Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Жаштар диний экстремизмди талкуулашты


20-январда Бишкекте “Диний экстремизм менен күрөшүү: таттуу токочпу же камчыбы?” деген аталышта дебат өттү. Ага борбор калаадагы окуу жайлардын студенттери, жарандык коом өкүлдөрү, жаштар кыймылдарынын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү күндө диний экстремизмдин күч алуусуна жаштар арасындагы жумушсуздук жана жашоосуна канааттанбаганы негизги себеп болуп жатканын белгилешти.

Мындан тышкары өлкөдө жаштардын үнү угулбаганы, талаптары аткарылбаганы да жаштардын туура эмес багытты көздөөсүнө түрткү болуп жатканы айтылды.

Катышуучулардын белгилөөсү боюнча, бүгүнкү күнү диний экстремизм менен күрөшүү үчүн жаштар арасында сабатсыздыкты жоюу зарыл. (ZKo)

XS
SM
MD
LG