Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Э.Байсалов: Орусия Кыргызстандан көп нерсени үйрөнсө болот


“Айкөл Эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов Кыргызстан - Орусия алакасы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстан көп жагынан Орусиядан көз каранды экендигин көп эле эксперттер, саясатчылар айтып эле жүрүшөт. Мына бүгүн таңда чет өлкөгө алгачкы иш-сапарын премьер-министр Алмазбек Атамбаев Москвадан баштоо үчүн жөнөп кетти. Бул киши шайлоо алдында деле өзүн орусиячыл саясатчы деп эсептей турганын айткан эле. Сиз дегеле Орусияга ыктоо саясатына кандай карайсыз? Тышкы саясатта кайсы бир өлкөгө көбүрөөк ыктоо зарылбы?

Эдил Байсалов: Бул эми эч кандай таң калыштуу нерсе эмес. Бизде ким гана болбосун, кайсы премьер-министр болбосун, мамлекет башчысы болсо да биринчи иш-сапарын сөзсүз түрдө Москвадан башташы керек? Бул жерде эч кандай суроо жок. Бирок албетте өзүңүз баса белгилеп кеткендей шайлоого чейин тилекке каршы көптөгөн саясатчыларыбыз, ошолордун ичинде Алмаз Шаршенович да Орусияга көбүрөөк ыктап, улуттук кызыкчылыктарыбызга, керек болсо эгемендигибизге шек келтире тургандай мамиле жасагандай болду.

Сөзсүз түрдө Орусия биз үчүн дос, стратегиялык өнөктөш, бирок ошол эле маалда биз акыркы учурларда өзүбүздүн ички көйгөйлөрүбүзгө, саясатыбызга келгенде, ынтымагыбыздын жоктугунан улам көбүрөөк тышкы күчтөрдүн таасиринде калып атабыз деген ойдомун.

“Азаттык”: Негизи эле ар бир өлкө бири-биринен тажрыйба алып, өрнөк алып турат эмеспи өнүгүү жолунда. Сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн көбүрөөк өрнөк алышы керек?

Эдил Байсалов: Эми Кыргызстан бардык өлкөлөрдөн өрнөк алганга мүмкүнчүлүгү бар. Кошуналары менен болобу, алыскы жана жакынкы өлкөлөр менен болобу жакшы мамиледе болушубуз керек...

“Азаттык”: Өрнөк, тажрыйба алчу жактарын айтам. Өнүгүүбүзгө өбөлгө болчу жактарын?

Э.Байсалов: Өрнөк алуу жагында деле жакшыга умтулушубуз керек. Өз элин жакшы баккан, урматтаган, элине жакшы шарттарды түзүп берген, өлкөсүн мыйзамдуу мамлекетке айланта алгандарга карай умтулсак, ошолордой бололу десек туура болот эле. Анткени Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, Владимир Путин деле өздөрү Европага умтулуп, “Европа мамлекетибиз” деп айтышат.

Мен айтып коёюн, сөзсүз түрдө Орусия биз үчүн дос. Бирок өнүгүү маселелерине келгенде Орусия дагы көп нерселерди үйрөнүшү керек. Керек болсо Орусия Кыргызстандан дагы көп нерселерди үйрөнөсө болот.

“Азаттык”: Кандай болгон күндө да мына азыр ар кыл эсеп боюнча Орусияда 600-700 миңдей кыргызстандык эмгек мигранттары жүргөнү айтылып жүрөт. Ушул жылы эле чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар жөнөткөн каражат 1 миллиард доллардан ашкан экен. Анын үстүнө күйүүчү май сыяктуу стратегиялык товарларды да Орусиядан алып атабыз. Ошол себептүү бир эле өлкөдөн көз каранды болуп калбоо үчүн кандай жолду, багытты сунуштайт элеңиз?

Э.Байсалов: Мындай деп айтып коюшат. Бизди көбүрөөк байкуш көрсөтүшүп, өзүбүз да байкуш мамлекет катары сезебиз да. Туура, мына биздин мекендештерибиз кыйын учурда Орусиядан акча таап, Кыргызстандын экономикасына зор салым кошуп атышат. Бирок ошол эле учурда биз муну нормалдуу маселе катары кабыл албашыбыз керек. Биз өзүбүздүн мамлекетибизди, үйүбүздү курбастан, башка бирөөлөрдүн үйүн куруп жүрөбүз. Мына азыр миңдеген үй-бүлөлөр, өтө чоң жаш муун Кыргызстанда атасыз, энесиз өсүп атат. Азыр бизди угуп аткан чоң ата, чоң энелер ондогон неберелерин багып кыйналып отурушат. Бул жакшы эмес да. Ошондуктан буга сүйүнбөш керек. Биз Орусияга абдан эле чоң салым кошуп атабыз. Биздин кыргызстандыктар ал жакта бекер басып жүргөн жери жок. Анан эле Орусия менен жаман болуп кетебиз, Орусиядан мигранттарды айдап чыгат экен деп эле алардын этегине намаз окубаш керек. Ал жакта ар бир кыргыз мигранты тыйын таап атса, маңдай тери менен, өз эмгеги менен таап атат. Бизге бирөө бекер тамак берген жери жок.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG