Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 11-октябрда улантат. 4-октябрда башталган жараян курч мүнөздө өттү.

Соттук териштирүү учурунда адвокаттар Валерьян Вахитов менен Нурбек Токтакунов БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине ылайык, камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу жана кенемте төлөп берүү өтүнүчүн келтирип, бирок ал четке кагылды.

Жактоочу Нурбек Токтакунов Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкканын, анын милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы жоктугун белгилеп, маркум Мыктыбек Сулаймановду Базар-Коргон районундагы таасирлүү адамдардын бири катары сыпаттады. Ал Сулайманов октон көз жумду деген божомол бар экенин жана муну ага касын артып жүргөндөр уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирди:

- Эл арасында аны сайган эмес, аткан деген сөздөр бар. Бирок атылганы экспертизада жок.

Актоочу тараптын жогоркудай пикирине жабырлануучулар дароо каршы чыгып, сот отуруму кайым айтышуу, талаш-тартыш менен коштолду.

Маркум милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова БУУ баштаган эл аралык укук коргоо уюмдары жабырлануучуларды эмес, кылмыш жасагандарды коргоп жатат деп нааразы болду. Анын айтымында, маркумдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн жана анын сөөгүн бензин чачып өрттөп жиберишкенин тергөө аныктаган:

- Эгер бир ок менен эле кыйналбай өлүп калган болсо, ушинтип чыркырап жүрбөйт болчумун. Өзү милиционер болуп иштегенден кийин жумушу ушул экен деп коймокмун. Ушунчалык кыйналып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алдын ала даярданбаган болушса мындай кыла алышмак эмес.

Териштирүү маалында Азимжан Аскаровго да сөз берилди. Ал Куранды кармап, Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жоктугун айтты. Муну далилдөө үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даяр экенин, жабырлануучуларды да ушундай ыкма менен текшерип көрүүнү сунуштап, аларды жалган көрсөтмө берип жатат деп айыптады:

- Мен күнөөлүү эмесмин. Окуя болгон жерде болгонум жок. Мунун баары Базар-Коргон райондук прокуратурасынын ойлоп тапканы, оюну. Менин ордумда прокурор Туражанова отурушу керек болчу. Ушул оюндарды ошол тапкан.

Жалган көрсөтмө беришпегенин жана көргөн-билгенин айтып келишкенин жабырлануучулар белгилешти. Бирок Аскаровдун окуя болгон жерде жүргөнү боюнча жабыркаган милиция кызматкерлеринин айрымдарынын мурунку айткандары менен азыркы көрсөтмөсү эки ача чыгып калганы сотто айтылды.

Аскаров жана анын адвокаттары 2010-жылдын июнунда Базар-Коргон районундагы Ош-Бишкек жолунда болгон тополоңду күч кызматкерлери видеого тартып алганын да жарыялашып, аны көрүп чыгууну соттон өтүнүштү. Алардын билдиришинче, видео аркылуу башаламандык учурунда Аскаровдун жок болгону далилденмек.

Алар алты жыл мурунку коогадан кийин 18-июнда Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров жаңжалдын жүрүшү тууралуу тартылган видео бар экенин айткан деген жүйө келтирүүдө.

Бирок Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Мамиржан Мергентаев видеотасма милицияда бар деген маалыматты четке какты. Ал эми соттук коллегиянын төрагасы Кыдык Жунушбаев детектордон өтүү сунушу мыйзамга ылайык келбей турганын билдирип, ошол эле маалда Аскаровдун тополоңго катышпаганын ырастаган видео бар болсо алып келүүгө уруксат берди:

- Бул маселени ачык бойдон калтырабыз. Эгер видео алып келсеңиздер соттук коллегия иштин материалдары менен кошо аны да изилдейт. Далилдерди чогултууга укугуңар бар.

Көрсөтмө берген милиция кызматкерлеринин бир тобу ошол кезде Аскаровдун улут аралык кастыкты козутканын жана тартип сакчыларын өлтүрүүгө буйрук берип, элдин башында турганын, айрымдары аны көрбөгөнүн айтып жатышты.

Ошентип, сот адвокаттардын Аскаровду бошотуу жана ишти кайра иликтеп чыгуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин негизинде гана жаңы жагдайларды кароого киришти.

65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар жана адвокаттар Аскаров күнөөсүн күч менен моюнга алганын айтып келишет. Тергөө муну менен макул эмес.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу.

4-октябрда башталган сот иши мындан ары ар аптанын шейшемби күнү Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде өтөт. Кийинки териштирүү 11-октябрга белгиленди. Анын жүрүшүндө калган жабырлануучулар, күбөлөр, Азимжан Аскаров көрсөтмө берип, андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгат. Ошондой эле адвокаттардын өтүнүчүнө ылайык, Аскаров менен бирге соттолгондор да жараянга чакырылышы мүмкүн. Алар тергөөчүлөр Жамиля Туражанова менен Жылдызбек Исмаиловдун да сурак беришин талап кылышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG