Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Жакында эле жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү колуна диплом алды. Эми каалганы каккылап, жумуш издеген жаштардын катары калыңдады. "Азаттык+" кезектеги берүүсүндө беш жыл окуп, жумуш таппай жүргөн жаштардын көйгөйүн талкуулады.

Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, өлкө калкынын саны беш миллиондон ашса да, анын экономикалык активдүү катмары эки миллиондун тегерегинде. Быйыл 96 миң киши жумушсуз деп каттоого алынган. Алардын басымдуу бөлүгү - дипломдуу жаштар.

Жыл сайын Кыргызстан 30 миңдин тегерегинде жогорку билимдүү адис даярдайт. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги алардын беш миңге жакынын гана иш менен камсыздоого кепилдик бере алат. Калган 30 миңге чукул бүтүрүүчүнүн айрымдары ишке орношсо, кээ бири дипломун кучактап, чет жерге кеткенге мажбур. Мындан улам адистер гуманитардык тармактарга караганда кызматчы кесиптерге суроо-талап 70-80% жогору болгонун белгилешет.

Алдыдагы беш жыл аралыгында Кыргызстандын эмгек рыногунда талап кылынуучу адистердин катарына агро-өнөр жай, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жай тармагынын бүтүрүүчүлөрү кирет.

Кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөр жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн эске алуудан сырткары, өз кызыкчылыгы менен жөндөмүн да эстен чыгарбаш керек.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG