Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

“Кичинекей кыргыз” Бельяниновдун миллиондору


Андрей Бельянинов жана Алмазбек Атамбаев, 9-апрель, 2013-жыл
Андрей Бельянинов жана Алмазбек Атамбаев, 9-апрель, 2013-жыл

Кыргызстандын Бажы кызматы Андрей Бельянинов Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга аткезчилик жол менен ташылган жүктү калкалап келген болушу ыктымал деген маалымат териштирилерин билдирди.

Орусиянын Бажы кызматынын төрагасы Бельянинов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын да теңтөрагасы катары белгилүү. Орусияда ири арак контрабандасы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 26-июлда анын үйүн тинткенде ири өлчөмдө накталай акча чыкты. Бул окуядан кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын иши, бажы тармагындагы Бельяниновдун трансулуттук, саясий коррупцияга катыш-тийиштиги тууралуу талкуулар жаралды.

Андрей Бельянинов Кыргызстанга эң көп каттаган орус өкмөтүнүн өкүлү жана орус бийлигинин Кыргызстан боюнча куратору катары сыпатталат. Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы аны “Данакер” ордени менен сыйлаган жана “Кыргызстандын чоң досу, Москвадагы биздин “кичинекей кыргыз” деп да атаган.

Бельянинов Орусиянын Бажы кызматын 10 жылдан бери жетектеп жатат жана кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясына 2011-жылдан бери теңтөрагалык кылат.

Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы Бельяниновду “Данакер” ордени менен сыйлаган
Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы Бельяниновду “Данакер” ордени менен сыйлаган

Орусияда Германиядан аткезчилик жол менен ташылып келген кымбат баалуу арак-шараптар боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу 26-июлда анын үйүн тинткенде бут кийимдердин кагаз кутуларында катылган миллиондогон накталай акчанын табылышы коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылган контрабандалык жүккө көзөмөл кылып, ага Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчилери кошо аралашкан болушу мүмкүн дегендей пикирлер да айтылып жатат.

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрага орун басары Алтынбек Торутаев 27-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-орус жогорку бийлик өкүлдөрү контрабандага аралашып жүрөт деген маалымат иликтенет деп ишендирди:

- Мындай маалымат бизде азыр жок экен. Биз аны өзүбүз териштиребиз. Азыр Кыргызстандын товары жалпы Евразиялык экономикалык биримдиктин товары болуп эсептелет. Бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинде жүргөн товарлар контрабанда болуп эсептелбейт. Мисалы, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында бажы көзөмөлү жок. Ошондуктан бизде мындай бажы статистикасы жүргүзүлбөйт.

Бул трансулуттук коррупциянын, маңзат соодасынын өнүккөн формасы. 90-жылдары жөнөкөй эле формада болчу, ортодо бөлүп алып андай-мындай кылышчу.

Бельянинов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке киришине байланыштуу бардык жараянды көзөмөлдөп жүргөн. Бул биримдик кайсы бир бизнес чөйрөнүн кызыкчылыктарын коргоого ыңгайлаштырылган, Орусиядан келген акчаны жең ичинен кымырып алып кетүүнүн жол-жобосу түзүлгөн деген өңдүү сөздөр айтылган. Маселен, Москва Бишкекке бажы тармагын жаңылоо үчүн 200 миллион доллар бөлгөндө, анын теңинен көбүн орусиялык “Крокус интернешнл” ишканасынын алышы табышмактуу бойдон калган.

Бажы кызматындагы Коомдук байкоочу кеңештин мурунку мүчөсү Эрлан Базарбай уулу соңку доомат тыкыр иликтениши керектигин айтты:

- Албетте бул ойлондуруучу маселе. Акыркы убакта кыргыз-орус мамилелерине аралашкан кишилер боюнча бир катар окуялар болду. Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди курам деген “Русгидронун” жетекчиси Евгений Доддун кармалышы да бир топ ойлорду жаратты. Бельянинов мырза Кыргызстанга абдан күйгөн мырзалардын бири эле. Бул маселени ар тараптуу карап, изилдеп чыксак болот. Балким бизде деле контрабанда жолу менен чечип жүргөн күчтөр болгондур.

Евгений Дод, 23-июнь, 2016-жыл
Евгений Дод, 23-июнь, 2016-жыл

Бул окуя кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясына байланыштуу талкуу жаратты. Мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин пикиринде, Бельяниновдун окуясы бул комиссияга жана анда кабыл алынан чечимдерге көлөкө түшүрдү:

- Биздин айрым аткаминерлер Бельянинов менен иштеп жүргөн. Айрымдары достошуп да кеткен, жакшы мамиледе болушкан. Бул окуядан улам биздин биргелешкен комиссиянын кадыр-баркы төмөндөшү мүмкүн. Анткени биз бул комиссияга ишенип жүргөнбүз да. Бир топ маселелер талкууланып чечилген, алака-катыш түзүлгөн, жардамдар келген. Ушул жагынан алып караганда жакшы эмес болуп калды.

Бул чөйрөнү жакшы билгендер Бельянинов менен Кыргызстандын Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов экөө өтө жакшы мамиледе экенин айтып жүрүшөт. Жунусов өткөн айда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалган эле.

Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди курам деген “Русгидронун” жетекчиси Евгений Доддун кармалышы да бир топ ойлорду жаратты.

Бельяниновго байланыштуу окуя трансулуттук, саясий коррупцияга байланыштуу талкууга жем таштады. Эксперт Эркайым Мамбеталиеванын баамында, мындай коррупциялык айла-амалдарды колдонуу жогорку чекке жетти жана мыйзамдар менен жолго да салынып калды:

- Кыргызстан канча жылдан бери эле наркотрафик экени айтылып келет. Анын артында кимдер турганы, азыр кимдер көзөмөлдөөрү тууралуу сөз болуп эле жүрөт. Бирок анык далил болбогондон кийин териштирүү оңой эмес. Бирок талдоочу, атайын адис эместерге деле мунун артында кимдер турганы белгилүү да. Бул трансулуттук, саясий коррупция дегендин эле жакшы үлгүсү. Мисалы, Орусияга аткезчилик жол менен ташылган жүктү бир эле өлкөнүн бир гана мамлекеттик түзүмү эле көзөмөлдөрү мүмкүн эмес. Бул деген трансулуттук коррупциянын, маңзат соодасынын өнүккөн формасы. Андан ары анын формаларын да өнүктүрүп алышкан. Мурун 90-жылдары жөнөкөй эле формада болчу, ортодо бөлүп алып андай-мындай кылышчу. Азыр болсо кынтыксыз кылып документтерди толтурганды, мыйзамга тууралаганды үйрөнүп алышты.

Бельяниновдун үйүнөн табылган миллиондор Кыргызстандын бажычыларынын айланасында айтылып жүргөн сөздөрдү кызытты. Интернетте айрыкча бул тармакты бир канча жылдан бери башкарып келаткандардын үйү капысынан тинтилип калса, Бельяниновдукунан да көп акча чыгышы ыктымал дегендер да болду.

XS
SM
MD
LG