Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Кыргызстан кыздарына аза күтүп жатат


Аза күтүүгө байланыштуу мамлекеттик туулар түшүрүлдү.
Аза күтүүгө байланыштуу мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

Москвадагы өрттүн курмандыктарын эскерүү үчүн Кыргызстанда 29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды. Кечээ Бишкекте жана Москвада бейкүнөө каза тапкан мигранттар эскерилди.

Бишкектеги эскерүү иш-чарасына чогулгандар окуяны көз карандысыз иликтөөнү талап кылышты. Буга бийлик өкүлдөрү да келип катышып, Орусиядагы тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша чара көрүлөрүн айтышты.

Кырчындай өмүрлөрдү жалмаган кайдыгерлик

Бишкектеги Уркуя Салиеванын айкелине Москвадагы өрттөн казап тапкандардын ысмы жазылып, гүлчамбар коюлуп, чогулгандар атайын баракчага аза сөздөрүн калтырышты. Бул иш-чараны коомчулук өкүлдөрү, журналисттер уюштуруп, ага саясатчылар менен аткаминерлер келип катышты. Журналист Бейшенбек Бекешов Москвада кырчындай кыздардын кырсыкташына жол бергендер тараптардын аракетин айыптады:

- Көрүп туруп, кырчындай болгон кыргыздын кыздарын сактап калайын деген куткаруучулар болбоптур. Өрттүн ичинде калып кеткен кыздарды өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар алып чыгууга кол кабыш кылбай койгонун ыйлап айтып жатышат. Кайра тескерисинче, карап турушуптур... Балакет союзга киргенде деле алар үчүн биз эл эмеспиз. Кыргыздын тукумун улай турган кырчындай болгон жапжаш кыздар күйүп кетти. Оо, кыргыздар, эмнеге кыз балдарды ал жакка “акча таап кел” деп кетиресиңер. Биздин ата-энелерде дагы айып бар. Анан эң башкы күнөө бул – биздин элди тентиткен бийликте.

Жону катуу жоопкерчилик

Евразиялык биримдикке кирүүдө бийликтин убадаларын эстеген коомчулук өкүлдөрү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын кооптуу шартта иштеген жагдайларына токтолушту. Белгилүү окмуштуу, археолог Бакыт Аманбаева улуттук кызыкчылыкты коргой албаган мажирөө кыргыз саясий элитасын сындап, элдин чыдамы чегине жеткенин эске салды:

- Биз азыр референдум, Конституция деп баш оорутуп жатканда минтип жаш, көчөттөй болгон кыздарыбыз өрттөнүп, күлгө айланды. Алар жашоону көрө элек болчу. Айылынан алыска чыкпай жүрүп, Москвага акча тапканы барып ушуну көрүп отурушат. Мына ушундай боло турган болсо, айткылачы айланайындар, биз эмне үчүн ЕАЭБге кирдик. Айтып түшүндүрүп бергилечи мага, урматтуу жетекчилер!

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Москвада өрттөн каза тапкандардын окуясын алардын жакындарынын гана күйүтү эмес, жалпы улуттун трагедиясы деп атады. Өмүрбек Текебаев бийлик мындан сабак алууга тийиш экенин айтты:

- Биз бул окуядан сабак алуубуз зарыл. Бул катардагы эле кырсык эмес. Бул кесепеттери жана себептери бир топ терең улуттук трагедия. Өкмөт мындан тиешелүү жыйынтык чыгарып, биздин чет жердеги мигранттарыбыздын сырттагы укугун коргоп, алардын коопсуздугун сактоо чараларын бекемдей турган реалдуу иш-программаларын иштеп чыгуусу керек.

Бишкек: Өрт курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Өкмөт өкүлдөрү Москвага жөнөп кетти

Чогулгандардын айрымдары бийликтен үч күндүк аза күтүүнү жарыялап, эгемендиктин 25 жылдыгына байланышкан оюн-зоокторду токтотуу талабын коюшту. Ошондой эле Москвада кыргызстандык кыз-келиндердин өмүрүн жалмаган өрттүн чыныгы себептерин көз карандысыз иликтөөнү талап кылуу маселеси көтөрүлдү. Москвага өкмөттүн өкүлчүлүгүн баштап бараткан вице-премъер-министр Гүлмира Кудайбердиева бул суроого мындайча жооп берди:

- Биз албетте, талап кылабыз. Бул жагы чечиле турган болсо, ал тууралуу элге айтабыз. Азыр эми тергөө жүрүп жатат. Мына ошонун жыйынтыктары чыксын. Мына бүгүн азыр биз жөнөп бара жатабыз. Айрым жагдайлар боюнча мен азыр эле башкы прокурор менен сүйлөштүм. Анан азыркы учурда биздин өкмөт башчыбыз Орусиянын премьер-министри менен сүйлөшкөнү жатат.

Аза күтүү иш-чарасына келген президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов каза тапкандардын жасатын Москвадан алып келүү биринчи маселе экенин айтты. Өрттүн ичинде калгандарды өз учурунда алып чыкпай койгон орусиялык куткаруучуларга карата кыргыз бийлигинин мамилеси тууралуу суроону жоопсуз калтырды. Фарид Ниязов бул боюнча топтолгон далилдерге тергөө гана чекит койорун айтты:

- Мунун бардыгын тергөө органдары териштирсин. Биздин укук коргоо органдарыбыз дагы ал жак менен биргеликте кызматташат деп ишенем. Анткени биз баарыбыз мына ошол өрт жүрүп жаткан учурдагы видео тасманы көрдүк, окуянын күбөлөрүнүн айткандарын жана расмий комментарийлерди уктук. Мына ошолордун бардыгы биздин көзөмөлдө. Ошондуктан азыр токтоосуз чечүүнү талап кыла турган көп маселелер бар экенин айткым келет.

29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды

Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматынан 28-августта кечкурун кабарлашты. Жарлыкка 27-августта бир убакта эки кырсык орун алганы айтылат.

“Москвадагы өрттөн кесепетинен 14 жараныбыз каза тапты. Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан тогуз жараныбыз мерт кетти. Бул Кыргызстандын эли үчүн абдан оор жоготуу. Буга байланышуу Кыргыз Республикасынын аймагында 29-август аза күтүү күнү катары жарыяланат жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик желек түшүрүлөт” - деп айтылат жарлыкта.

​29-августта өлкөнүн маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларда көңүл ачуу программалары өткөрүлбөйт.

Ошондой эле президент бийлик органдарына каза болгон жана жараат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамды көрсөтүүнү тапшырды.

Жол кырсыгы демекчи, 27-августта Бишкек-Ош каттамынын 178-чакырымында "Мицубиси Лансер" жана "Фольксваген Пассат" автоунаалары кагылышкан. Анда "Мицубиси Лансер" автоунаасынын айдоочусу, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну 30 жаштагы Болот Жумадылов, Тынчтыкбек Кулов, Айзада Исмаилова, Нурдин Касымов каза тапты. Ошондой эле экинчи автоунаанын ээси Жылдызбек Шүкүров, келинчеги Элнура Шүкүрова, бир айлык эгиз балдары Аэлин жана Алият, үч жашар Нурайым каза болгон.

"Мицубиси" автоунаасынын ичиндеги алты жашар Арсен Бактыбеков оор абалда ооруканага түшкөн.

Шейит кеткен кыздардын тизмеси

27-августтагы өрттө өмүрү кыйылган 14 кыргызстандык кыз-келиндин тизмеси жарыяланды.

1. Абдумаматова Айчүрөк, 1990-жыл, Ош облусу,

2. Абдаким кызы Айкөл, 1993-жыл, Ош облусу,

3. Абдуганиева Жаркынай, 1982-жыл, Баткен облусу,

4. Алабердиева Кыял, 1986-жыл, Ысык-Көл облусу,

5. Азимжан кызы Махигул, 1995-жыл, Жалал-Абад облусу,

6. Базарбай кызы Айсулуу, 1993-жыл, Ош облусу,

7. Бообекова Гулбара, 1971-жыл, Чүй облусу,

8. Жумадылова Нурай, 1998-жыл, Ысык-Көл облусу,

9. Камчыбекова Алмаш, 1998-жыл, Ош облусу,

10. Канатбек кызы Алина, 1994-жыл, Баткен облусу,

11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 1995-жыл, Ош облусу,

12. Маматкасымова Индира, 1977-жыл, Ысык-Көл облусу,

13. Раимкулова Динара, 1983-жыл, Жалал-Абад облусу,

14. Топчиева Алина, 1994-жыл, Ош облусу.

Москвадагы эскерүү иш-чарасы

Москвада да 28-августта ишембиде өрт чыккан басмакананын имаратынын жанында каза болгон кыргызстандыктарды эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, каза болгондордун жакындарды катышты. Анда каза болгондордун тизмеси жарыяланып, гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

- Баарыбыз белибизди бекем бууп, бир-бирибизди колдошубуз керек болуп турат. Бул митингге эч ким атайын чакырган жок. Баарыбыз кыздарыбызды эскерели, акыркы сапарга узаталы деп келип отурабыз. Буга чейин каза болгон кыздарыбыздын сөөгүн бир-бирден азап тартып жөнөтпөйлү, бир учак болсун деп айтылган. Ошол нерсени эске алып өкмөт атайын учак жибергени жатат.

Москвадагы эскерүүдөн фотобаян

Өрттөн каза тапкандардын жасатын Москвадан алып келүү үчүн атайын учак бөлүнгөнүн айткан вице-премьер-министр Гүльмира Кудайбердиева аларды жерге берүү зыянатын уюштуруу үчүн өкмөттүн астында убактылуу штаб түзүлгөнүн билдирди. Москва шаарындагы басмаканалардын кампасынан 27-августтагы чыккан өрттөн 17 адам каза болгон. Анын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер экени дайын болду.

XS
SM
MD
LG