Линктер

Ысык-Көлдөгү туризм десе эле дароо Чолпон-Ата, Бостери деп жайкы көл сезону эске түшөт. Бирок, Каракол шаары жайы-кышы менен саякатчыларды тосууга даяр. "Азаттык+" бул сапар Караколдогу туризм жөнүндө берүү даярдады.

Каракол Тескей Ала-Тоонун боорунда деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан. Шаар 1869-жылы 1-июлда түптөлүп, жанынан аккан суунун атынан Каракол деп аталып калган. Борбор Азиянын башка шаарларына салыштырмалуу Караколдо үйлөр башкача типте курулган. 1887-жылга чейин топурак үйлөр басымдуу болсо, кийин жыгач тамдардын саны өсүп, алар кооздугу менен өзгөчөлөнүп турган.

Карт тарыхтын бир үзүмүн камтыган бул үйлөр менен имараттар азыр шаардын сыймыгы. Жыл сайын аны көрүүгө келген туристтердин аягы үзүлбөйт. 1889-жылдан кийин шаарга орус падышасынын буйругу менен орустун айтылуу саякатчысы жана изилдөөчүсү Николай Михайлович Пржевальскийдин ысымы ыйгарылган. Учурда Караколдо анын аты коюлган тарыхый музей бар.

Каракол

Каракол

Каракол шаарындагы мечит тарыхый музей катары катталган. Анын курулушу 1904-жылы башталып, үч жылдан кийин аяктаган. Дунган тектүү Ма Ю Тон мечитти салдырыш үчүн Бээжинден белгилүү архитектор жана колунан көөрү төгүлгөн 20дай уста ала келген. Бул мечит чеберчилик менен салынгандыктан бир дагы мык колдонулган эмес. Совет бийлигинин тушунда ал кампа катары дагы пайдаланылган.

Мурда өндүрүшкө бай Каракол азыр курорттук шаарга айланды. Жайдыр-кыштыр андан туристтер, альпинисттер үзүлбөйт. Мындан улам чакан шаарда барган сайын конок үй, мейманкана жана хостелдердин саны да көбөйүүдө.

Улуттук оймо-чийме менен кооздолуп, каз-катарынан тизилген боз үйлөр жайлоодо эмес, кадимки үйдүн короосунда жайгашкан. Бул заманбап боз үйлөр жыл бою конок тосууга ылайыкташканы менен уникалдуу десек болот. Кыскасы, биздин топ Happy Nomads Village же Бактылуу көчмөндөр айылында конокто болду. Комплекстин негиздөөчүсү, 29 жаштагы Тынчтык чет өлкөдө билим алган соң кичи мекенине кайтып келип, ишкерлик баштаган. Жатак жайда бардык шарттар түзүлгөн. Андан тышкары бул жерде улуттук тамак-аштын даамын татып, кечкисин комуз күүсүн, элдик ырларды угууга болот.

Тескей Ала-Тоону бойлой кандай гана турист болбосун экстремалдуу эс алууга болгон таңсыктыгын канааттандыра алат. Негизинен альпинизм, рафтинг, аскага чыгуу, трэккинг же велотуризм туристтерди өзгөчө кызыктырат. Маселен, сезон убагында Кыргызстандагы “жети миңдиктерди” багынтуу үчүн дүйнөнүн ар бурчунан миңге жакын альпинисттер келишет.

Жыргалаң өрөөнү да туристтерди тартууга аракет көрүп жатат. Бул шаарда айтылуу "Жыргалаң" көмүр шахтасы бар. Мындай жаратылышы кооз жерге бирин-серин саякатчыларды тартып, акча табууга аракет кылгандар бар. Алардын бири - гид Эмил Ибаков.

Каракол

Каракол

Жыргалаң өрөөнүндө саякатчылар бара турчу жерлер көп. Алардын көпчүлүгү жаңы тур болуп киргизилип атат. Мисалы, тоо арасындагы ажайып кооз Турнаалы көлү. Турналардын бийин көрөм деген саякатчы аба ырайы жакшы болсо көлгө "жол тандабас" менен бир сааттай жүрүп, дагы бир сааттай жөө чыгат. Жаан жаап, жол начар болсо жөө жалаңдап үч-төрт саатта чыгасың. Учурда Эмил Ибаков өз күчү менен ушул өңдүү кооз жерлерге тур ачууга аракет кылып жүрөт. Бирок мындай жеке фирмалардын чамасы чак.

Биз сыяктуу тоо кыдырып, ашуу ашканды каалабагандар минтип айылдагы конок үйлөрүндө эс алышат. Мында бээнин сүтүн ичесиң, ат минип сейилдесең болот, жатаканаларда бардык шарттар бар.

Караколдун визиттик карточкасына айланган ашлямфуну да айтпай кетүүгө болбойт. Мындагы ашпозчулардын айтымында, бул тамакты шаар тургуну бир күндө жок дегенде бир жолу жейт. Ашлямфунун чыныгы рецептин бул жерде тургандардын эч бири айтпайт. Бир порциясынын баасы 30 сом, биз жардам берген эже күнүнө жүз порция даярдап, баары сатылып кетерин айтты. Кыскасы, муздак тамакты сатуу кирешелүү эле бизнес экен.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG