Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

"Азаттыктын" жаңы тарыхы: Мюнхен макулдашуусу


"Азаттыкты" Кыргызстанга таратуу тууралуу алгачкы келишимге КТРдин ошол кездеги башчысы Түгөлбай Казаков кол койгон.

"Азаттыкты" Кыргызстанга таратуу тууралуу алгачкы келишимге КТРдин ошол кездеги башчысы Түгөлбай Казаков кол койгон.

“Азаттык” обого 1953-жылы чыкканы менен аны Кыргызстандык угарман эгемендик келгенден тарта гана тоскоолдуксуз уга баштаган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттигинин Мюнхен макулдашуусу шарт түзгөн.

"Азаттык" радиосунун кыргызча берүүлөрүн кыргыз телерадиосу аркылуу угузууну кепилдеген эки тараптуу макулдашууга 1992-жылы июн айында Мюнхен шаарындагы баш кеңседе кол коюлган. Ал учур тууралуу Кыргызстан тараптан макулдашууга кол койгон Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттигинин ошол кездеги директору, белгилүү композитор жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаков "Азаттыкка" маегинде айтып берди.


Мюнхенге сапар

1992-жылы мен телерадиону жетектечүмүн. Эгемендик башталып, ар бир мамлекет маалымат кызматташтыгы боюнча өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, көп сүйлөшүүлөр жүрүп аткан учур болчу. Ошондой маселе менен Түркияга барып келсем эле чакыруу келип калды. “Азаттыкты” Советтер Союзунун учурунда эле баарыбыз сыйлачубуз. Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу учурунда бизден жашырылган чындыктын бардыгын ошол радио айтаар эле. Анан каткан нерсе сырдуу да, таттуу да көрүнөт да. Бизден канча жашырылган сайын ошончолук “Азаттыкты” уккубуз келер эле. Бирок аны кырылдатып, шырылдатып, “помеха” кылып, жыргатып угузчу эмес.

“Азаттык” чакырып атат дегенде мен чын эле сүйүндүм, булар менен иштешүү керек деп. Тоталитардык системадан көңүлүбүз калган жаныбыз кийин кандай система курулат деп бир капталда баары бир чындыкты айтып турган бир булак болушу керек дедик. “Кабар” агенттигинин директору Акбар Рыскулов, байланыш министри Эмил Бектенов – үчөөбүз бардык. Ушундай курамда барасыңар деп Ак үй чечкен окшойт. Мага эч ким эч нерсе деп айткан эмес. Болгону чакырууну гана алдым.

“Азаттык” эмнеге талаш жаратты?

Чынын айтып коёюн Кыргызстандын жетекчилиги ошондо эле “Азаттыктын” келишин каалаган эмес. Мюнхенде бир эле маселе – “Азаттыкты” Кыргызстанга киргизүү каралмак. Эгемен өлкөлөрдүн тышкы сүйлөшүүлөрдө бир гана принциби – радиостанция болобу, телекомпания болобу, ошол мамлекеттик конституциялык ички түзүлүшүн бузганга аракет кылбаса жол бериш керек. Биз ушуну айтсак биздин андай кусаматыбыз жок, “Азаттыктын” программаларын Кыргызстанда угузсак дейбиз дешти. Анда болот, угузалы, бирок, кыргыз радиосунун эки программасынын кайсынысынан коё беребиз деген маселе чыкты. Талаш ушул жерден башталды. Мен экинчи программадан орун берели деп атам. Биринчи программа таңдан түнгө чейин толук. Угузуу торчосу башында эле бир жылга түзүлүп, аны ар бир редакция толтуруп жүрүп отурат. Радионун 400-500 кызматкеринин материалдары бүтүндөй биринчиден кетет. Экинчи программа деле республикага тарайт, бирок, биринчидегилер кайталанып берилчү. Байланыш министрибиз экинчи бош эмес, биринчиден беребиз деп чыкты. Программага күндө кол коюп жаткан мен билемби же сизби дегенге чейин бардык. Талаштан улам танапис сурадым.

Чыкканда айттым тиги кишиге: эгер Кыргызстан каалабай жатса ачык айтпайсызбы. Минтип алдаганда болбойт да. Азыр биринчи программага деп кол койсок, булар кире албайт, программа бекип, кол коюлган. Кантип киргизебиз? Биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргойлу, бирок калп айтпаш керек да. Ошентип, талаштык-тартыштык. Танаписке эки-үч жолу чыктык. Анан министрге “мен азыр экинчи программага кол коём, толкундарыңызды барганда өзүңүз тактап алыңыз” дедим. “Азаттык” радио борборунан Америкадагы жетекчисинин орун басары жана мен кыргыз радиосунан “Азаттыкты” коё берүү боюнча макулдашууга кол койдук.

Анын алдында эле Түркиянын “Авразия” программасын телеберүүдөн коё берүүгө кол коюп келгем. Ал деле биздин жетекчиликке жаккан эмес. “Азаттык” андан бетер жаккан жок. Анткени ал кезде демократ болуп баары эле кыйкырып атканы менен, түпкүрүндө демократияны анча жактырбаган кишилер бар болчу. Келгенден кийин эмне үчүн кол койдуңар, эмне үчүн акылдашкан жоксуңар деген сыяктуу бир топ сөз болду. Ачыктан ачык тоскоолдук кыла алышкан жок. Артында чоң мамлекет турат, кыжылдашууну каалаган жок, бирок ичинде жактырган жок.

Ушу өткөн жыйырма бир жылдан бери бул макулдашуу тууралуу эч жерде сөз болчу эмес эле, эч ким айтчу эмес эле. Өзүм деле айтчу эмесмин. Ушу “Азаттыкты” Кыргызстанга алып келгенге биринчи кол койгон киши катары барактын бир кичинекей жеринде калдым го деп ойлойм.

Сагынышкан кыргыздар

Мен ошол беш-алты кыргызга аябай кызыгып бардым. Анткени мурда “Мекен” деген обон чыгаргам. Ал кезде патриоттук ырларды дароо кабыл алчу. Мен аны чет жакта жүргөн, Ооганстанда жүргөн, Мюнхенде жүргөн, Кыргызстанга келе албай жүргөн кыргыздардын ыры кылып жазгам. “Ала бар элге ырымды, асманда сүзгөн булуттар” деп. Менин ал ырымды цензура (ЛИТО) байкабай өткөрүп ийди. Ал ырым, “Арман” деген ырым, башкалары күү табакка чыккан. Аны Тилектеш Ишемкулов агабыз Мюнхенге мурда ала барып берген экен. Укканда эле Төлөмүш Жакып уулу агабыз бул эки ыр меники, ким жазган муну, көрөр бекемин деп жүрүптүр.

Айтылбаган сагыныч менен көрүштүк. Жакып уулу мени көрбөгөн азабы калбаган бир карып бүткөн, чүрүшкөн байкуш деп жүрүптүр. Мен анда жаңы кыркка чыккам. Кучакташып көрүшкөндө “менин ырларымды сен жазыптырсын, рахмат, жаш эле жигит турбайсыңбы” деди. Мени таң калтырганы – ошо Мюнхенде жүрсө да кимиси кайдан экенин териштирген маанай болду. Анан ошондой-ошондойду көрүп, “ай, бу кыргыз айга барса деле жиктелип, бөлүнүп кетет окшойт. Ушу Мюнхенде жүрүп, уюп, куюлуп бүтпөгөн кыргыз анан каяктан биригет? Кыргызстанда бири-бирибизге жөн эле таарынып жүргөн турбайбызбы” деп ойлоп койдум. Бу кишилердин тагдыры деле жасап алган тагдыр эмес. Пешенеге жазылган.

Казаков көз арткан, баалаган кечээги, бүгүнкү “Азаттык”

Мен аябай суктандым. Кызыктым. Бүгүн силер пайдаланып аткан телефон аркылуу интервью алчу аппарат ошол кезде эле бар экен. Кыргыз телерадиосу деле ушундайга жетип, баягы килтейген репортердон кутулсак деп ойлодум. Акча бербей эле ордуна ушундайдан бербейсиңерби, жок дегенде биринчи жылы деп сурадым. “Азаттык” тарап муну абдан колдоду. Байланыш министри жок, акча керек деп көшөрүп болбой койду. “Азаттыкты” биз таратабыз, техника биз тарапта деп, акчаны өздөрүнө которду.

“Азаттык” Кыргызстанга бүгүн да, эртең да аябай керек. Себеби, баягы революциялардын алдында кырдаал курчуп, оппозициялар куугунтукталып жаткан кезде чындыктын үнүн жеткире турган бир эле “Азаттык” калбады беле? Муну кантип танабыз? Гезиттерди го сот менен жойду, жапты дегендей. “Азаттыктын” Кыргызстандагы сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, жалпы эле адамзаттын эркиндиги, коомду демократиялаштыруу процессинде ролу аябай зор. Абдан чоң эмгек кылып атат чынында эле. “Азаттыкты” эмне үчүн экинчи президент жаптырганга чейин барды? Себеби чындык ошол жерде гана айтылып калды.

Эл аралык журналистикадагы эки тараптын ою сөзсүз болушу керек дегенди көпчүлүк маалымат каражаттары азыр билише элек. Муну бекем карманып аткан азыр “Азаттык”, Би-Би-Си, анан гезиттерде бир аз бар. Ушул эреже бардыгына тарашы керек эле. Ушул “Азаттык” тутунган эрежелерди карманса улуттук маалымат каражаттарынын деңгээли көтөрүлөт эле.

"Ыңгайсыз суроолор" кызыгып көрө турган программа. Кээде бийлик булар жалаң оппозицияны сүйлөтүп атат дейт. Оппозиция болсо “Азаттык” бийликчил болуп, жумшарып кетти дейт. Бул – бийлик менен оппозициянын табияты. Аларды колдобосоң эле душмансың. Большевиктердин сен биз менен болбосоң душмансың деген түшүнүгү калып калган. Бейтараптык жөнүндө түшүнүк жок. Ошондон улам жанагыдай сөздөр тарап атат. Ага көңүл буруу кажети жок.

“Азаттык” туура жолдо баратат. Чындыкты жеткирип туруу керек. Эч бир бийликте кепилдик жок. Дайыма эле адилет иш кылат деп айтыш кыйын. Бийлик кимди болсо бузуп коюшу мүмкүн. Ошондой учурда барометр болуп, элдин үнүн кайра элге жеткирип турганга “Азаттыктай” радио керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG