Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:13

Бүгүнкү күндө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы таланттуу жаштар каражат айынан башка мамлекетке кетүүгө аргасыз.

Кыргыз балетинин чеберчилиги дүйнөлүк деңгээлде. Имараты да айтылуу Москвадагы Чоң театрдан кем калышпайт. Бирок өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагыдай жылдызы жанган бийиктикке көтөрүлө албай келет.

Акыркы жыйырма жыл ичинде театр оор күндөрдү башынан өткөрдү. Кыргыз балетинин чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын уулу Эрмек Бейшеналиевдин балалыгы ушул театрда өткөн экен. Кыргыз балетинин көч башында турган бийчилер Нурдин Түгөловду, Николай Холфинди, Уран Сарбагышевди көрүп чоңойгонун, ал кез балеттин "алтын доору" катары тарыхта калганын айтып отурду:

- 1958-жылы, биздин эле “Чолпон” балетибизди Москвага алып барганда өкмөт көрүп эле, башка эл да мындай сонун нерсени көрүшү керек деп дароо киного тартты. Ошондо 111 мамлекет биздин кинону сатып алган. Мамлекетке да чоң пайда түшкөн.

- Бүгүнкү күндө балетте жаштар өсүп атабы, алардын арасынан жаңы Бүбүсара чыкчудайбы?

- Биздин Чолпонбек Базарбаев атындагы училищаны көп жаштар бүтүп атышат, бирок алар Орусияга, Казакстанга кетип жатышат. Мына быйыл эле бир сезондо алты жаш адис кетип калды. Азыр Казакстандын эле балетинин мыкты бийчилеринин теңи - кыргыз жигиттери.

- Балеттеги кыздардын көбү Кытайга кетишет турбайбы?

- Ошондой болуп атат... Кытайдын балетине кыздар көбүрөөк кетти. Анткени ал жерде бийлегендин көбүрөөгү - кыздар. Кыздарды көп алат. Жакшы төлөйт. Бийлеген сахнасы да, түзгөн шарты да, жасалгалары, костюмдары да мыкты.

Калый Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваториянын хореография жана балетмейстр, режиссура кафедрасынын башчысы Зарылбек Молдобекиров кыргыз балетине астейдил мамиле болбосо, келечекте бул өнөрдү жоготуп алышыбыз мүмкүн деп коңгуроо какты:

- Балет жанры деген бул кыйын жанр, сегиз жыл окуйсуң, жыйырма жыл иштейсиң. Күнүнө сегиз сааттан репетиция кыласың. Мамлекет муну оң жагы менен карабаса, кыргыз балети тап-такыр жок болуп кетиши мүмкүн. Казакстанда Астана – Балет деген жаңы театр ачылды эле, алардын балеттик труппасына биздин мыкты бийлеген кыздарыбыз, балдарыбыздын көбү иштегени кетип калышты, азыр да кетип атышат. Анткени алардын айлыгы бир жарым миң доллар экен. Бизде айлык маянабыз төрт миң сом болгону, алардыкы бир жарым миң доллар болуп атса - айырма бар да?! Башкы себеби ушул. Экинчиден, эми жаштык деген жаштык экен, өзүнүн таланты барлар, күчтүүмүн дегендер дүнүйө жүзүн кыдырам дейт экен. Европанын мамлекеттерине чейин барып, кыргыздын искусствосун көрсөтөм дегендерге биз жок дей албайбыз...

Бир кезде, атактары алыска кеткен - Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева, Уран Сарбагышев, Роберт Уразгельдиев, Чолпонбек Базарбаев, Айсулуу Токомбаева сыяктуу бийчилердин бүтүндөй бир муундары мамлекеттин колдоосу менен бийикте жанган. Бүгүнкү күндө алардын ордун басчулардын аттары өз элибизге да жетпей атканы өкүндүрөт.

- Эгерде ушунчалык маянасы жакшы болуп, көңүл буруп карашса, биздин театрдын даражасы өсөт эле. Орто Азиядагы эң күчтүү театр, эң күчтүү бийчилер бул - биздин кыргыздар. Муну деген бардык жерде белгилешет, казактар дагы таазим этип айтат. Ошон үчүн биздин бийчилер дүйнөлүк масштабдагы, эл аралык конкурс, фестивалдарга чыкканда да баш байгелерди жеңип алып атышат да. Алардын бири менин бүтүрүүчүм - Нурлан Конокбаев деген жигитибиз дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, азыр бийчилердин арасынан эң жакшы чыгып келатат - бийчи, биздин балеттин артисти болуп иштеп атат.

Бүгүнкү кыргыз балети өздөрүн баалап чакырган чет өлкөлөргө, гастролдорго да өз спектаклдери менен чыга албай келатышат. Мыкты фестивалдарга да спектаклдери менен катыша алышпайт. Анткени костюмдары, сахналык жасалгалары да эскирген, жупуну.
XS
SM
MD
LG