Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

“Азаттык+” бул жолу Нарындагы мал кармаган чабандардын жашоосу, өмүрүн тобокелге салып тоодон алтын казгандар жана ишкер жаштардын турмушу тууралуу берүү тартты.

Топоз тоону байырлаган жандык. Ал түз жерде жүрө албайт, деңиз деңгээлинен кеминде 2500 метр бийиктикте багылат. Аны Кыргызстандын тоолуу аймактарынан кездештирүүгө болот.

Топоз кышкысын 60 градус суукта да жүрө берет. Тез-тез жайыт алмаштырат. Колду карабай, дайыма жайытта оттойт. Аны жылуу сарайда кармоонун деле кереги жок.

Мал-жандык кармоодон тышкары Нарындын бир нече айылынын жашоочулары З000 метрден ашык бийиктиктеги Солтон-Сары жайлоосунда он күндөп жатып алтын казат. Көбү Эмгекчил айылынан келгендер. Эл аларды “алтынчылар” деп чакырат. Мыйзамсыз иш жүргүзгөн бул кенчилердин жазылбаган өз мыйзамдары бар.

Баса, алтынды бөлүп алуу оңой эмес. Кыйла түйшүк менен табылган бул баалуу зат көмүскөдө сатылары айтылып келет. Эмгекчилдиктердин минтип оокат кылганына он жылдан ашып калды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG