Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Ылдамдыкты сүйгөн байкерлер


Бишкек
Бишкек

Мотоцикл бирөөлөр үчүн кан кызыткан адреналин жана шамал менен жарышкан ылдамдык болсо, айрымдар үчүн бул мемиреген тынчтык менен жыргал. Кош дөңгөлөктү жакшы көргөндөр кимдер? Стантерлер, круизерлер жана кроссерлер деген кимдер? "Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышы мына ушул кош дөңгөлөктөргө жана анын ээлерине арналды.

Ылдамдыкты эңсегендер үчүн мотосезондун расмий ачылышы чоң майрам. Байкерлер бул күндү жылы бою күтүшөт.

Бул күнү Бишкектин көчөлөрүн жүздөгөн байкерлер каптайт. Иш-чарага катышуу үчүн кош дөңгөлөк темир тулпарлары менен бир катар чет өлкөлөрдөн да байкерлер келишет.

Константиндин “чопперин” келген коноктор кызыга карап жатышат. “Чоппер” – эски үлгүдөгү унаалардын тетиктеринен кураштырылган классикалык мотоцикл. Константиндин кесиби архитектор-дизайнер болгондуктан темир тулпарын жан дили менен берилип иштеп чыккан. Анын колуна тийген эски “Урал” байкерлердин кыялындагы “Харли Дэвидсонго” айланды.

Чыныгы “Харли Дэвидсондун” баасы асман чапчыйт. Бирок эркиндикти сүйгөн байкерлерди баасы токтото албайт. Керек болсо ал үчүн акыркы акчасын сарптоого да даяр. Роман темир жоргосун Константиндей болуп өз колу менен жасап албаганы менен эки жыл акча топтоп, бойдок кезинде сатып алууга ашыккан. Үй-бүлө кургандан кийин мындай чыгымга жол бере албай калышым мүмкүн деп эсептейт.

Кыргызстанда мото сүйүүчүлөрдүн биримдиги түзүлгөнүнө беш жыл болду. Уюмдун мүчөлөрүнүн ынтымагына суктанууга болот. Бири-бирин ара жолдо, кырсыкта таштабайт. Арасында мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, юристтер жана башка түрдүү кесиптин ээлери бар. Санаалаштарына жардам колун сунууга ар убак даяр.

"Азаттык+": Кош дөңгөлөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:19 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG