Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Бүткүл дүйнөнүн аксакалдары бириккиле!


Аксы районунун аксакалдары
Аксы районунун аксакалдары

Кыргызстанда аксакалдар улуттук ынтымакты чыңдоо, бийлик менен оппозициянын ортосунда калыс болуу максатында Бакай Кеңеш уюмуна биригишти. Аксакалдар Кыргызстан менен эле чектелип калбай, бүтүн дүйнөдөгү аксакалдарды биригүүгө чакырган кайрылууну кабыл алышып, аны Улуттар уюмуна жана бардык өлкө башчыларына жолдошту.

13-декабрда Улуттук филармонияда өткөн жыйынга чогулган аксакалдар улут ынтымагын бекемдөө жана бийлик менен оппозициянын ортосунда калыс болуп берүү үчүн Аксакалдардын Бакай Кеңешин уюштуруп жатышканын жарыялашты.

Демилгечи топтун жетекчиси карыя журналист Түлөн Акматалиев мамлекет оор мезгилди башынан өткөрүп жаткан учурда аксакалдар четте карап турбай, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биригип жатышканын билдирди:

- Түпкү максатыбыз улуттук идеологияны калыптандырууда аксакалдардын үлүшүн кошуу. Улуттар аралык, чыгармачыл чөйрө жана жаштар менен кеп-кеңештерди жолугушууларды уюштуруу максатка ылайык болот деп эсептейбиз.

Аксакалдар Кыргызстандын азыркы турмушунда көйгөй көрүнүштөрдөн кейип-кепчип кеп салышты. Талас районундагы Манас айылынан келген аксакал Айталиев Кундузбек Убактылуу өкмөттүн ишине нааразы экенин жашырбай, парламентте коалиция түзө албай бир айдан ашуун убакыттын бери талашып-тартышып жаткан депутаттарды сынга алды:

-Биздин мамлекет азыркы өкмөттүн боштугунан азыркы абалга келди. Эл абдан нааразы. Эгер коалиция уюштуруп, өкмөт курай алышпаса, анда ата-бабанын жолуна түшүп, Манасты шайлагандай, өкмөттү курултайда шайлаш керек. Болбосо ушинтип отуруп чачырап кетеби элибиз...

Бийлик уюштурган жыйындарга келип, калыс сөзүн айткандын ордуна атка минерлерди мактап жактап сүйлөгөн “дүжүр чал” атыккан аксакалдар көбөйүп, алар коомчулукта сый-урматтан, ишеничтен ажырап баратканын аксакалдар өздөрү дагы мойнуна алышууда.

-Бул туура. Дүжүр чал деп сөз райондогу чоңдордун, акимдердин сөзүн сүйлөгөн кошоматчы чалдарды айтат. Бетке түз айткан кишини чакырбайт азыркы чоңдор. Кемчилигин бетине айтып коеюн десен сөз бербейт,- дейт Токтогул районунан келген Муратаев Сулайман.

Бул жыйынга келген аксакалдар “дүжүр чалдардын” жолуна түшпөйбүз, калыс сөздөн тайбайбыз, жеке кызыкчылыктан алыс болобуз деп жатышат.

- Биз ниетибизде эч кимге кошоматчылык кылбайбыз. Балдарыбызды өкмөткө кызматка коюп бер же башка бир жумуш бер деп барбайбыз. Элдин көйгөйүн өкмөткө жеткиргенге аракет кылабыз,-деп билдирди жалалабаддык аксакалдардын өкүлү Асанбаев Жолчу

Ошол эле учурда бийлик менен оппозициянын ортосунда калыс болуп беребиз деп жаткан Бакай Кеңешке биригип жаткан аксакалдардын ой-тилеги же түшүнүктөрү ар башка көрүнөт. Маселен, жыйынды уюштурган демилгечилердин бири Абдрасулов Эсенбек "Кыргызстанда аксакалдардын бир гана борборун түзүш керек, ошол борбор өкмөттүн карамагында, уюму өкмөттүн көзөмөлүндө болуш керек", деп сүйлөдү.

Бакай Кеңештин уюштуруу жыйынына өлкөдөгү бардык дубандардан өкүлдөр чакырылыптыр. Алардын арасында орус, уйгур калктарынын карыялары да катышты. Элге-журтка белгилүү инсандардан Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиев, белгилүү ишкер Ташкул Керексизов отурду.

Бийлик өкүлдөрүнөн бир гана Жаштар министри Алиясбек Алымкулов келди. Ал азыркы учурда коом ичинде ынтымак ыдырап, араздашуулар күчөп турган учурда аксакалдардын айткан акылына кулак салыш керектигин белгиледи.

Бакай Кеңешти уюштургандардын дымагы Кыргызстанга сыйчудай эмес. Алар жыйында Прогрессивдүү аксакалдардын Бүткүл дүйнөлүк уюмун уюштуруу чакырыгы менен Бириккен Улуттар Уюмуна, ЕККУга, бардык өлкөлөрдүн ашчыларына кайрылуу кабыл алышты. Бүтүн дүйнөнүн аксакалдарын бириктирүүнү максат кылган алатоолук аксакалдар өздөрү башка элдерге уят болбой, өрнөк көрсөтө алабы, эми кеп ошондо.

XS
SM
MD
LG