Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Аларман чыкпаган Бакиевдердин мүлктөрү


Максим Бакиевге таандык деген коттедждердин бири
Максим Бакиевге таандык деген коттедждердин бири

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын туугандарына тиешелүү, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган 47 объекттин тогузу гана сатылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду имарат-ишканаларды менчиктештирүү үчүн улам-улам аукцион өткөргөнү менен, сатып алууга арыз бергендер жок болууда. Өкмөт бул көрүнүштү коомчулуктагы финансылык каатчылык менен байланыштырса, адистер талаштуу мүлктөрдү сатып алуудан инвесторлор чочулап жатканын белгилешүүдө.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик мүлк фонду Бакиевдерге жана алардын шериктерине таандык деген дагы төрт объектке кардар издеп жаткан чагы. Сатыкка коюлгандар арасында Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөтү айылындагы 1,5 гектар аянты менен курулушу бүтө элек үч кабаттуу конок үйү, Бишкектин жогору жагындагы 12 гектар аймакты ээлеген Максим Бакиевге таандык делген 48 коттедж, ошондой эле “Мегаком” ишканасы бар.

Мамлекеттик мүлк фондунун бөлүм башчысы Бакытбек Мураталиев бул объекттер 5-6-жолу аукционго коюлуп, бирок кардар табылбай жатканын айтты:

- Бишкектин жогору жагындагы 48 коттедж жайгашкан “Идеал Хаус” деген турак жай комплексин биз алтынчы жолу сатыкка чыгарып жатабыз. Жыл өткөн сайын ал курулуш эскирип, кирпичтери да уурдала баштады, эч ким кызыкпай жатат. Ошол эле “Мегакомду” биз кандай гана жарнамалаган жокпуз. Керек болсо англисче которуп, элчиликтерге да жөнөттүк. Бирок, менимче, биринчиден финансылык каатчылык болсо, экинчиден инвестор объекттердин тарыхынан коркуп атат. Эми объекттердин кимдерге таандык болгону бардыгына эле түшүнүктүү да.

Сатыкка коюла турган чоң объекттер али алдыда

Бакиевдерге таандык деп улутташтырылган мүлктөрдүн ичинен 193 млн сомго менчиктештирилген “Азияуниверсалбанк” азырынча эң кымбат сатылган объект болуп саналат. Андан кийин “Петрол групп” ЖЧКсынын 100 пайыз акциясы 170 млн сомго бааланган. Ал эми “Бавария круиз” яхтасы 2 млн сомго ээсин таап, эң арзан сатылган мүлк болуп калды. Акыркы беш жылдан бери Мүлк фонду 300 млн сомго чукул каражатты Бакиевдин мүлктөрүн сатуудан тапкан.

Өкмөт дагы бир катар ири ишканаларды сатыкка чыгаруу алдында турат. Алардын катарында “Нарынгидростройдун” 90 пайыз акциясы, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ААКнын 71 пайызы, “Чакан ГЭСтин” 100 пайызы, “Континент принт” ЖЧКнын 65 пайызы, “Ташкөмүр”, “Каприз” жана башка обьекттер бар.

Мамлекеттик мүлк фондунун бөлүм башчысы Бакытбек Мураталиев “Азаттыкка” буларды кошумчалады:

- Аталган мекемелерди азыр баалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле соттук териштирүү жүрүп жаткан мүлктөр да бар. Алдыда Жогорку Кеңеш чечим чыгарып берсе, калган мүлктөрдү сатып, казынага бир топ каражат түшүрөлү деп жатабыз.

Мүлккө көзүн кызарткандар көппү?

Бакиевдин улутташтырылган ишканаларынын баары сатыкка чыгарылса, жең ичинен соодалашуу күч алышы мүмкүн дейт мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев. Ал 2012-жылы Бишкек арак заводу банкротко кабылды деп, сатыкка коюлганда аны парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жакын адамдары 66 млн сомго алганын белгилейт.

- Алар арак заводду чоң аймагы менен кошо сатып албадыбы. 66 млн сом ал заводдун кире беришине да татыбайт. Жердин өзү эле канча мүлк. Анын бардыгы эсепке кирген жок. Эгерде башка завод, ишканалар сатыкка чыкса, ушул өңдүү көрүнүштөр уланат. Ошондуктан сатуудан мурун мамлекет өзү улутташтырылган объекттерди иштетүүнүн жолун ойлонушу керек.

Экономист Искендер Шаршеев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрүнө мындан кийин да аларман чыгарынан күмөн санайт.

- Алгач Бакиевдин мүлктөрү сатыкка коюлганда көптөгөн инвесторлор сатып алууну каалап жатышкан. Бирок конкурска катыша келгенде сатып алуу оңой эмес экенин түшүнө башташты. Анын үстүнө кызыкчылыктар кагылышынан улам бул объекттерди сатып алууга аракет кылган өзүбүздүн эле адамдар аукционду өткөрбөөгө кызыкдар.

Улутташтырылган мүлктөрдүн айрымдары мамлекеттик мекемелердин балансына өткөрүлүп берилген. Маселен, Спорт агенттиги, Маданият министрлиги, Жалал-Абад администрациясы, Конституциялык сот жана Жалал-Абад прокуратурасы айрым имараттарды колдонуп жүрөт. Ошондой эле Бакиев жана анын жакындарына таандык кымбат баалуу унаалар 2010-жылы эле Президенттин иш башкармалыгына, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана УКМКга берилген.

XS
SM
MD
LG