Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Жаныш Бакиевдин уулдары кармалды


Жаныш Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрели.
Жаныш Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрели.

Мурдагы президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин эки уулу - Нурсултан менен Асылбек Салиевдер кыргыз-казак чегинде кармалганы кабарланууда.

Жаныш Бакиевдин уулдары кечээ кечинде чек арадан Казакстанга өтүп бараткан жеринен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалганын буга чейин соттук иштерде Бакиевдердин таламын талашып келген коомдук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова бүгүн айтып чыкты. Анын айтымында, бүгүн түшкө жуук кармалгандардын бири, 12 жаштагы Нурсултан сыртка чыгарылды. УКМКнын маалымат кызматы азырынча бул кабарды тастыктай элек, бирок четке да каккан жок.

Балдар эмне үчүн кармалды?

Коомдук коргоочу Бүбүайша Арстанбекованын «Азаттыкка» билдиришинче, 12 жаштагы Нурсултан жана студент делген 23 жаштагы Асылбек Салиев 2-сентябрдын түнүндө кыргыз-казак чегиндеги “Ак жол” чек ара бекетинен Казакстанга өтүп бара жатканда кармалды. Алар Улуттук коопсуздук комитетинин имаратына алынып келинип, бүгүн түшкө жуук Жаныш Бакиевдин 12 жаштагы уулу Нурсултан сыртка чыгарылды. Ал эми Асылбек Салиев болсо дале УКМК имаратында кармалууда:

Бүбүайша Арстанбекова
- Бүгүн чыкпай турган болду. Асылбекти мыйзамсыз чек араны кесип өткөн деп күнөөлөп жатышат. Ал мыйзамсыз эмес эле, мыйзамдуу эле басып өтүп жүргөн. Болгону эле жанагы жашы жете элек инисин ээрчитип алганы. Ал инисине болсо, ага кошуп берген ата-энеси жооп берет. Азырынча болгон-койгон күнөөсү ушул болуп жатат.

Бүбүайша Арстанбекова Жаныш Бакиевдин уулдары Казакстанга окууга баратканын, Асылбек Салиев студент экенин, кичүүсү мектепте окуй турганын билдирүүдө. Коргоочу жашы жете элек өспүрүмдүн кармалышы менен мыйзам бузулуп жатканын жар салды.

Балдар атасынын кылган кылмыштарына күбө катары суракка алынууга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде жашы он алтыга жетпесе, анда мугалимдери, жакындарынын көзүнчө сураганга мүмкүнчүлүк берилет...
Бул жагдай боюнча Улуттук коопсуздук комитети азырынча комментарий бере элек. Мекеменин басма сөз катчысы Нурланбек Токталиев расмий маалымат кийинчерээк болушу мүмкүндүгүн билдирди:

- Азырынча эч кандай маалымат жок. Биринчи күнү маалымат пайда болсо, беребиз го.

Асылбек Салиев кезинде гезиттер менен соттошкон

Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев мурдагы бийликтин тушунда бир катар гезиттерди сотко бергени менен атпай журтка таанылган. Маселен, 2008-жылы февраль айында жол кырсыгынан адам өлүмүнө себепкер деп өзү жөнүндө “Алибиге” жана “Де-факто” гезиттерине чыккан макалаларды, адамдык абийирине жана ар-намысына доо кетирди деп эсептеп, аталган гезиттерден 1 миллион сомго чейин айып пул өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган. Кезегинде анын арызын соттор канааттандырып берген.

Коомдук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова Салиевге карата буга чейин эч кандай күнөө тагылып, кылмыш иши козголбогонун, натыйжада ал себепсиз кармалып жатканын билдирүүдө.

Деген менен саясат талдоочу Токтогул Какчекеев Жаныш Бакиевдин уулдарын атасы тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн суракка алууга мүмкүнчүлүк бар экенин ачыктады:

Токтогул Какчекеев
- Балдар атасынын кылган кылмыштарына күбө катары суракка алынууга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде жашы он алтыга жетпесе, анда мугалимдери, жакындарынын көзүнчө сураганга мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми бойго жеткен баласынан күбө катары, атасы кайда экенин, агасы кайда экенин сураганга шарт бар. Бирок булардын үстүнө тигилердин баласы деп иш козгоп, коркутуп-үркүтүүгө жол жок.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Жаныш Бакиев учурда издөөдө жүрөт. Апрель окуясынан кийин ага карата “киши өлтүрүүгө катышкан”, “күч колдонуу менен кызматтык укуктарынан аша чапкан” “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылууда.

Жаныш Бакиев былтыркы 7-апрель окуяларында элге каршы ок атууга буйрук берген деген кептер айтылып жүрөт. Анын жактоочулары бул айыптарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG