Каалагандай чагылдырат.

“Азаттык”: Каалаган учурда өзүнүн кызыкчылыгын коргойт.

Султан Каназаров: Албетте. Мындай учурда каржылык көз карандысыз маалымат каражаты сөзсүз керек. Гезиттерден деле эки эле түрү бар: мамлекеттик жана жеке менчик гезиттер. Алардын позициясы дагы белгилүү. Мындайда көз карандысыз маалымат каражаты өтө чоң мааниге ээ. Бул жагынан “Азаттыктын” ордун эч ким ээлей албайт. Бирөө келип, 5 миң доллар сунуштай албайт, “Азаттыктын” кабарчысы дагы бирөөгө барып жалдырабай иштегенге мүмкүнчүлүгү бар. Бул өтө чоң саясий мааниси бар нерсе.

“Азаттык”: Билесиң да, биздин эрежелерге ал дал келбейт дагы.

Султан Каназаров: Ооба. Башка басылманын башчысында кантип акча табам, кантип жамаатты багам деген баш оору бар. Чыгармачылык экинчи планда. “Азаттыктын” директорунун аны менен башы оорубайт да. Чыгармачылыкты кантип өнүктүрөм, аудиторияны кантип кеңейтем, кантип жаңы форматтарды табам деген максат биринчи орунда турат. Ошондуктан, “Азаттыктын” ролу көптөгөн жылдарга сакталат. Балким радиокабылдагычтар жоголуп, интернетке өтүп кетебиз. Бул башка нерсе. Бирок “Азаттыктын” миссиясы - өзгөрүүсүз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG