Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Баткендиктер бир жылда орто эсеп менен өрүк сатып, 3 миллиард сомго чейин пайда табышат.

Ушу тапта аймактагы ар бир үй-бүлө таң аткандан түнгө чейин өрүк терип, баргек даярдоо менен алектенүүдө. Бирок мынчалык түйшүктүн акыбетин кайтарууда өрүккө болгон баа арзан, жеринде кайра иштетүүчү мекемелерди ачып, тышкы базарларга сатууну жолго коюу керек дешет жергиликтүүлөр.

7-класста окуган Акжол кол арага жарап калган жигит катары өрүктү кагып, аны алтын күкүрт менен дарылоо иштерин колго алган. Ал эми калган ини-карындаштары өрүктү терип, баргек жасоого кол кабыш кылышат.

- Азыр жеңеме жардам берип жатам. Кийин окуу башталганда кийим сатып беришет. Өрүктү мен шыйгырлап (таяк менен сабап) башынан үзүп берем, калгандар болсо теришет. Мен алтын күкүрт менен дарылайм, аны жаш балдар жасай албайт, зыян. Кечинде ыска коюп, таң эрте алабыз, антпесе ширеси кетип калат. Анан дайнегин чыгарып, баргек жасайбыз. 100 түп өрүк бар. Инилерим менен 5 кишибиз, 20 күндө жыйнап алабыз.

Аймактагы ар бир эле үй-бүлөдө өрүк жыйноо сезонунда таң эрте туруп, кеч жатмай. Облус боюнча аба ырайы жакшы келген жылдары 20 миң тоннага чейин кургатылган өрүк өндүрүп, мындан тышкары 4 миң тоннадай ашкана түрүн алышат. Жалпы киреше орточо эсепте 3 миллиард сомду чапчыйт.

Киреше жакшы болгону менен түйшүгү да арбын. Ар бир өрүктүн даанасын жок эле дегенде 4 жолудан колдон өткөрүүгө туура келет. Аймактагы жалпысынан 7,5 миң гектардай өрүк бактарынан алынган кирешени мындан да көбөйтсө болот.

“Болгону базар баасын калыбына келтирүү үчүн кайра иштетүүчү мекемелерди уюштуруп, чет өлкө базарларына сатууну колго алыш керек” дейт өрүк жыйнап жүргөн Имарали мырза.

- Өрүктү кургатып алабыз. Бирок баасын келиштирип сатуу көйгөй. Тажикстандын атуулдары үйүбүзгө чейин келип арзан баада алып кетишет. Муну токтотуп, жогору баада өзүбүз сатуу үчүн бир чыгаан чыгып, бир мекеме уюштуруш керек. Биз өз өрүгүбүздү арзан сатып, кайра кошуналардан анын иштетилип даярдалганын бир топ кымбатка сатып алуудабыз. Менде 20 түп өрүгүм бар, андан орточо 20 миң сомдой киреше алам, кирешени 40-50 миң сомго жеткирсе болот.

Жергиликтүү ишкерлер менен бийлик өкүлдөрү аймактан өндүрүлгөн өрүктү жеринде арзан баада соодаланбай мээнетти актоо үчүн кирешени арбытууга аракет жасап эле келет, бирок майнап чыкпай турат. Ал үчүн керектөөчүлөр чет өлкөлөргө жарнамалар менен соода базарларын ээлөө зарыл.

Баткен атагы алыска жеткен килемдери менен да белгилүү
Облустук акимчиликтин алдындагы тышкы экономикалык байланыштар жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн адиси Максатбек Баймурзаев бул багытта бир топ эле бизнес долбоорлор даярдалып, чет өлкөлүк ири ишкерлер үчүн сунушталып жатканын айтат.

-Чын эле Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ишкана жок. Биз бул багытта бир топ бизнес долбоорлорду даярдап, бир топ мамлекеттерге, ири ишкерлерге сунуштаганбыз. Кызыккандар да болот. Эми бул багытта аракет токтоп калган жок. Жакшы өнөктөш тапсак бул багытты жөнгө салабыз деп аракеттенип жатабыз.

Бул багыттагы сооданы калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү денгээлдеги аракеттерден майнап чыкпачудай. Анткени өрүк соодасын чоңойтуп, жок эле дегенде Орусиянын базарларын камсыздоо үчүн аракеттер бир топ жылдан бери жыйынтыгын бере элек. Дагы деле жеке соодагерлер өз жолу менен мүшөктөп ташып, кардаларын камсыздап келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG