Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Баткендин өрүгүн билбеген киши аз чыгар. Кезинде Сибирден бери бул жердин өрүгүн алдырып жешчү. Баткен өрүгүн тамактан башка дарылык касиетин айтып жүрүшөт.



Кадамжайлык Диларам Тажиматова өрүк багынын саясында отуруп, жарым метрлик ичке жипке кургак өрүк менен анын данегин кезектештире, эч эринбестен тизип жатты.

- Ушинтип өрүктөн аштек тизип, базарга алып чыгып сатат элек. Союз тарагандан бери эми минтип тизгендер сейрек. Мына, ушинтип шурудай тизилет.

Баткендиктер муну азыр анчейин жасабай калышыптыр. Бирок өрүктөн башка бир топ азык даярдашат.

Компот, кыямды бардык эле жерде жасашат. Бирок өрүк курут бир гана Баткенде бар дешет жергиликтүүлөр.

- Бул - өрүк курут. Өрүктү эт туурагычтан чыгарып, анан сүзмө менен аралаштырабыз. Анан мыжыгып, казанга салып кайнатабыз. Анан банкеге куябыз же куруттай тоголоктоп коебуз.

Булардан тышкары өзүнчө бөлмөдө сөөгүнөн бөлүнүп, кургатылган өрүктөр додо болуп турат. Үстү жабылган. Аны жасоо машакаты өзүнчө баян.

- Бул - кургак өрүк. Муну жасоо оор. Терип, анан дымга салабыз. Бизде дымдайт деп койот, ыштайбыз башкача айтканда. Анан күнгө коюп кичине кургагандан кийин бирден алып сыгабыз. Сөөгүнөн ажыраткандан кийин кайра күнгө жаябыз. Анан кургагандан кийин салкында дагы кургатабыз.

Баткендиктер меймандос келишет. Аш, тойдобу, же жөн гана конок келип калгандабы, айтор дасторкондогу дүйүмдөрдү өрүк сөзсүз көркүнө чыгарат. Маселен тоолуу Нарында күргүштөтө мал айдашса, Баткенде мал кармагандар сейрек. Бирок болбоду дегенде ар бир үйдүн короосунда үч түп өрүк бар.

- Өрүк биздин наныбыз. Үйдөгү бар дараметибиз. Жолчу, свирек, кашек, кандек, абрикос деген өрүктөр өсөт. Бул албаган жылдары баарыбыз Орусияга жөнөчүбүз. Эми кудайга шүгүр, быйыл жакшы. Ушул өрүктү сатып кышы менен той-топур, бешик бермей-алмай сыяктууларды өткөрөбүз.

Быйыл орточо эсепте 800 килограмм өрүк жыйнадым. Эми балдарым келсе, буйруса, бешик алам.

Кадамжайдагы Гүлдүрөмө айылынын башчысы Макканбай Акматов өрүк ушул айылда эң мыкты болорун, анткени мында ал үчүн бардык шарттар бар экенин айтат. Адам үчүн өрүктүн негизги пайдасын эсептеп берди.

- Жакшы болгон жылдары орто эсепте 2-3 миң долларга чейин сатылат. Элдердин тиричилигинин 80 пайызын өрүк камсыздайт. Анан мунун дарылык касиети күчтүү. Мында калий бар. Ал жүрөккө дары. Дарыгерлердин айтымында, адам бир күндө үчтөн өрүк жеш керек. Мисалы, илгери ачарчылыкта деле адамдар өрүк жеп аман калышкан.

Учурда Баткендин өрүктөрүн Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусияга экспорттошот экен. Жергиликтүүлөр аймакта өрүктү кайра иштетүүчү ишкана жоктугуна кейишет. Анткени тергенин кайра иштетсе, элеттиктердин капчыгы дагы көбүрөөк кампаярын баары билишет.

Бирок эң негизгиси – дарагы мөмө байласа болгону. Анткени жазгы шамал өрүк гүлүн күүп салса эле өрүккө таянган баткендиктер көз ирмемде жылдык кирешесинен кол жууп калары шексиз.
  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG