Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Саясат эмес, саякат жыттанган Соң-Көл


"Азаттык+" бул жолу кереметтүү Соң-Көл жайлоосуна сапар тартты.

Табиятынын керемети менен чет элдик туристтердин көпчүлүгүнүн сүймөнчүгүнө айланган Соң-Көл деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте, Тянь-Шань тоолорунун арасында жайгашкан. Тоо боорун аралап чыккан айланма жол автострада сапатында болбосо дагы жайлоого чейин жеңил машине менен барууга мүмкүн. Биз Соң-Көлгө Кыргызстандагы Жөө туристтер союзу уюштурган эки күндүк тур менен бирге жолго чыктык.

Жайлоонун абасы баланын кыялындай деп айтылгандай, ашуунун алдында жамгыр болсо, үстүндө бизди кар күтүп жатыптыр. Бирок бактыбызга жайлоого жетип-жетпей күн ачылып, Соң-Көл жакшы маанайда тосуп алды. Жалпы жолунан алты саат жол жүрдүк, айтмакчы, эки күндүк эс алууга бир адам орто эсеп менен 3000 сом коротот экен. Эмесе, биз көргөн Соң-Көлдү сиз дагы көрүңүз.

Саясат эмес, саякат жыттанган Соң-Көл
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:15 0:00

Июнь айынан сентябрдын аягына чейин Соң-Көлдөн АКШ, Англия, Франция, Германия, Малайзия жана башка чет өлкөлөрдөн келген туристтерди жолуктурууга болот. Көлдү жээктей аймактарда ондой үй биригип, Бишкектеги туристтик фирмалар менен иштешет.

Эскиден мал карап күн көргөн жергиликтүүлөр акыркы жылдары жайлоонун туристтик дараметин да пайдаланып, эл аралык деңгээлде конок күтүүнү өздөштүрүүдө. Албетте, бирөөнүн көзүн карабай киреше таап, мамлекетке да салык төлөп жатканы жакшы.

Саясат эмес, саякат жыттанган Соң-Көл (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:19 0:00

Бирок турист тосуучулар малчылардай жайыт которбой, жылына бир жерде отура бергендиктен жер такырайып баратканын айта кетпесе болбос.

Дагы белгилей кетчү негизги көйгөй экология маселеси, көл жээгиндеги тазалыктын абалына көңүл бурган эч ким жок. Көлдө браконьерлер мыйзамсыз балык уулаганы көзөмөлсүз калганын жээкте жаткан торлордун көптүгүнөн байкаса болот.

Саясат эмес, саякат жыттанган Соң-Көл (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:58 0:00

Кыргызстанда туризм дегенде эле Ысык-Көлдү элестетсек, эми Соң-Көл сыяктуу кооз жерлер да туристтердин сүйүктүү эс алуу жайына айланганын көрүүгө болот.

“Азаттык” мындан ары чет элдик туристтерди эле эмес, кыргызстандыктарды да таң калтырган ажайып кооз жерлерге саякатын улантат. Саясатты коюп, саякатты сүйгүлө, Соң-Көл сиздерди күтөт!

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG