Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

2012: Azattyk.kg он жашта


Быйыл жыл соңунда - декабрда "Азаттык" сайты он жашка толот.

Жыл тогошуп жатканда өтүп кеткен жылда жасалган иштерге, ийгилик, кемчиликтерге бир сыйра кайрылып алмайыбыз бар. Узап кеткен 2011-жыл Azattyk.kg сайты үчүн да бир топ жемиштүү болуптур, азыр сереп салсак. Бир канча өзгөрүүлөр, жаңылануулар болду, жаңы долбоорлор кошулуп, мультимедиалык багытыбыз да чыңдалды.

Маселен, окурман менен түз баарлашууга шарт түзгөн “Интернет эрөөлдү” өткөн жылдагы өзгөчө долбоорлордун бири десек болот. Жыл ичинде анда жалпысынан 15 адам конок болуп, окурмандарыбыз менен түз баарлаша алды. Арасында мамлекет жетекчилери, депутаттар, саясатчылар бар, кинорежиссер, муфтий да болду. Коноктордун арасында окурмандарыбызды сыйлап, бардык суроолорго жооп бергени болду, безге сайган ыңгайсыз суроолорго кызаңдап, “өзүңөр эле атайлап ушундай суроолорду уюштуруп атат окшойсуңар” дегени болду. “Мен мындай суроолорду кимдер берип жатканын билем, бирөөлөр эле бир кеңседе отуруп алып жаадырып жатат”, - деп кебелбегендей түр көрсөткөнү да болду. Канткен менен конокторбуздун көпчүлүгү жүз көрүшпөсө да интернет аркылуу бир канча адам менен баарлашканына ыраазы болуп кетип атышты. Жүздөгөн окурмандарыбыз суроолоруна жооп ала алды.

Бул жылдагы өзгөчөлөнгөн дагы бир долбоорубуз “Чет өлкөдөгү журтташтар” деп аталган микросайтыбыз болду. Четте жүргөн мекендештерибиз үчүн ачылган бул баракчада алардын ийгилиги, кайгы-кубанычы, көйгөйлөрү чагылдырылып, өздөрү да тынбай үн кошуп турду. Айрым мекендештердин кайсы бир маселесин чечкенгенге да түрткү болду. Маселен, Түштүк Кореяда бир заводдо иштеген 22 жаштагы кыргыз мигранты Чыңгыз Исраилов иш учурунда станокко бармагын алдырып жиберген экен. Бирок ага компенсация төлөп берүү маселеси чечилбей, “Азаттыкка” чыккандан кийин гана Түштүк Кореядагы кыргыз элчилигинин кийлигишүүсү менен маселе оң жагына чечилди. Колуна бир канча жол операция жасалган соң Чыңгыз мекенине кайтып келип, “Азаттыкка” ыраазычылык билдирип кетти.

Былтыр сайтыбыз аркылуу окурмандарыбыз кайрымдуулук иштерин да жүргүзгөнүн айта кетели. Эки жыл мурда токко урунуп, эки колунан ажырап калган мектеп окуучусу Саматтын тагдыры тууралуу видео материал сайтыбызга чыккан соң, чар тараптагы окурмандарыбыз кол сунуп, кайрымдуулук көрсөтөөрүн билдиришти. Натыйжада Саматка биздин чет өлкөдөгү бир окурманыбыз компьютер сатып берсе, дагы бирлери акча чогултуп, жер тилкесин алып беришти. Анын апасы мындай колдоо Саматтын турмушун аябай өзгөртүп, жаңы дем бергенин кийинчерээк бизге айтканы бар.

Дагы бир жаңылык – орус тилиндеги баракчабыз өзүнчө сайтка айланып, кыргызча сайтыбыз менен тең тайлаша чыга баштады. Азыр эми окурмандары да күн санап көбөйүп баратат. Эгемендиктин 20 жылдыгын утурлай кыргыз-орус тилдеринде сынак да уюштуруп, жыл соңунда жеңүүчүлөрүбүздү сыйлап алганга жетиштик.

Буюрса эми жаңырган 2012-жылда да сайтыбызда бир топ өзгөрүүлөр болот. Албетте мультимедиалык багытыбызды чыңдап, былтыр баштаган түз видео берүүлөрдү дагы да көбөйтөбүз. Мындан сырткары да бир топ жаңы долбоорлорду жасасак деп турабыз. Эми аны азыр сыр кылып туралы.

Айтса, быйыл сайтыбыз үчүн мааракелүү жыл экен, декабрда “Азаттык” сайты иштей баштаганына он жыл толот. (2002-жылы декабрдан тарта иштей баштаган.)

Бул он жыл аралыгында сайтыбыз кандай өзгөргөнүн ошондон бери бизге көз салып жүргөн окурмандарыбыз жакшы билсе керек. Азыркы көз менен караганда баштапкы сайтыбыз өтө эле жупуну, жөнөкөй эле. Мультимедиа дегенден дайын жок, азыркыдай аудио, видео, саунд слайд эмес, бир сүрөттү араң койчубуз. Ошентип улам бир жаңылык киргизип отуруп азыркы деңгээлге жетти. Эми алдыда да далай өзгөрүүлөр болор...



Урматтуу окурман, сиз да ошол өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуп, биздин сайт менен дайыма бирге болуңуз. Azattyk.kg дайыма сиздин кызматыңызда. Бизге ой-сунуш, пикириңизди жазып туруңуз.


Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жыл жалаң жакшылыктарды, жаңы ийгиликтерди алып келсин, бакубат, бардам болуңуздар!
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG