Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Сот Курманбек Бакиевди 24 жылга кести


Ош, 15-апрель, 2010-жыл
Ош, 15-апрель, 2010-жыл

Сот мурдагы президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиевди өмүрү өткөнчө эркинен ажыратты.

Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарды.

Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилди.

“Садыркулов ишинин” соңу

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын маалымдашынча, мурдагы президент Курманбек Бакиев Кылмыш кодексинин 304-беренесинин негизинде “кызмат ордунан кыянат пайдаланган” деп табылып, 24 жылга сыртынан кесилди.

- Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, эки эпизод боюнча 12 жылдан кесилди. Жалпысынан алганда 24 жылга соттолду. Мүлкү конфискацияланат, ошондой эле күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөйт.

Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев Кылмыш кодексинин киши өлтүрүү, адам уурдоо жана кыйноо, кылмышка шериктеш болуу, өлгөн адамдын денесин мазактоо беренелери боюнча айыптуу деп табылган. Ага да сот сыртынан өкүм чыгарды.

- Жаныш Бакиев бир нече беренелер менен соттолду. Жыйынтыктап айтканда, ага жаза мөөнөтүн өмүр бою абакта өтөө чечими чыкты. Анын да мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле Кылмыш кодексинин 51-беренесине ылайык, аскердик генерал-лейтенант чининен ажыратылды.

Жогорку Соттон кошумчалагандай, Бакиевдерге карата сот өкүмү 11-февралда чыккан жана ал сот отурумуна Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин адвокаттары да катышкан.

“Табышмактуу окуянын” тарыхы

Өткөн жылдын 26-ноябрында Бакиевдер менен бирге ушул эле кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан 7 адамдын экөө мунапыстын негизинде бошотулуп, калганы 5 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышкан. Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин иши алардан бөлүнүп, өзүнчө соттук өндүрүшкө алынган болчу.

13-март, 2009-жыл
13-март, 2009-жыл
Мурдагы президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-жетекчиси Сергей Слепченконун сөөгү 2009-жылдын 13-мартында күйүп кеткен машиненин ичинен табылган. Аларды сүздү деп эсептелген машиненин айдоочусу Өмүрбек Осмонов тирүү кармалып, айыпкер катары соттолуп, бирок 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин киши колдуу өлгөн.

Кезинде Бакиевдин бийлигин күчтөндүргөн чыгаан саясатчы саналган Медет Садыркулов 2009-жылы январда кызматынан бошотулган. Ошондон кийин Бакиевдерге каршы оппозициялык күчтөрдү топтоого күжүрмөн кирише баштаганда атайылап өлтүрүлгөн деп эсептелүүдө.

Бакиевдер кайда?

Коомдук ишмер, Бакиев бийлигинин оппозиционери жана Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров сот өкүмүнө мындайча баасын берди:

- Эгер бир гана Садыркуловдун иши боюнча айта турган болсок, Жаныш Бакиевге берилген жаза мыйзам ченемдүү өкүм. Ал эми Курманбек Бакиев бул иш боюнча канчалык тиешеси бар экенин сотко катышпагандыктан айталбайм. Бирок мен да бул иш боюнча күбө катары өткөм. Сотто сөз Жаныш менен Садыркуловдун мамилеси жөнүндө болуп жаткан.

Ал эми 2010-жылы апрелде бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев азыр Минскиде баш калкалап жүрөт. Өткөн жылы беларустук активисттер Минскиде жүргөндө түшүрүлгөн делген Жаныш Бакиевдин сүрөтүн интернетте жарыялашкан. Бирок Беларус расмий Бишкектин Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчүнөн бул иш саясий куугунтук деген негизде баш тартып келатат.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев да 2005-жылы бийликтен кулатылгандан бери Москвада жашайт. Ага да кезинде кылмыш иши козголуп, бирок акырына чыкпай калганын Азимбек Бекназаров белгилдеди.

- Апрелден кийин биз алардын кол тийбестигин гана алганга үлгүрдүк. Акаев менен Бакиевдин кол тийбестиги декрет менен алынган болчу. Анан Акаевдин иштерин прокуратура жандандырыш керек эле да. Мисалы, Акаевдин "Кумтөр", эки тонна алтын боюнча кылмыш эпизоду бар эле. Алынган насыяларга байланыштуу да Акаевге тишелүү фактылар бар.

Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин адвокаттары азырынча сот чечимине карата пикир айтуудан баш тартты.

- Мен адегенде чечимди колума алайын. Жогорку инстанцияга арыз жазар-жазбасымды андан кийин айтам.

Ал эми бир тууган Бакиевдер ошол эле кезде апрел соту боюнча да айыпталышууда. Бирок ал иш боюнча учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан, чечим кандай болоору белгисиз.

XS
SM
MD
LG