Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

​Үстүбүздөгү жылдын 11-январындагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу жаңжалынан бери жабык турган чек ара бекеттер толугу менен ачылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Учурда Тажикстан менен чектешкен чек ара бекеттеринде жөө каттоого толук уруксат берилип, автоунаа эки тараптык келишим боюнча өткөрүлүп жатат.

Кечээ, 31-мартта Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Транспорт министрликтери Баткен-Исфара чек ара аймагындагы жолдун курулушу боюнча маселени талкуулашкан. Тажикстандын транспорт министринин орун басары Шамсмухаммад Назриев “Азаттыктын” тажик редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүгө Кыргызстандын транспорт министри Калыкбек Султанов жана тажик министри Хайрулло Асоев жетектеген делегациялар катышып жатканын кабарлаган.

Сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстан жана Тажикстан эки көпүрө жана даңгыр жол курууну макулдашып, келишимге кол коюшкан.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргыз-тажик чек арасы.

Эки тараптын маалымдашынча, келишимде каралаган көпүрөлөр Гулякандоз каналына жана Козубаглан (Кожобакырган) дарыясына салынып, жаңы түшчү даңгыр жол аларды туташтырат. "Жарандардын жана транспорт каражаттарынын токтоосуз өтүшүнө өбөлгө түзчү жаңы келишим эки өлкө арасындагы маселелерди үргүлжүң карачу кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын ишинин натыйжасы" деп айтылат билдирүүдө.

31-мартта тажик тараптын өтүнүчү менен Алай районундагы “Карамык”, “Бордөбө” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери толугу менен ачылган. Ал эми Баткен облус аймагындагы “Кулунду”, “Кайрагач” чек ара өткөрмө бекеттеринде чек аралаш аймактардын атуулдары үчүн жөө каттамга уруксат берилген болчу.
Кыргыз тарап бул чечим Тажикстандын өтүнүчүнөн кийин кабыл алынганын айткан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевдин кыргыз-тажик чек арасын толугу менен ачуу боюнча тажик тарап демилге көтөрүп, сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатканын билдирген:

-“Карамык”, “Бордөбө” бекеттери иштеп жатат. “Кулунду”, “Кайрагач” чек ара бекеттеринен жөө адамдар гана өтүүдө. Азырынча бул бекеттерден автоунаалардын өтүүсүнө уруксат бериле элек. Ал эми “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети жабык турат. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда. Анын жыйынтыгына жараша дагы чек аралар кандай тартипте иштери аныкталат.

Ак-Сай айылындагы жол.

Ак-Сай айылындагы жол.

Ушул жылдын 11-январында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Эки тараптан 8 киши жарадар болуп, тажик чек арачылары миномет колдонгон. Расмий Бишкек буга жооп иретинде чек араны бир тараптуу жаап, Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган.

Бул окуядан кийин жергиликтүү эл чек арадагы кыргыз-тажик мамилеси жөнгө салынып, талаш жараткан аймактардын маселеси чечилмейинче чек араны ачпоо талабын коюшкан. Кээ бир аймактарда жай тургундар чек араны көзөмөлдөөнү да колго алышкан эле. Лейлек районунун акиминин орун басары Жамалидин Эшанкуловдун айтымында, тажик тарап Кулунду-Максат көпүрөсүн курууга макул болгону тууралуу кабар тараган. Ушундан кийин эл чек араны ачууга түшүнүү менен мамиле кылган:

- Биздин район аймагында эки чек ара өткөөл бекети жөө каттам үчүн ачылды. Азыр эки тарапта ар кандай туугандык байланышы, зарыл жумушу бар кишилер каттап жатышат. Эл нааразы болгон жок. Анткени тажик тарап Кулунду-Максат көпүрөсүнүн курулушуна макулдук бергени маалымдалды.
11-январда минометтун огу тийген трансформатор.

11-январда минометтун огу тийген трансформатор.

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Кызыл-Бел айылындагы жүк көп өтөт деп айтылып жүргөн өткөрмө бекет азырынча жабык турат. Кээ бир маселелерди кошуна өлкө менен чечмейинче чек арадагы каттамдын жанданышына каршы болгондор да жок эмес. Алар Тажикстан менен талаш жараткан Көк-Таш-Ак-Сай жолун курууну убакыт өткөрбөй чечүү зарылдыгын белгилешет. Чек арага жакын айылдардын биринин Бактыбек аттуу тургуну жол маселесин чечпей туруп чек аранын ачылышын туура эмес деп эсептейт:

- Азыр биздин аймакта чек ара бекеттери ачыла элек. Эл да ачканга каршы болуп жаткан. Эми кандай болорун айтуу кыйын.

Баткен облусу Тажикстан менен 600 чакырымдан ашыгыраак чектешип турса, анын 400 чакырымдайы али такталбай, шарттуу чек ара боюнча турат. Көпчүлүк учурда эки тараптуу жаңжалдар ушул такталбаган чек аранын айынан, аралашып отурукташып калган тургундардын турмуштук пикир келишпестиктеринен улам чыгып келет. Акыркы учурда мындай жаңжалдар тез-тез катталууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG