Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Прокуратура Аскаров боюнча дооматтарды кароодо


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча арыздарды иликтеп жатат.

Эл аралык коомчулук камактагы Аскаровду саясий туткун деп атап, бирок топ сыйлык-наам берген. Маркум Мыктыбек Сулаймановдун жакындары болсо Аскаров күнөөлүү эмес экенине ишенбейт, эгер актоо аракеттери башталса, кескин кадамдарга барышарын эскертүүдө.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылгандан бери бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар анын ишин кайра тергөөнү талап кылып келет. Мындай билдирүүнү жакында эле Журналисттерди коргоо комитети эл аралык уюму жөнөттү.

Кыргызстандагы “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюм да өлкө башчыларына кайрылды. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Аскаровду камоодо, анын ишин тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун, күбөлөр суралбаганын айтууда:

- Базар-Коргондо көпүрөдө ошондой иш болуп атканда, кимдер турганы, аким кандай барганын, Аскаров ошол мезгилде кайсы жерде болгонун көргөн-билген адамдар, нотариалдык жактан кол коюп, мойнуна алды. "Качан бизди сотко чакырат" деп күтүп атышат. Анткени соттун биринчи тепкичинен баштап Аскаровдун бир да күбөлөрүн келтирген эмес. Аскаровдун күбөлөрү, адвокаттары сабалган. Система Аскаровдун өзүн жактаганга эч мүмкүнчүлүк берген эмес. Аскаровду айтканда эле "улут, тигиндей-мындай" деп эле жаман ишке кетип жатабыз. Биз андайдан алыс болушубуз керек. Анткени Кыргызстандагы 80 улуттагы ар бир адам Конституциянын, Кудайдын алдында тең укуктуу.

Башкы прокуратура Аскаров боюнча кайрылуу-билдирүүлөрдү иликтеп жатат. Бул тууралууАзаттыкка” аталган мекеменин ага прокурору Кенжегул Кукеев билдирди:

- Азыркы күндө биз ишти толук алдырып, окуп атабыз. Андан сырткары Азимжан Аскаровдон түшкөн арыздардын бардыгы алдырылып, прокуратурадагы дагы башка кызматкерлер окуп жатышат. Анан ушунун баарыны жыйынтыгын чыгарып, жарыялайбыз.

Чынара Бечелова
Чынара Бечелова
Жалал-Абад облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Белек Маматбаев мындай кайрылуулар буга чейин да болгонун, андагы дооматтардын баары такталбаганын белгиледи:

- Облустук прокуратура тарабынан жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп туруп, өндүрүш иши козголуп, арызда көрсөтүлгөн жүйөлөрдүн баары текшерилип чыккан. Ал жүйөлөр такталбаганына байланыштуу өндүрүш иши кыскартылган. Күбөлөр суралбай калыптыр деген кайта-кайта билдирүүлүлөрдү текшерүүнүн алкагында суралбай калды деген күбөлөрдүн баары дыкаттык менен суралып чыккан. Мунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн жүйөлөр орун таппаганына байланыштуу өндүрүш кыскартылган.

Милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова Аскаровдун кандуу окуяга тиешеси жок дегенге ишенбейт. Эгер эл аралык коомчулуктун кысымы менен укук коргоочуну актоо иштери башталса, кескин чараларга барышарын эскертти:

- Болгон күчүбүздүн баарын ошого жумшайбыз. Колубуздан келген иштин баарын аткарабыз. Аскаровдун үйүндө отурганын көргөн 160 күбө бар деп жазып атышат. Бул акылга сыя турган иш эмес да. Ошончо күбө райондук, облустук, болуптур, Жогорку Сотто эмнеге катышкан жок? Үч жыл өткөндөн кийин каяктагы 160 адамды айтып чыгышат.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы маалымат жыйында Аскаровго байланыштуу эл аралык коомчулуктун кысымына кабылып жатканын айткан болчу. Бирок укук коргоочунун ак экенин айтып далилдеген күбөлөр жоктугунун белгилеген:

- Журналисттердин, НПОлордун кайрылууларынан башка мага конкреттүү бир-эки күбө бергилечи. Ошол милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүп, башын кесип, өрттөп атканда болгон конкреттүү күбө бергилечи. Акыркы жолу Германияда немис президентине "эгер сиздин өлкөңүздө сот чечими чыкса, кимдир бирөөлөр аны жокко чыгар деп сизге кайрылабы" деп сурадым. Аскаров боюнча соттун чечимин президент жокко чыгарсын дегендер Кыргызстанды сыйлабаган адамдар.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңда башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деп тапкан. Аскаров айыбын мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG