Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Депутат Сулейманов мандаттан баш тартпайт


Депутат Бахадыр Сулейманов ооруканада, 28-апрель.
Депутат Бахадыр Сулейманов ооруканада, 28-апрель.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов кесиптеши Камчыбек Ташиевден эмнеге таяк жегени тууралуу кеп салып берди.

Бишкектеги дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борборунда дарыланып жаткан Бахадыр Сулеймановдун саламатыгы оңолуп калды. Ооруканадан качан чыгарын медициналык консилиум жакында аныктайт. Бул тууралуу депутат "Азаттыкка" берген интервьюсунда айтты.

Сулейманов 31-мартта мээси чайкалып, баш сөөктөрү, мээси жана эти жабыркаган деген диагноз менен ооруканага жаткырылган. Депутат муну фракция башчысы Камчыбек Ташиев сабады деп негиздеп, Башкы прокуратурага арыз жолдогон.

"Азаттык":
Бахадыр мырза, мына окуя болгонуна бир айга аяк басты. Ошол 31-март күнү Сиз менен “Ата-Журт” фракциясынын башчысынын ортосунда эмне болду эле?

Бахадыр Сулейманов: 31-мартта парламент отурумунан кийин, кечке жуук мага партиялаштар келишип, бир катар маселелерди талкуулаш керек деп, төраганын иш бөлмөсүнө баруумду сунушташты. Биз киргенде башка депутаттар да бар экен, кийинчерээк бөлмөгө Камчыбек Ташиев да келди. Ал дароо эле мага үнүн көтөрүп, кыр көрсөтө баштады. Айтышып кеттик. Бул киши ушунчалык агрессивдүү болуп, салабаттуулуктан таят, мушташка чыгат деген менин оюмда да жок болчу. Болгондо да төрага менен бир топ депутаттардын катышуусунда. Ошентип ал муштап, мен коргоно баштадым. Ташиев мени ура баштаганда депутаттардын бири мени кармап калды. Албетте башка депутаттар дагы чатакты токтотуу аракетинде арачалашты. Мен ал кечти эстегим келбейт, чынын айтсам ушунчалык жагымсыз дагы, иренжитет дагы.

"Азаттык": Эмнеге депутат андай ишке барды деп ойлойсуз?

Бахадыр Сулейманов: Себеби ал депутаттык укугумду өткөрүп берүү жөнүндө арыз жазышымды каалады.

"Азаттык": Эмне үчүн?

Бахадыр Сулейманов: Бул суроону Ташиевге багыттаган жөндүү. Биз Чүй облусу боюнча мыйзам талап кылгандай иштедик (парламенттик шайлоо өнөктүгүндө-ред.). Коюлган бардык милдеттерди аткардык. Ошентсе да анын өзүнүн негиздемелери бар экен, анткен менен ал Чүй облусу боюнча эмес, Жалал-Абад облусу боюнча куратор болчу.

"Азаттык": Ошол чатактан кийин экөөңөр жолугуштуңарбы?

Бахадыр Сулейманов: Жок, андан кийин эч кандай жолугушуу болгон жок.

"Азаттык": Адатта эки тарап келишип, элдешип алышат. Буга чейин эки кесиптешиңиз да ушундай кылышпадыбы. Сиздин жагдайда кимдир-бирөө тарабынан элдештирүү аракети болгон жокпу?

Бахадыр Сулейманов: Сиз айтып жаткан депутаттар Сулайманов менен Ташиев экөө мушташа кетишкен. Эркектер мушташат, элдешет дегендей. Мушташ менен сабоо - эки башка нерсе. Төраганын иш бөлмөсүндө, ыйык деп саналган парламенттин имаратында сабалган адам мындай жагдайда эмне кылыш керек дегенди сиз түшүнүп атсаңыз керек. Экинчиден, мен Ташиевден беш жаш улуумун. Сый-урмат, адамгерчилик кайда калат?

"Азаттык": Сиз башкы прокуратурага арыз менен кайрылдыңыз эле. Анын негизинде Ички иштер министрлиги тергөө иштерин жүргүзүп жатканы да белгилүү. Азыр бул иш кантип атат?

