Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Жакырчылык - балалыктын душманы


Кайыр сураган бала, Бишкек
Кайыр сураган бала, Бишкек

Мындан эки апта мурун чаңга оонап уктап жаткан баланын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштаган. Кыргызстанда оор турмуштун айынан талаада түнөгөн жеткинчектер жүздөп саналат. Бул көйгөйдү кантип чечебиз, келечек ээлеринин бактылуу балалыгын камсыздай алабызбы?

Интернетти тополоңго түшүргөн Исхак үч жашта. Анын энеси базарда иштейт.

Коомчулуктун кийлигишүүсү менен өкмөт баланын ата-энесине акчалай жардам, жашаганга турак жай берип, маселе убактылуу болсо да чечилгендей болду.

БУУнун Балдар фондусунун маалыматына ылайык, өлкөдөгү жаш муундун 40 пайыздан ашыгы жакырчылыкта чоңоюп жатат. Алар жетиштүү тамактанбайт, бала бакча же мектеп ордуна көчөдө күн кечирет.

Адистердин айтымында, жакырчылыкта чоңойгон балдардын ириде ден соолугу жабыркайт. Ата-энесинин тарбиясын, мээримин көрбөгөндөн кийин аң-сезимине доо кетет. Көбү сабатсыз болгондуктан мамлекеттик кызматтарды пайдалана албайт, укуктарын билбейт.

Адистер балдарды жакырчылыкка жумушсуздук, экинчиден, ата-энесинин ажырашып кеткени түртөт деген пикирде.

Жакырчылык - балалыктын душманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:51 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG