Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды


«Азаттык» радиосу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган «Менин бир кыялым…» аттуу дилбаян жана көркөм окуу боюнча сынактардын жыйынтыгын жарыялайт. Эки ай аралыгында дилбаян боюнча сынакка жалпысынан 109 материал (кыргыз, орус, англис тилдеринде), көркөм окуу боюнча сынакка 37 аудиоматериал түштү.

Калыстар тобу бул материалдардын баарын карап чыккан соң, төмөнкү авторлордун материалдарын жеңүүчү деп тапты.

Дилбаян сынагы:

1. Айзада Апазова - “Элеттик мугалимдин кыялы”

2. Валентина Житенева - “Вспомнят ли о нас - детях войны?”

3. Tokhir Palaev - "How will darkness come to light?”

Көркөм окуу сынагы:

1. Өндүрүш Токтонасыров (кырг.)

2. Тынымгуль Эшиева (русск.)

3. Никита Меньшов (англ.)

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Мартин Лютер Кингдин туулган күнүндө, 2014-жылдын 21-январында Бишкектеги Америка борборунда (Касымалы Баялинов атындагы китепкананын 2-кабаты, Атай Огонбаев көчөсү, 242) өтөт.

“Азаттык” сынактын жеңүүчүлөрүн чын дилден куттуктоо менен сынакка катышкан бардык окурмандарына алкыш айтат.
XS
SM
MD
LG