Бахадыр Сулейманов: Ооба, жаңжал чыкканда денеме залака келтирилген факт боюнча арыз бергем. Медициналык текшерүү жүргөн, ооруканада башкы невропотологдун, неврохирургдун катышуусундагы консилиумда баш мээ чайкалды, баш мээ, баш сөөк, эт жабыркады деген диагноз коюшкан. Башкы прокуратура Ташиевге карата кылмыш козгогонун билесиз. Ал кылмыш жообуна тартылабы-жокпу мезгил көрсөтөт. Азыр тергөө жүрүп жатат. Бул боюнча башкы прокуратурадан же Ички иштер министрлигинен толугураак жооп аласыңар го.

"Азаттык": Ооба, албетте, сурайбыз, бирок, тергөөчүлөр сизге да келип жатышат да?

Бахадыр Сулейманов: Келип, сурап атышат. Айрым адамдар менен беттештиришти.

"Азаттык": Парламенттеги партиялаштарыңыз сиздин ал-ахыбалыңызды сурап жатышса керек?

Бахадыр Сулейманов: Ооба, келип атышат. Төрага Акматбек Келдибеков келди, Жылдыз Жолдошева келди...

"Азаттык": Айтсаңыз, негизи депутат Ташиев менен сиздин ортоңуздагы пикир келишпестик эмнеден чыгып атат? Идеологиялык пикир келишпестикпи же башка себептер барбы?

Бахадыр Сулейманов: Мен анын эл алдында жүргөн адам катары эмес, дегеле адам катары айткандарына баа бергим келбейт. Ал өзүнүн абийириндеги иш. Баардыгына кудай тараза. Менин депутаттыгыма байланышкан маселени Ташиев чечпейт. БШК депутаттык мыйзамдуу мандатымды берди, ант бердим, депутаттык ишиме мыйзамдуу кириштим. Ал эми пикир келишпестик боюнча: Ташиевдин айрым депутаттар жетиштүү добуш топтой алган жок, ошондуктан, депутат боло албайт деген билдирүүсү – абсурд. Себеби шайлоодо баарыбыз кайтарымдуу иштедик. Ошон үчүн ушундай тыянак болду.

"Азаттык": Сиз партиянын шайлоодогу жалпы тыянагы тууралуу айтып атасыз да?

Бахадыр Сулейманов: Ооба, жалпы дагы, Чүй облусу боюнча дагы. Чүй облусу боюнча биз чоң иш жасадык. Облуста “Ата-Журтту” билбеген айылдар бар болчу. Партияны тааныталы, көп добуш алалы деп түрө кыдырдык. Биз атаандаштык ошол учурда өтө чоң болгонуна карабай 05 пайыздык эле эмес, 5 пайыздык тосмодон да өттүк.

"Азаттык": Партияга качан өттүңүз эле? Ынаным боюнчабы же башка себептер болдубу?

Бахадыр Сулейманов: Мен 2010-жылы кирдим. Албетте ынаным боюнча кирдим. “Ата-Журтта” пикирлештерим, санаалаштарым бар. Мен совет кезинде коммунисттик партияга мүчө болчумун. Союз ыдырагандан кийин бир да партияга кирген эмесмин, өндүрүштүк, чарбалык иштер менен алек болдум. “Ата-Журт” - мен ишенип кирген экинчи партия.

"Азаттык": Сиз бул партияга киргениңизге бир жыл болуп калган экен. “Ата-Журттун” партиялык саясаты ичинен караганда кандай көрүнөт сизге?

Бахадыр Сулейманов: Депутат болгонум да бир эле ай болду. Анын үч жумасы ооруканада жатам. Партиянын саясатындагы аки-чүкүнү таануу үчүн бул аз мөөнөт, баа берүү кыйыныраак.

"Азаттык": Сиз ушул жаңжалдан кийин мандатты өткөрүп берүү, ал эмес биротоло партиядан кетүү керек деген ойго келген жоксузбу?

Бахадыр Сулейманов: Колумду жүрөгүмө коюп чынымды айтсам кээде ушундай ойлор да келет. Арызды жазып басып кетиштен жеңили жок. Бирок мен буга барбайм. Ар бир адамдын өзүнүн принциптери бар. Мен үчүн абийир, ар-намыс, туура жүрүү бийик турат. Бул өзүмдөгү жана адамдардагы мен баалаган башкы сапаттардан. Мени ушундай тарбиялаган ата-энеме ыраазымын.

"Азаттык": Рахмат, сакайып кетиңиз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG