Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Калилов: Учактагы жүк түркиялыктардыкы болгон


Бишкектин четинде кулаган учактагы жүк түркиялыктарга таандык экенин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Аны министр бүгүн өкмөттө өткөн маалымат жыйынында “Манас” аэропортунун жетекчилигине таянып ырастады.

Вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев териштирүү иштери бүтмөйүнчө жүк тууралуу эч кандай маалымат берилбестигин маалымдады.

Мурда учактын бортунда 85 тонннадан ашуун жүк болгону, анын Гонконгдон Стамбулга баратканы, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн конуп жатканы кабарланган.

Бирок ACT Airlines компаниясы учак Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык. Анын өкүлү бүгүн Бишкекке келгени кабарланды. Ал эми учактагы жүктөр камсыздандырылганы өкмөттүк жыйында маалымдалды. Маселенин чоо-жайын аныктоо үчүн ушул эле күнү парламентте депутаттык комиссия түзүлдү.

Маалыматтарга караганда, буга чейин аталган компаниянын учактары Бишкекке 52 жолу жүк ташыган.

38 өмүр кыйылган авиакырсыкты эл аралык комиссия да иликтөөгө киришти. (SE)

XS
SM
MD
LG