Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Бангладешке кеткендердин үчөө кайтып келди


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана бул макаладагы каармандарга эч кандай тиешеси жок.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана бул макаладагы каармандарга эч кандай тиешеси жок.

Нарындын Жумгал районунан Бангладешке диний окуу жайларга кеткен өспүрүмдөрдүн алды кайтып келди.

Ушул жылы 14-июнда УКМК Нарындан 10-15 жаштагы өспүрүмдөрдү алып кеткен фактылар текшерилип жатканын билдирген.

Жумгал районунун билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Бангладешке бул жерден 9 окуучу кеткен.

Балдары Бангладешке кеткен ата-энелердин көпчүлүгү бул окуя боюнча кабарчыларга сүйлөп бергиси келбейт.

Бангладешке 2011-жылдын январь айларында кетип, бул жактагы териштирүүнүн натыйжасында кайтып келүүгө аргасыз болгон Арген Руслан уулун жакындары менен сүйлөшүп жатып көндүрдүк. Аргенди Бангладешке ал жакта 6 жылдан бери билим алып жаткан аталаш агасы Саидахмад алып кеткенин айтып берди:

- Мен 7 жашымдан эле намаз окуйм. Мектепте окуп жүргөндө бул жактан көп балдар кетти. Мен да кызыктым. Анан байкем келди, аты Саидахмад, "мен баргым келип жатат, кантип барам" десем, "сен даярданып тур, мен алып кетем" деди. Виза, паспортумду бүтүрүп, алып кетти.

Чаек айылындагы мечит
Чаек айылындагы мечит
Ошондо Арген менен Бишкектен дагы бир бала кошо кеткен экен. Аларды Бангладешке бейтааныш адамдар жеткиришкен. Жол киресин гана төлөп, ал эми 12 жылдык окуу акысыз болмок. Ал жерде диний гана окуу жүргүзүлүп, эч кандай мектеп программасындагы окуу болгон эмес:

- Бангладешке барганда паспортубузду жазып алды, анан медресеге кирип окудук. Эч кыйналган жокпуз, акча төлөгөн жокпуз, болгону жол киреге кетти. Устаттар баарын камсыздачу, ар кайсы улутка өзүнчө тилде баян окуйт. Ал жерде кыргыздардан жалпы 50дөй балдар бар. Болгону ал жерден куран эле окуйбуз жана тил үйрөнөбүз. Эми ал жакты бүтүп келсек, үйрөнгөнүбүздү айтып, динден сабак алам дегендерге жардам бермекпиз.

Учурда Арген 16 жашта, Чаек айылындагы кесиптик окуу жайда билим алууда. "Бангладештен келүүгө аргасыз болдук, шарт болсо кайра кетүүгө макулмун" дейт:

- Мен окуп жүрдүм, анан бул жактан чалышты, "сени террористке даярдайт турбайбы" дешип. Андай эмес экенин айттым. Анан байкем "тиги жакта ызы-чуу болуп, ата-энең арыз бериптир, силерди Казакстандан узаткандарды камап атыптыр, силер кайтып барышыңар керек" деди. Биз келбей коймокпуз. Келгенибиздин себеби динге жана медреседе окуган башка балдарга залакасы тийбесин дедик. Биз кайтканда Нарындан СНБдан келди, аларга айтып бердик. Анан гезитке чейин чыгып, бизди канча эл шылдыңдады, "террорист келди" деп кээ бирөө жаныбызга жологондон коркот.

Курман айт, 26-октябрь, 2012-жыл
Курман айт, 26-октябрь, 2012-жыл
Таенеси Зейнеп Абакирова да небересинин чет жерден экстремисттик билим алды дегенине ишенбейт, "баланы жөн жерден алып келишти" деп эсептейт:

- Элдин баарына жайылды, ызы-чуу түшүп, айрыкча Нарын облусу каршы турду. Тиги жакка кайра-кайра кагаз жиберип атып, жакшынакай окуп жаткан баланы алдырып келишти. Бала келгенде биз деле "ал жактан эмнени окутат экен" деп сурадык. Балам эч жаман нерсе окубай турганын, болгону динден кабар алаарын айтты. Өзү каалап кетип жаткан баланы жөн коюшпады. Азыр келгенден кийин деле мечитти таштаган жок.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кеткен 9 баланын үчөө кайтып келсе, учурда бирөө гана кесиптик окуу жайда окуп, калган экөө эч жерде окубай калышты. Бөлүмдүн башкы адиси Зулкайыр Жаманкулов:

- Тогуз окуучунун ичинен үчөө кайтып келди. Молдокев орто мектебинен Майрамбек уулу Улан 6-класстын окуучусу. Турсунбаева мектебинен, ал азыр Орусияда деп угуп жатабыз, маалымат толук жете элек. Анан дагы бир окуучубуз Руслан уулу Арген азыр кесиптик окуу жайда билим алат. Биз эми кабыл алууга даярбыз, бирок 45 күн окуу калтырган окуучу ошол классты кайра окуш керек, бирок алар макул болбой, окубай жүрүшөт.

Чаек айылындагы мечит
Чаек айылындагы мечит
Учурда бул фактыларды Жумгал райондук прокуратурасы териштирүүдө. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын аталган комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токталиев билдирди:

- Бул факт боюнча материалдар Жумгал райондук прокуратурасына тапшырылган. Биз болсо ошол балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар өспүрүм болгондуктан ата-энелери менен иш жүргүзүш керек.

Жумгал районунан Бангладешке диний окууга Байзак айылынын Асылбек Молдокеeв атындагы мектептен 5 окуучу, Чаек айылынын Мидин Алыбаев атындагы мектептен бир жана Таттыбүбү Турсунбаева мектебинен үч окуучу кеткен эле. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Бангладеш ортосунда билим берүү кызматташтыгы тууралуу макулдашуу жок.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG