Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

“Төккөн күнгө бактым үчүн сүйүнүп, өткөн күнгө ыйлай албай келемин» же менин жашыл дүйнөмдөгү «Илхам»


Бир күнү колума баракча карматышты. Аягына «Илхам» деп басылган мөөр түшүрүлгөн кат экен. «Карамат, эртең менен артист көйнөктөрдү, кемсел, сөйкө, шакектерди алып, Анарык деген айылга келип кал. Концерт коюшубуз керек. Бүт айыл күтүп атат» деп жазылыптыр. Ал күнү буюмдарды чогулттум да, эртеси таң заардан жанагы айылга жетип келдим. Үлгүрүпмүн. Алар бул айылдын мектебинде практикасын өтөп жатышкан. Баары 17-18 жаш курактагы кыздар ырдап, бийлеп, жаңы ырларын окуп, кыскасы ал айылды ошол күнү шаңга бөлөп жибердик.

«Илхам» деп топтун атын ким койгонун деле билбейм. Жалаң кыздардан турган мындай топту түзүү кимдин идеясы, эмнеге муктаж болушканы да табышмак. Алар менден бир жыл мурун даярдоо курсуна келип, кайра филфак, журфакта окуп калган «деддер» болчу. Мен да ошол 1992-93-жылы КМУУга өз күчү менен өткөн, ошол мүмкүнчүлүктү тартуулап бирок баштаган реформасынын аягына чыгарбай элге билим берүү министри Чынара Жакыпованы кызматынан шыпырып түшүргөн акыйкатсыздыкты жемелеп, «Чынар эже - сиз чынарсыз» деп макала жазган, көкүрөгү күч, дымагы аалам чапчыган 1-курстун студенти болчумун.

«Акыйкатсыздыкка жем болгон сиздин алдыңызды торогондор тарыхта калышпайт. Жалгыз эмессиз. Биз болсо сиздин жолуңузду улантуучуларданбыз» деген мазмундагы макалам менен «таанылбасам», балким мен деле алар менен дос болбой өздөрү айткан «көз жаздымдагылардын» катарына кирмекмин.

Жан-дүйнөсү, кулк-мүнөзү, көз-караштары туура келген айылдык 12 кыз бири-биринен калышпай адабий китептерди окушчу. Ошо, Кришнамурти, Ницще, Конфуций, Кафка, Бернард Шоу, Островский, Толстой сыяктуу авторлордун китептерин баштарына жаздана уктап, Хемунгуэйди аксакал деп «сакалынан сылап», Кафканын баш оорусунан «чаалыгып» кээде батыш, чыгыш авторлорун бири-бирине «чабыштырып» жиберишчү. Мен дагы алар билгенден куру калбайын деп сабактан тышкары жумушка чыгып иштеп тапкан каражатыма Сальвадор Далинин чоң китебин сатып алып, Пикассонун сүрөттөрүн бөлмөмө чаптап койдум.

Окуу жайдын «шок кыздары» дагы аталдык. Биз жашаган бөлмө эле эмес, жатакана шаңга бөлөнүп турар эле. Жакын жашагандар кадимкидей «жабырлануучунун» кейпин кийишчу. 3-кабатта жашаган жогорку курстун балдары арызданып, «Асты таш, үстү таш ортосунда бышкан аш» болдук дешчу ызы-чуудан тажаганын жашырбай.

Кезек менен жатаканада кече өткөрчүбүз. Жөн эле эмес, кыргыз элине таанымал жазуучуну, эл артистин, таанымал саясатчыны же журналистти, атактуу обончуну чакырып жолугушуу өткөрөр элек. Ал күнү да чырагыбыз өчпөй «жабырлануучуларды» «бышырып» чыкчубуз.

Театрга коюлган ар бир спектаклден калбай, жазуучулардын юбилейине гүл көтөрүп барып, андан кайтканда жатаканга дейре ырдап келчүбүз. Анан түнү менен дагы чырак өчпөй ар кими өз алдынча «шедевр» жазып кирет. Бир күнү Бермет (кечиргиле, кыздардын аттарын белгилүү себептерден өзгөрттүм - К.Т) ыр жазыптыр. Анысын түнкү саат 3тө бүтүп, Алыкулга сүйүнчүлөйүн деп Ала-Арчага баратса алдынан мас киши чыгып атпайбы. (Кыргыз эл акыны Алыкул Осмонов 35 жашында дүйнөдөн өткөн. Ар жылы 21-март анын туулган күнүндө көрүстөнүнө барып, эскерүү, ыр окуу салтка айланган - К.Т) Анын тийишкенине көңүл да бөлбөй, унчукпай көрүстөнгө кирип баратса Берметтен жүрөгү түшкөн мас артын карабай качканын эртеси айтып күлдүрүп жатпайбы.

Баарынан таланттуу кызыбыз Батма болчу. Ырдын сөзүн, обонун төп келиштирип жакшынакай бир чыгарма жаратып койчу. Көп конкурстарга катышып алдыңкы орундарды утуп алды. Анын ырларын атактуу аткаруучулар азыр деле ырдап жүрүшөт.

Төккүн жамгыр, төккүн жамгыр тышта түн,
Мен да тышта, мен да жаанда түндөмүн.
Төккөн күнгө бактым үчүн сүйүнүп,
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.
Адамдарга чачып жүрүп сүйүүмдү,
А мен өзүм тазарбапмын кирдепмин.

Бул ырын Батма жаанда, таң азанда бизди тургузуп окуп берди. Баарыбыз кол чапкылап, «Эврика» деп кыйкырдык. Кагазды шап ала койгон Айжамал безген бойдон гезиттин редакциясына чуркап кеткен. Көп өтпөй шаабайы сууп кайра келгени, «Болсо сен учун Эврикадыр мен учун Эврика эмес» деп ырды столго ыргытып койгон редакторду бир айтып түгөтө албай үшкүрүнгөнү дале көз алдымда турат. Көрсө редактордун өзү биз үчүн «Эврика» болгон экен.
….
Турмуштагы ак менен кара, түн менен күн, жакшы менен жаман ортосундагы күрөштү айтып түгөтө албай баш катырып, далай ойлор менен «ооруп», философ да болдук.
Адашкан маклуктай багытым жок,
Алсызмын баштагыдай чабытым жок.
Түнөгүм түптүз деңиз,
Баратам улам чөгүп ,
Кепини табыты жок
Заман ай!
Сынадың мынча неге?
Боло албайм кызыл кулак.
Сынадың мынча неге?
Сойкулук алмага жат.
Туюктан жол тапкын деп,
Адатын сынап турмак.
- деген Айжамалдын ыры биз үчүн дагы бир «Эврика» болду.

Арадан аз гана жылдар өттү. Чындык деп чыркырадык, бирок түтө албадык. Мелис байке (Эшимканов) айткан Чикатиллого айланган бул заман ары оодарып, бери оодарып, баягы «таштан гүл жасаган» биздин дүйнөбүздү бузуп кетти. Кандай чогулсак так ошондой ыдырай баштадык. «Илхам» деген аты эле калып, баягыдай уюмдашкан топ жок. Адегенде окуу жайдын башкармалыгы кыздарды ар кайсы жерде жайгашкан жатаканаларга бөлүп салганы биринчи себеп болду. Анткен менен окуу жайдагы көркөм иш-чара дале «Илхамсыз» бүтпөй окууну бүткүчө официалдуу жумуш катары мойнубузга жүктөлчү.
….
Биздин ошол чарчап-чаалыккан дүйнөбүздө бир гана кыз калып, калганы бүт «бакыт издеп» туш-тарапта. Мен минтип Европанын бир бурчунда күн өткөрүүдөмүн. Айжамал бакандай редактор болгон, Бермет бала багып үйдө дешти. Ырларын гезит беттерине чыгарып турчу эле, кийинки гезиттер ыр да чыгарбай калышкан. Батма болсо чон бизнесмен, аябай байып кеткен деп угам. Көпчүлүгү шаардагы, айылдагы мектептерде, айрымдары массалык маалымат каражаттарында иштешет. Кээде ойлонуп калам, бул биз - баягы эл улай турган, көч улай болдукпу деп. Алар кандай ойлошот билбейм. Менин дүйнөмдө баягы «Илхам» ошондой эле «жашыл» бойдон...

Карамат Токтобаева
Эркин журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG