Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Ар бир ымыркайдын өмүрү баалуу


Ошто ымыркай балдардын өлүмү өткөн жылга салыштырмалуу 28ге көбөйгөндүгүн айрым маалымат булактары айтып чыкты. Шаардык төрөткана чарчап калган наристелердин саны анчалык көп эмес экендигин билдирүүдө.

Анткен менен балдар тубаса оорулардан жана ай күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн улам каза болууда дешет дарыгерлер. Ал эми айрым энелер дарыгерлердин шалаакылыгын себеп кармоодо.

Ош шаардык аймактык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Мырза Станбеков “Азаттыкка” билдиргендей, каза болгон ымыркайлардын саны көбөйүп кеткендиги тууралуу маалыматтар туура эмес таркатылган. Анын белгилешинче, төрөткана өткөн жылга караганда 1000 аялды ашыкча кабыл алган. “Ошол себептүү наристелердин өлүмү көбөйтүлүп айтылып калган”, - дейт ал:

- Өткөн жылы 1000 балага 20 бала каза болсо, быйыл 1000 балага 23ү каза болгон. Бул жерде кеп санда болуп атпайбы. Ошол өткөн жылы биз 2998 төрөт кабыл алсак, быйыл 8 айда эле 4 миң кабыл алдык. Башкача айтканда, 1000ден ашык энеге көп болду. Ошол себептүү да алардын саны көптөй болуп көрүнүп калууда. Негизи мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн эле.

Мырза Станбеков
Станбековдун белгилешинче, наристелердин каза болуп калышы алардын энелеринин саламаттыгынан көз каранды:

- Балдардын чарчап калуусунун негизги себеби энеде. Эгерде аял кош бойлуу кезинде ооруп калса, ал балага өтөт жана төрөлгөндөн кийин чарчап калат. Андан кийинки дагы бир себеби, ай күнүнө жетпей, же 500 граммга жетпей төрөлгөн балдар көп каза болот. Алардын денеси толук жетилбей калгандыктан биз аларды сактай албай калабыз.

Деген менен 4000 ымыркайдын 88и чарчап калышы да аз эмес дешет адистер. Ал эми айрым энелер ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүүсүнө төрөт үйлөрүнүн кызматкерлерин айтыптоодо.

Өзүн Гүлмира деп тааныштырган шаар тургуну дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам анын сиңдиси төрөй албай жатканын айтат. “Сиңдимдин баласы да чарчап калуу коркунучунда турат”, - дейт ал:

- Дарыгерлердин шаалакылыгынан болуп атат. Аялдар төрөйүн деп атса, беймарал жүрө беришет экен. Күйөөсүн же туугандарынан бирөөнү жанына тургузуп коюп, “төрөт” деп тапшырма берип, басып кетишет экен. Анан төрөгөндөн кийин кирип карап коюшат экен. Менин сиңдим деле 2 күндөн бери төрөй албай жатат. Күйөөсүн “кирип чык” десек болбой, мен кирген атам. Өзүм төрөгөн менен мен төрөтө албайм да. Баласы кандай болоорун ким билет эми?

Тамара Аматова
Шаардык төрөтканада келинин күтүп отурган 60 жаштагы Тамара Аматованы кепке тартканыбызда, балдардын каза болуп калуусуна энелердин өз ден соолугун карабаганы башкы себеп экенин айтты:

- Азыркы аялдардын ден соолугу аябай эле начар болуп калды. 2 бала төрөсө эле кыйналып калат. Буга экологиялык абал да таасир этип атса керек. Анын үстүнө жегенибиз, ичкенибиз, кийгенибиз бүт эле Кытайдын товары болуп атпайбы. Ошол зыян да бизге. Анан витамин жетишпейт. Кыз-келиндердин каны аз. Төрөгөндөн кийин баласынын да абалы начар болуп, чарчап калат.

Буга чейин айрым маалымат булактарында ымыркайлардын өлүмү Ош шаарында өткөн жылга салыштырмалуу 28ге көбөйгөндүгү тууралуу маалымат тараган эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG