Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Кыргызстанда бала сатуу кылмыштары жана аларды таштап кеткен учурлар акыркы кезде көп катталууда.

Чүй облусунун 40 жаштагы тургуну Панфилов районунун төрөт үйүндө марттын этегинде көз жарган. Ооруканадан чыккандан кийин ал жарандык никеде жашаган түгөйү менен кеңешип, баланы Чүй облусунун тургунуна 20 миң сомго сатып жиберген. Жарандык никеде жашап жаткан ата-эне бул жолго акчага муктаждыгы менен түшүндүрүүдө.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Бала сатуу кылмышына шектүү деп ымыркайдын энеси, Чүй облусунун Кайыңды шаарынын тургуну, 1976-жылы туулган аял жана аны менен жарандык никеде жашаган, 1984-жылы туулган Ош облусунун тургуну кармалды. Азыр Кылмыш-жаза кодексинин “адам сатуу” беренесине ылайык иш ачылып, кылмышка шектүүлөр көрсөтмө берип, тергөө уланууда. Алар баласын жумушсуздук, акча тартыштыгы айынан сатканын айтышууда. Бирок кандай болгон күндө да бала буюм эмес, бул мыйзамдын негизинде кылмыш болуп саналат.

Түгөйлөрдүн туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, алар качып кетпесин деген негизде Панфилов райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалышты. Наристе төрөт үйүндө багылып жатат.

Биринчиден, жарандарда адамдык сапат жоголуп кетти. Экинчиден, үй-бүлөлүк баалулууктар абдан төмөндөп кеткен. Сактануу, баланын эртеңине кам көрүү деген жок.

Бул окуя жыл башынан берки Кыргызстанда бала сатуу боюнча ачыкка чыккан беш фактынын бири.

Январь айында Кара-Суу районунун тургуну никесиз төрөгөн перзентин туугандарынан жашыруу үчүн 15 миң сомго сатып жибергени аныкталган. Февралда Бишкек шаарындагы 26 жаштагы келин жаңы төрөлгөн кызын 20 миң сомго белгисиз бирөөлөргө сатып жиберсе, кийинчерээк өзгөндүк 46 жаштагы аял төрт айлык баланы 20 миң сомго соодалаган жеринен колго түшкөн. Жакында эле Сокулук районунда үч баласын бейтааныш адамдарга 80 миң сомго сатып жиберген келин да кармалган.

“Альтернативаларды илгерилетүү” коомдук уюмунун психологу Перизат Асылбаева бул көрүнүштүн көбөйүшүн социалдык көйгөйлөр менен байланыштырат:

- Биринчиден, жарандарда адамдык сапат жоголуп кетти. Экинчиден, үй-бүлөлүк баалуулуктар абдан төмөндөп кеткен. Сактануу, баланын эртеңине кам көрүү деген жок. Бойго бүтүп, төрөп алгандан кийин үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Же энелер балдарын бага албай айласыздан, үмүтсүздүктөн ушундай кадамга барууда. Мен аларды актагым келбейт, бирок алардын да абалын түшүнүү керек. Көп мезгилде ата балага карабай кетет. Төркүнү батырбай, “келген жериңе кет” деп кууп чыккан келиндер бар. Коомчулук деле кокустан боюнда болуп калган аялды жерийт. Баласын бага албай калган аялдарга эч кимдин жардам бергиси келбейт. Натыйжада энелер бала бага албай кыйналганда наристесин сатып жиберүүгө мажбур.

Эне мээримден тайганда...

Бала сатуудан сырткары соңку мезгилде өз наристесин өлтүргөн учурлар да катталууда. Январь айында Токтогул шаарчасынын коомдук дааратканасына ыргытылган ымыркайды куткарып калышкан. Жакында эле Талас шаарындагы турак жайдын короосуна жаңы төрөлгөн бала ташталып, ага ит тиш салган. Өткөн айда Бишкек шаарынын өзүнөн эле кыз жана эркек баланын сөөгү табылган. Булар боюнча кылмыш иши козголгону менен, алардын ата-энеси азыркыга чейин табыла элек.

Ошто бир жашар баласын муунтуп өлтүрүүгө аракет жасап, бирок чалажан абалда көчөгө таштап кеткен эне бул аракетин күйөөсүнө өчөшкөнү менен түшүндүргөн:

- Мен былтыр Бишкекке турмушка чыгып, боюман бүтүп калган. Күйөөм ичип, иштебей жатып алды. Аябай кыйналдык. Айла түгөнгөндө Ошко, апама келе бердим. Бирок апам үйдөн кууп чыкты. Баарына өчөшүп баламды муунтуп өлтүрүп салайын дедим. Бирок жүрөгүм чыдабай, көчөгө таштап кетип калгам. Баарына күйөөм күнөөлүү, ошого өчөшүп жасадым.

Акыркы кезде баласын саткан энелер көбөйүүдө. (Иллюстрация)

Акыркы кезде баласын саткан энелер көбөйүүдө. (Иллюстрация)

Адистер бул келиндердин балдарын сатууга же өлтүрүүгө барышын бала асыроо процессинин жолго коюлбай жатканынан көрүшөт. Баласын бага албай калган эне ымыркайын туугандарына берейин десе, алар келинди кемсинтет, балдар үйлөрү анонимдүүлүктү сактабайт дешет алар:

- Чет өлкөдө атайын программанын негизинде, бейтапканада же балдар үйүндө атайын baby box деген жайларды ачып коюшкан. Баласын бага албай калган же кыйналган келиндер ошол жерге келип чүрпөсүн калтырып кетишет. Эшикте бир сандыкча бар, ага баланы салып туруп, бир кнопканы басса, ичиндеги бала багуучу баланы акырын алып кирип кетет. Энени эч ким көрбөйт деле, ким калтырып кеткени билинбей деле калат. Анан ал баланы мамлекет карайт же балдары жок башка ата-энелер багып алат. Кыргызстанда да ошол программа иштеши керек. Бизде болсо азыр процедура абдан татаал, баласын таштаган аял андан баш тартып, документтештирип, элге да шардана болот, - дейт балдардын укугун коргоо боюнча адис, психолог Перизат Асылбаева.

Былтыр да Таласта ажырашкан үй-бүлөнүн атасы эки жашар баласын Нарынга сатып жибергени аныкталган. Ысык-Көл облусунда дагы бир эне 3,5 жаштагы баласын караколдук үй-бүлөгө 25 миң сомго кармата берген.

Андан көп өтпөй Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин Акыйкатчы институтуна жардам сурап кайрылган. Келиндин айтымында, күйөөсү эки жаштагы уулун бир аялга сатып жиберген. Баланы асырап алган аял ал үчүн көп акча төлөгөнүн, андыктан кайра кайтарып бербесин айткан.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайдын сатылышы боюнча иш тергелип бүтүп, учурда сотто каралууда.

Укук коргоочулардын айтуусунда, Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар көп катталат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG