Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Президенттин үйү: Укуевдин таржымалы


Атамбаевдин үйү делген Кой-Таш айылындагы имарат
Атамбаевдин үйү делген Кой-Таш айылындагы имарат

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сотко берерин маалымдады.

Экөөнүн кайым айтышы Текебаев Ибраимовдун аялына катталган 2,7 гектар жердин президент Алмазбек Атамбаевге сатылышында күмөндүү жагдайлар бар деп билдиргенден кийин башталган.

Ал арада бул жерди "Дастан” ишканасынан сатып алып Албек Ибраимовдун аялына сатты деген, коомчулукка такыр белгисиз Анарбек Укуевге байланыштуу жаңы жагдайлар сөз болууда.

2012-жылы “Дастан” ишканасына таандык 2,7 гектар жерди сатып алган Анарбек Укуевдин ысымы аталган жерди 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаевге саткан деген маалымат ачыкка чыккандан бери гана айтыла баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев буга чейин парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ал ири курулуш компаниясынын башчысы экенин айткан. Түбү Таластан экенин, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен туугандык жайы жоктугун маалымдаган.

Ал арада “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин талаштуу жердеги үйүн Укуевдин Aska-FEZ деген курулуш компаниясы салып жатат деген маалымат бар экенин айтып чыкты.

Анын белгилешинче, борбор калаанын мэри Албек Ибраимов “Бишкек” эркин экономикалык аймагын жетектеп тургандан тарта Укуев менен мамилелеш болгон, кийин “Дастан” ишканасына жетекчи болуп келгенде бул ишканага таандык жерди күмөндүү жагдайда саткан:

- Албек Ибраимов “Бишкек” эркин экономикалык аймагын жетектеп турганда Aska-FEZ жалданма компания болуп, экөө ал жакта бир топ объектти курган экен. Экөөнүн тааныштыгы ошол жерден башталат. Ибраимов 2012-жылы “Дастанга” барганда Директорлор кеңеши ошол жер сатылсын деп чечим чыгарат. Беш күндөн кийин ал жер Укуевге катталат. Ошол беш күндүн эки күнү дем алыш күн болгон, жердин сатылып жатканы тууралуу эч ким билген эмес, жарыя болгон эмес. Ошол кезде “Дастанды” жетектеп турган Албек Ибраимов, ишкананын Директорлор кеңешиндеги Юрий Васильев жана башкармалыктын мүчөсү болгон киши да Атамбаевге таандык болгон “Кыргызавтомаш” ишканасында иштеген. Алар ошол жер тилкесин Албек Ибраимовдун өнөктөшүнө, тааныш адамына сатып, анан кийин бул жерди аялына алып отурат. Анан эң негизгиси - эмне себептен азыр Укуевди айта албай жатышат? Такталбаган маалымат боюнча Укуев Атамбаевге үй салып берип жатат деп айтылууда. “Бишкек” ЭЭАнын жумушчулары Укуев Атамбаевге үй сала баштагандан бери жаңы “Гелендваген” үлгүсүндөгү жол тандабас унаа минди деп айтып жатышат.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Мэр: Текебаевди сотко берем

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун "Азаттыкка" ырасташынча, ал Укуев менен бир топ жылдан бери тааныш, бирок “Дастанды” жетектеп турганда бул ишканага таандык жерди тааныш-билиш болгон үчүн саткан дегенди негизсиз деп атады:

- Мен ал кишини тааныйм. "Бишкек" ЭЭАда фирмасы болсо тааныйсың да. Өзүнүн субъекттерин тааныбаган директор да директорбу. Мен ал кишини андан мурда эле таанычумун. Ал алтымышка чыккан киши. Шаардагы көп объекттерди курган. Убагында “Азат” деген корпорацияда иштеген. СЭЗде объекттерди курган. Советтер союзу урай электе көп жыл курулуш тармагында иштеген. 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгын өткөргөндө ал киши Манас айылын салган. Өндүрүш имараттарынын көбүн курган.

Албек Ибраимов (солдо)
Албек Ибраимов (солдо)

Ибраимов азыр Алмазбек Атамбаевдин тамын Укуевдин фирмасы салып жатканы тууралуу кабары жоктугун айтып, Текебаевди сотко бергенге даярданып жатканын кошумчалады:

- Мен ким салып жатканын билбейт экем. Ким кимге заказ кылганын билбейм. Жеке менин курулуш фирмам жок. Ким менен келишим кылат ким билет, ал жерде жалданма компаниялар толтура да. Ал эми сот тууралуу расмий маалыматтардан угасыңар. Азыр юристтерибиз даярданып жатат. Сот материалдарды алабы же жокпу, билбейбиз, бирок алгыдай кылып даярдап жатабыз.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов да Атамбаевдин үйүн ким салып жатканынан кабары жоктугун айтып, бирок бул үй мамлекеттин акчасына курулуп жатат деген сөздөрдү жокко чыгарды:

- Бул жеке объект. Мамлекетке карабайт. Ошондуктан ким куруп жатканын билбейм. Алмазбек Атамбаев өзүнүн акчасына өзүнө үй курдуртуп жатат. Бул резиденция эмес. Мамлекеттин акчасына үй курган Акаевдин, Бакиевдин убагында болсо керек. Азыр жөн эле ушак чыгарып жатышат.

Атамбаевдин үйү делген имарат.
Атамбаевдин үйү делген имарат.

Анарбек Укуев жерге байланыштуу чырлуу жагдайлар боюнча азырынча ачыкка чыгып, комментарий бере элек. “Азаттыктын” аны таап, байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Юстиция министрлигинин сайтында ушундай ысымдагы адам Aska-FEZ курулуш компаниясынын жетекчиси экени, бул компания 2014-жылы кайра каттоодон өткөнү гана жазылып турат. Шайлоочулардын тизмесинде аты-жөнү ушундай жаран Бишкек шаарынын тургуну, 1957-жылкы экени көрсөтүлгөн.

Анарбек Укуев "Бишкек" эркин экономикалык аймагында катталган фирмасы бар. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев бул фирманы билбей турганын айтты:

- "Бишкек" эркин экономикалык аймагында курулуш материалдарын чыгарган, кызмат көрсөткөн курулуш компаниялар бар. Кызматты бизде эле эмес, башка жактарда деле көрсөтө берет. Мен аларды тааныбайт экем.

Атамбаев сатып алды деген жер 2010-жылы апрель окуяларына чейин ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “Арткурулуш дизайн” фирмасынын ээлигинде болгон. Бул ишкана жерди “Дастан” мамлекеттик ишканасынан 2008-жылы 26 миллион сомго сатып алган. Бирок акчасын которгон эмес деген жүйө менен 2010-жылдан кийин жерди “Дастан” сот аркылуу кайра алган.

Ушул тушта айрыкча социалдык тармактарда Атамбаев мындай чырлуу жерге курулган там-ташын жетим балдар үйү кылып бериши керек деген демилгелер көтөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG