Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Балыкчы: жарылган граната, табылган курал-жарак


Граната жарылып кеткен үй
Граната жарылып кеткен үй

Балыкчы шаарындагы гранаталар катылган үйдөн башка да курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

12-июнда Балыкчы шаарынын Кызыл-Омпол көчөсүндө жайгашкан үйдө граната жарылып, 13 жаштагы бала жан берген.

Маалыматтарга караганда, жарылуу болгон үйдө эки граната болгон. Аны үйдүн 17 жаштагы тургуну мындан эки жыл мурун досунун үйүндө ойноп жатып жер төлөсүнөн таап алган. Гранаталарды үйүнө алып келип, сарайдагы орок-балта салган көөрүккө катып койгон.

Айтылган маалыматтар боюнча, укук коргоо органдары аталган үйдү да тинтүүгө алышты. Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча үй ээсинин күйөө баласы мурда Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп, азыр болсо Орусияда иштеп жүргөнү айтылууда. Укук коргоо органдарында курал-жарактарды ошол алып келгенби деген суроону иликтөө милдети турат.

Жарылган гранатанын чоо-жайы

Жарылуу болгон үйдүн ээси Нүргүл Дүйшембиева азыр Балыкчы шаарындагы борбордук ооруканада жатат. Анын колуна гранатанын сыныктары тийип, көп кан кеткен экен.

- Граната жарылган учурда мен төркү бөлмөдө жүргөм. Тырс эткен эле бир нерсенин үнүн угуп калдым, сырткы үйдүн эшигине келсем граната мештин жанында жатыптыр. Ошол учурда жарылып кетти. Мен кайра арткы бөлмөгө кире качтым, эки бала болсо сырткы үйдө чай ичип отурушкан. Сабын байкабай ачып алышкан окшойт, анан меш жакка ыргытышыптыр да.

Граната жарылган бөлмө
Граната жарылган бөлмө

Ошол күнү Нүргүл Дүйшембиеванын үйүнө конокко келген эжесинин 7-класста окуган баласы жарылуу болгон жерде каза болду. Ал эми 14 жаштагы өзүнүн баласы азыр реанимация бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу, бирок оор. Гранатанын сыныктары башына кирип кеткен экен. Нүргүл Дүйшембиева жарылуучу заттарды үйүнөн мурун эле көргөнүн, бирок жарылып кетет деген нерсе такыр оюна келбегенин айтат.

- Негизи оюнчуктай эле болчу. Аны биз граната деп ойлогон эмеспиз. Чоң балам алып келгенде “апа, бул оюнчук” деп алып келген да. Этибар деле алган эмесмин, бир-эки жолу жоготчу деп айткам. Андан бери эки-үч жыл өттү.

3 жыл мурун “РГ-5” үлгүсүндөгү эки гранатаны Нүргүл эженин улуу баласы Замир Асейинов досунун үйүнөн алып келген. 2012-жылы ал 6-класста окучу. Анын айтымында, досунүн үйүндөгү жер төлөгө экөө китеп издеп киришкен.

- Сабактан келатып анын үйүнө китеп карайлы деп кирип калганбыз. Мен өзүм комикс китептерди жакшы көрчүмүн, ошондой издеп жүргөм. Китептерди аңтарып атып ары жактан эки гранатаны таап алгам. Үйгө алып келип коюп койгом. Гранаталарды алып атканымды досум көргөн эмес, аны апасы чакырып калып чыгып кеткен.

Гранаталар ушул баштыкта салынып турчу
Гранаталар ушул баштыкта салынып турчу

Замир алып келген гранаталар темир-тезек салган баштыктын ичинде үч жыл турган. Ошол жума күнү үй акташып, оокаттарды чыгарып кайра киргизгенде баштыктын оозу ачылып, жарылуучу заттар көрүнүп калган экен. Гранаталар жарылган учурда өзү көчөдө жүрүптүр.

Замир Асейиновдун аталаш тууганы Тилек Керимкожоевдин айтымында, коңшулары жер төлөгө автоунаанын, велосипеддин тетиктерин, эскирип калган буюм-тайымдарын сакташчу экен. Алар граната үйүнө кайдан келгенин билбестигин айтышып, “биздин үйдөн табылган гранаталар эмес” деп көрсөтмө берип жатышыптыр.

"Башка да куралдар чыкты"

Укук коргоо органдары граната жарылган үйдүн тургуну, 17 жаштагы Замир Асейиновдун айтуусу боюнча, анын досунун үйүн да тинтүүгө алышкан. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, үйдүн ээсинин күйөө баласы мурда Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөнүн, азыр болсо Орусияда иштеп жүргөнүн кабарлады.

- Ошол жарылуучу зат катылган коңшуларынын туугандары мурда аскер бөлүктө иштегени аныкталды. Тинтүү жүргүзгөндө дагы башка курал-жарактар табылган. Бирок эмне куралдар экени тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу айтылбайт. Бул боюнча териштирүү дагы да уланып жатат, - деди облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Буга чейин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы бул эки граната алардын курал-жарактарынын тизмесинде жок экенин расмий кабарлаган. Учурда жардыруучу заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Кыргызстанда жардыруучу заттын айынан балдардын өмүр менен кош айтышкан учуру буга чейин да катталган. 2014-жылы Баткен облусунун Зардалы айылында белгисиз заттын жарылуусунан 5-8 жаштагы 2 бала каза болуп, төртөө ооруканага жеткирилген. Балдардын бирөө ооруканага келаткан жолдо үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG