Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

"Жакшы обон баары бир жаңырат"


Обончу Бабаравшан Тургунбаев: "Балдар кабылдай турган ырлар өтө эле аз"

Обончу Бабаравшан Тургунбаев: "Балдар кабылдай турган ырлар өтө эле аз"

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү обончу Бабаравшан Тургунбаев жакында 60 жашка чыкты. Азыр ал Лейлек районундагы айылдык балдар бакчаларынын биринде музыкадан сабак берет. Обончу мектепке чейинки билимдин мааниси, балдар ырлары жөнүндө айтып берди жана чыгармачыл адам үчүн элетте жашоонун бүгүнкү кыйынчылыктарына токтолду.

Бабаравшан Тургунбаев: Азыр балдар бакчаларында музыкадан сабак берген тарбиячылар өтө аз, тартыш. Иштегендеринин деле көпчүлүгүнүн музыкалык дурус билими жок.

Төрөкул Дооров: Анын үстүнө, азыр бардык эле балдар бакчаларында музыкадан балдарга дарсты Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер окутпаса керек...

Бабаравшан Тургунбаев: Анысын билбейм. Бирок менин өзүмө жаш балдар менен иштеген жагат. Алардын сезимдеринин тазалыгы, көздөрүнүн тунуктугу, назиктиги, чынчылдыгы жагат. Балдар жаңы нерсени тез кабылдап, музыкага да тез берилишет, сабакты тез үйрөнүшөт.



Төрөкул Дооров: Сиз сабакта өзүңүздүн ырларыңызды да окутасызбы?

Бабаравшан Тургунбаев: Өзүмдүн ырларыман да бар. “Биздин бакча”, “Байчечекей” деген мурда эле чыгып, Кыргызстандын бардык балдар бакчаларында ырдалып жүргөн чыгармаларым бар. Сабак учурунда өзүмдүн обончу дос-тааныштарымдын ырларын да көп пайдаланам. Мисалы, Атайбек Бөдөшев, Каныкей Эралиева, Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алыбаев, Камчыбек Букалаевдин ырларынын ичинде балдарга арналган да мыкты чыгармалар бар. Ошолордон колдоном.

Ал эми бүгүнкү акыбалды алсак, балдар үчүн музыка жазуу азыр үлкөн проблемага айланды. Балдарга кайрылып, алар кабылдагыдай жазылган ырлар өтө эле аз, буга берилип иштеген композиторлор жокко эсе. Балдар музыкасына олуттуу мамиле кылыш керек деп ойлойм. Жыл сайын конкурстарды уюштуруп турсак, жаңы ырлар, ысымдар чыкмак. СССР бузулгандан кийин биз балдарга көп көңүл бурбай калдык. Ал эмес, балдар бакчаларынын көпчүлүгү сатылып кетти. Айрым учурларда бакча кылам деп сатып алгандар кийин ал имараттарды башка нерсеге айландырып жиберишти. Азыр өзүбүз ачык эле айтып жатабыз - Кыргызстандагы балдар бакчаларына бара тургандардын 15% гана бакчаларга барат. Калганы бара алышпайт. Бул – чоң проблема, чечпесе болбойт.

Төрөкул Дооров: Мен азыр бир камкор чоң атанын, таятанын сөзүн угуп жаткандай болуп жатам... Бул маселе сизди көбүрөөк түйшөлтүп жаткандай көрүнөт. Ыр дагы жазылып жатабы?

Бабаравшан Тургунбаев: Биз азыр ошол жашка келдик да, неберелердин күлкүсүн угуп, алардын проблемасы менен жүрчү мезгил келди. Быйыл мен 60 чыктым. Бул жашка келгенде адамдын акылы да, турмуштук тажрыйбасы да топтолуп, жетишип калат экен. Көп нерсени билип, көрүп, түшүнүп калат экенсиң.


Чыгармачылык боюнча соңку эки жылдан бери катуу иштеп жатам. Лейлекке кайтканымдан бери кайрадан көбүрөөк иштей баштадым десем болот. Орусча “второе дыхание” деп коёт, мүмкүн менде ошол экинчи дем ачылгандыр. Бул жакта көптөгөн жаңы обондорду чыгардым. Турабай Жороевдин “Күзгү элегия” деген ырына мурда эле обон чыгарган элем. Акыркы эки жылда Атакул Жакыповдун “Илек-Илек” деген ырына, Абдиллабек Авазовдун да бир эки ырына, дагы бишка обондор жаралды.

Төрөкул Дооров: Обон өзү кантип жаралат? Сиз тигил же бул текстти карап, анан музыка жазасызбы же обон өзү да жарала береби?

Бабаравшан Тургунбаев: Биз буга мурда жаш кезибизде да баш катырып жүрүптүрбүз. Рыспай Адбыкадыровдор биринчи сөз тандайбы же обон чыгарабы деп ойлончубуз. Кийин өзүбүз көргөндөй, турмушта экөө тең боло берет экен. Маселен, мен өзүмдүн алгачкы обондорумдун ичинде Абдырасул Токтомушевдин “Махабат” деген ырына жазган обонумду ушул айылда мектепте иштеп жүргөндө 1974-жылы чыгаргам. “Махабаттын” музыкасы мурда эле жаралган болчу. Анан текстти окуганда эле ошол ылайык келерин түшүнгөм. Кээде музыка менен текст өздөрүн оңой эле таап алышат...

Андан кийин Сооронбай Жусуевдин “Унутпаймын” деген ырын китептен окуп алып, ушунчалык мага жаккандыктан башымды көтөрө албай калгам. Ошондо ага ылайыктуу кылып музыканы жаздым. “Туулган жерге” деген азыр кеңири популярдуу болгон ырга да музыка бир топ мурда жаралган болчу. Текстин кийинчерээк гезиттен көрүп калып алгам. Аны да ошол обонго ылайыктап, текстин бир аз акындар менен өзгөрткөнбүз. Мага негизи эле акындар менен иштешкен жагат. Аларга обонуңа ылайык текстти өзүңдүн оюңду айтып отуруп жаздырсаң болот. Же алардын өздөрүнүн тигил же бул ырындагы сөздөрдү обонго ылайыктап, биргеликте өзгөртүшүң мүмкүн. Соңку мезгилдерде акындар Турабай Жороев, Карымшак Ташбаев менен иштеп, бир топ ырларга обон жаздык.


Төрөкул Дооров: Ошол жаңы ырларды анан жаздырып жатасызбы?

Бабаравшан Тургунбаев: Азыркы заманда ушул жаздырыш жагы проблема болуп калды. Мурда бизге оңой болчу. Биз обонду жазгандан кийин эле өзүбүз мамлекеттик теле же радиого барып, жандуу үн менен жаздырчубуз. Азыр алар жаздырышпайт. Жеке менчик радиолорго барсаң, аларга даяр диск керек экен. Аны да жеке менчик студияларда жаздырыш керек. Шаарда аны оңой эле жасаса болот деңизчи, бирок анда деле ар бир ыр 200 доллардын тегерегинде жазылат экен. Менин азыр 15тен ашуун жаңы чыгармам бар. Анын ар бирин жаздырыш канча болуп кетерин эсептеп көрүңүз. Ошол жагы бизге бир аз оор болуп калды. Ошон үчүн акыркы кездери мен өзүмө жаккан жакшы обондорду жаштарга таратып жатам. Заман силердики, жаздырууну да силер бизден жакшы билесиңер, - деп аларга берип жатам.

Төрөкул Дооров: Ушундан улам бир ой келет да, Бабаравшан мырза, көп эле ырчы-музыканттар, акындар борборго барганга аракет кылышат. Анткени ал жактан өзүңдүн чыгармаларыңды жалпы элге таратуу оңой, бүт заманбап техника да ошол жакта, чөйрө да кеңири дегендей. Ошон үчүн сиздин азыр да борбордон эң четтеги райондо калганыңыз мага кызыктай көрүнөт. Азыр эми 60 жашка чыкканда “борбордо болсом, көбүрөөк иш жасамакмын” дегендей ой сиздин ичиңизди чымчыбайбы?

Бабаравшан Тургунбаев: Мен негизи Лейлектен 1989-жылы Ошко көчүп барганымда дал ошол максатта баргам. Азыр деле үйүм Ошто, балдарым ошол жакта. Ош деле бирок чектелүү болуп калат экен. Бишкекке бара алган жокмун, кайсыл бир себептер менен насип кылбаптыр... Ошто да баары бир Бишкектегидей иш жүргүзө албайт экенсиң. Себеби негизги теле-радио, студиялар, керек болсо сахна үчүн кийим тиккен мыкты ательелер да Бишкекте жайгашкан. Кайсыл жерге барсаң эле жаштар азыр видео-клип сурайт. Аны тарттырыш да өзүнчө чоң түйшүк. Түйшүгүнөн го качпайбыз, бирок каржылык жагы бизге оор болуп жатат. Айрымдар: “Бул ушундай атактуу адам болсо, анан кантип акча таппайт?”, - деп ойлошу мүмкүн. Таап жатабыз күнүмдүк оокатка, бала-чаканы бакканга жеткидей деңгээлде. Бизнесибиз жок, бизнес кыла албайт экенбиз.

Мурда биз СССРдин доорунда бекер эле ырдап жүргөнбүз. Биз мамлекеттик идеологияны жайылткан адамдар элек. Агитбригада менен бир жылда эки ирет бүтүн койчулардын короолорун кыдырып, талаа-шыйпаңдарда ырдачубуз. Фермаларда саанчыларга концерт берет элек. Радио-телевидение да бизди бекер эле жаздырып алышчу. Азыр эми заман такыр башка. Акылыбыз жетип турса да, азыркы талапка жооп бергидей клип-тасмаларды тартканга кудуретибиз жетпей жатат азырынча. Бирок алтын жерде жатпайт дечи, жакшы обон эртеби-кечпи баары бир жаңырат. Биз ырдабасак, бизден кийинки муундар ырдайт. Буюрса, мунун баары чыга турган нерсе.

Азыр мен айылда жүргөнүмө өкүнбөйм. Биринчиден, эски тааныштар, өзүмдүн элим, өзүмдүн жерим. Алар менен жакшылык-жамандыкта биргемин. Анан ушул туулган жердинби, же Лейлектинби, айтор ушул аймактын бир касиети бардай сезилип турат мага. Мен келгенден бери мага күч-кубат пайда болду, ден-соолугум жакшырды. Өзгөчө эргүү пайда болуп, иштегим келип жатат. Шаарда көп жүрө берсең, андагы турмуштан деле жадайсың. Чыгармачыл адамдар негизи айына бир жолу айылдарды кыдырып, концерт коюп келбесек, өзүнчө эле бук болуп кетебиз. Ошол шаарда жүргөн чакта деле биз утуру Кыргызстандын бүт булуң-бурчун кыдырып, элет жеринде эл менен жолугушуп, той-мааракелерде, концерттерде жүрөбүз. Мен чет өлкөлөргө деле чыгып жүрөм, бирок Кыргызстандагыдай керемет жер аз болсо керек деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG