Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Мэрлик кызматка кол шилтеген жетекчи


Экс-мэр Марат Турдубаев
Экс-мэр Марат Турдубаев

Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Марат Турдубаев жергиликтүү кеңештин депутаттары жана облус жетекчилиги менен бирге иштөөгө мүмкүн болбой калганын айтып, отставкага кетти.

Анын айтымында, губернатор баш болуп администрация кызматкерлери той-топур, жол кире сыяктуу өздүк чыгымдарына акча чогултуу менен алек болуп, ал эми шаардык кеңеш жыйынга чогулбай, калаада жасалчу жумуштар токтоп турат. Бирок облус жетекчилиги Турдубаевдин мындай дооматтарына макул эмес.

Мурдагы мэр Марат Турдубаевдин кызматтан кетүүсүнүн бирден-бир себеби облустук жетекчилик менен тил табыша албаганы болгон. Ал акыркы 5 айдын ичинде обладминистрация жетекчилеринин жеке чыгымдары үчүн 90 миң сомдон ашык акча бергенин айтууда.

- "Ынтымак кербени" деп уюштурушкан. Анда 60-70 кишиге тамак бериш керек экен. Ага бизден бери дегенде 30-40 миң сом акча кетти. Андан кийин илгери Сааданбеков деген губернатор болуп кеткен кишинин 75 жылдыгы экен, ага акча бергиле дешти. Анан губернатор Каптагаев өзү район, шаарлардын өкүлдөрүн чакырып, ынтымак тамагын берет элем деп ага акча дешти. Аягында андай акчаны мен кайдан алышым керек деп ачык эле айттым. Андай акчаны кайдан алаарымды кагаз түрүндө жазып бергилечи десем, "биз билбейбиз, ал силердин ишиңер" дейт.

Балыкчы шаарынын мэриясы
Балыкчы шаарынын мэриясы

Мэр бул үчүн казынанын каражатына тийбегенин белгиледи. Жарымынан көбүн шаардык кеңештин депутаты, жеке ишкер Сагын Кудайбергенов көтөрүп, калганын өз чөнтөгүнөн чыгарган. Мындан сырткары, 60-70 миң сом Балыкчыдан Караколго каттаганы үчүн кетиптир. Облустук администрацияга мэр болуп турган 5 ай ичинде 33 жолу чакыртышкан.

- 15 жолу мен өзүм барып келдим. Калганына вице-мэрлерди, ар кайсы бөлүмдүн адистерин жиберип жаттым. Эми 33 жолу Балыкчыдан Караколго барып келүүнү эсептеп көрсөм бери дегенде эле 60-70 миң сом кетет экен. Убакытты айтпай эле коеюн. Азыр эми интернет доорунда жашап жатабыз, видео-конференция деген бар. Ушинтип сүйлөшүп эле маселени чечип койсо болот да,- дейт Марат Турдубаев.

Андыктан өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү район, шаарларга колдоо көрсөтпөстөн, ишти артка тартып жатат деп нааразы.

Бирок облус жетекчилиги Балыкчынын мурдагы мэри коюп жаткан дооматтарды четке кагууда. Өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Марат Турдубаевдин кызматтан кетүүсүн башка себептерге байланыштырды. Ал эми башка арыздар кагаз жүзүндө берилсе администрация жооп берерин айтты.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

- Андай эч нерсе жок. Ошол билдирүүсүн кагаз жүзүндө берсе, анан комментарий берейин. Андай эч нерсе айтпай эле өзү иштей албай, проблемаларын, ден соолугун айтып эле кеткен. Болбосо анын айтканын бизге угузгула, анан биз комментарий берели.

Балыкчы шаардык кеңешинин төрага орун басары Марат Акатов мурдагы мэр облус жетекчиси менен кайым айтышып, туура эмес кылды деген ойдо. Анын белгилешинче, администрациянын майда-чүйдө чыгымдарын мурдагы калаа башчылары деле көтөрүп келишкен.

- Мурдагы мэрлер деле ошентип бензин куйдурабы, конок тособу же бир белгилүү даталарда барып, кошумчасын береби, кылып эле келишкен да. Бирок аны айта бербей, облус жетекчилиги, өйдө жактагы министрликтер, өкмөт менен тил табышып, иш жүргүзүшү керек да. Бул болсо берген ар бир сомун санап бериптир, бул кичине туура эмес болуп калды да.

Марат Турдубаев калаа башчы кезинде шаардык кенештин депутаттары менен да иштөө кыйын болгонун айтууда. Үч айда төрт жолу сессия чакыртылып, бирок депутаттарды чогултууга мүмкүн болгон эмес. Ал Балыкчы шаардык кеңешиндеги азыркы абалды мындайча сүрөттөдү:

- 31 депутат беш-алтыдан болуп бөлүнүп алышкан. Биринчи сессияда 6 депутат, экинчисинде 10, андан кийин 15 депутат болуп, такыр эле кворум чогулта албай койдук. Анын үстүнө Айдарбек Смадияров деген төрагабыз бар. Ал депутаттарды сессияга чогулткандан коркот экен. Депутаттар чогулса эле ага “сенин облустагы өнүктүрүү фондунда жездең бар, ал Балыкчы шаарына эмне жакшылык кылып койду эле, аны да кетириш керек, сен да кет төрагалыктан” деп эле ызы-чуу боло беришет экен. Азыркы мыйзамдарга ылайык, шаарда жасалчу ар бир жумушка шаардык кеңештин депутаттарынын макулдугун алуу шарт, же алар жыйынга чогулбайт, айрым маселелерде биздин сунуштарды өткөрбөй коюп, беш айдан бери чарба-каржы жаатында эч бир жумуш аткарууга мүмкүн болгон жок.

Жаңы жылдан бери шаар жетекчилиги калаада сейил бак-пляж зонасын түзүү, эмерек, тигүү, жыгач усталык цехтерди ачуу долбоорлорун сунуштап, бирок депутаттардын макулдугу жок ушул убакка чейин долбоорлордун бири да ишке аша элек экен.

Мурдагы мэр азыркы жергиликтүү башкарууга таандык мыйзамдар калаа башчысынын укуктарын чектеп жатканын кошумчалады. Бирок Балыкчы шаардык кенешинин төрага орун басары Марат Акатов депутаттардын жыйынга келбей калуусун ооруп калуу, окуу, же кээде башка жакта болуп калып жатышкандыгы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG